Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2024-жылдын 13–майы №30/6
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жана кээ бир статьяларын жылдыруу жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүн башчысы И. Алимбаевдин билдирүүсүн угуп, №30/1-протоколунун чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагындагы “Муниципалдык базарды жаңыдан куруу” долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган 5 000 000 (беш миллион) сомдун ичинен 2 000 000 (эки миллион) сому бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.
2. Кулунду айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кулунду айыл аймагынын таштанды таштоочу жайын тосуу үчүн 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Кулунду айыл аймагындагы Яма-Беккарини капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынан 266830 (эки жүз алтымыш алты миң сегиз жүз отуз) сом бөлүнүп берилсин.
4. Ак-Арык айлынын чайканасынын оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн 750 000 сом акчанын ичинен Ак-Арык айылынын П.Токтобаев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы көпүрөнү оңдоо үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сому бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.
5. Кулунду айыл аймагынын таштанды таштоочу жайына, мал уурулук жана укук бузуулардын алуу максатында видео көзөмөл орнотууга 300 000 (үч жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзуна мүчөлүк акыга 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты 22154900 статьясынан кемитип, 26211300 статьясына которуп, атайын каражаттар эсебинен кошуп берилсин.
7. Кулунду айыл өкмөтүнүн үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен кошумча 24970 (жыйырма төрт миң тогуз жүз жетимиш) сомго И. Раззаков айылына 2 (эки) даана жана Кулунду айылына 2 (эки) даана жалпы 4 (төрт) асбестоцемент түтүгү алынып берилсин.
Төраганын у.м.а. Т. Ы. Абдибапов