КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2024-жылдын 13–майы № 30/5
“Кулунду айыл аймагындагы кээ бир айылдардын атын кайрадан атап, өзгөртүү жөнүндө
Кулунду айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 06-майындагы №01-20/245 чыгыш катынын негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап,
- Кулунду айыл аймагына караштуу мурдакы Ленин айылынын аты “И. Раззаков” айылы жана Коммунизм айылынын аты “Ак-Арык” айылы болуп өзгөртүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун негизинде мамлекеттик реестрге киргизилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, коомдук тартип жана граждандык укукту коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төраганын у.м.а Т. Ы. Абдибапов