Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2020-жылдын 14-октябры № XXV -6
Найман айыл өкмөтүнүн Найман жана Улуу Тоо айылдарына 3 сааттык бала бакча ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы № 03-1/4068 маалымат катынын негизинде жана Найман, Улуу Тоо айылдарынын жашоочуларынын жазган кайрылуулары менен таанышып жана талкуулап, Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Найман жана Улуу Тоо айылындагы муниципиалдык менчиктеги имаратынан «3-5 жаш курактагы балдарга бала бакча (3 сааттык) ачууга» муниципалдык имарат ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Мадимаровага милдеттендирилсин.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |