Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2020-жылдын 14-октябры № XXV -4
«Бузуулар жөнүндөгү» кодекстин негизинде айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссия курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин эске алуу менен “Бузуулар жөнүндөгү” кодексине ылайык жооптуу катчы декреттик өргүүдө болгондуктан, комиссия курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Найман айыл өкмөтүндө түзүлгөн бузуулар боюнча комиссия курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
1.Каарова Гүлзара Илиязовна – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрайымы.
2. Балтабаева Назик Жаңыбаевна – айыл өкмөттүн социалдык иштер боюнча башкы адиси,комиссиянын катчысы.
МҮЧӨЛӨРҮ:
3. Балтабаев Айдарали Пазилович – айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы
4. Кудайбердиев Марс Турдалиевич - айылдык кеңештин депутаты.
5. Насиров Садир – аксакалдар сотунун төрагасы.
2. Түзүлгөн комиссия курамы мыйзам чегинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,этика,соода,транспорт жана байланыш,курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |