Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2020-жылдын 14-октябры № XXV -5
Найман айыл өкмөтүнө караштуу Улуу Тоо айылына кичи тигүүчү цех куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнө караштуу Улуу Тоо айылына KOICA Корея Эл аралык Агенттигинин колдоосу менен кичи тигүүчү цех куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Найман айыл өкмөтүнүн Улуу Тоо айылынын инфраструктурасын жакшыртуу жана жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу максатында, KOICA долбоорунун жардамы менен кичи цех куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын ажыратып,тиешелүү документтерин даярдоо жана башка керектүү документтерин даярдоо жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |