Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 19-марты № XXIII -5
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-мартындагы “Ноокат районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал режимин” киргизүү боюнча № 62-б буйругун аткарууга алуу жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-мартындагы “Ноокат районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал режимин” киргизүү боюнча № 62-б буйругун аткарууга алып, Найман айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-мартындагы “Ноокат районунун аймагында “Өзгөчө кырдаал режимин” киргизүү боюнча № 62-б буйругу аткарууга алынсын.
2.2020-жылдын 20-мартынан баштап “Өзгөчө кырдаал режими” киргизилсин.
3. Найман айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдык акчадан ажыратылган 100 ,0 (бир жүз миң) миң сом акча каражаты “Өзгөчө кырдаал режим” мезгилинде керектелүүчү финансы жана башка уюштуруучу иштерине иштетилсин.
4.Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөт башчысына жана Найман айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Мадимаровага милдеттендирилсин.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |