Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 19-марты № XXIII -6
Найман айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-декабрындагы № 21-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында таркалып жаткан “COVID-19” илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу, Найман айыл өкмөтүнө керектелүүчү финансы жана башка уюштуруучу иштерине керектөөлөр жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна таянып, Найман айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык кеңештин 2019-жылдын 24-декабрындагы кезектеги 21-сессиясынын №21-1 токтомундагы майрамдык иш-чараларга каралган акча каражатын короновирус оорусунун жайылуусуна бөгөт коюу жана алдын алуу үчүн берилсин.
2. Акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Найман айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |