Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № XXVI-1
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматын бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаеванын 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетту менен таанышып жана талкуулап, Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
4. Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаеванын 2020-жыл ичинде берген отчетту канаттаныраарлык деп баалансын (тиркеме тиркелет).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Мадимаровага милдеттендирилсин.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2020-жыл ичинде аткарылган иштери
жөнүндө
МААЛЫМАТЫ .
Урматтуу, Найман айылдык кенешинин депутаттары,коноктор!
2020-жыл биздин айыл өкмөтү эле эмес бардык дүйнө жүзүндөгү олкөлөр үчүн да оор жылдардан болду, анткени COVID-19 деген короновирус апааты чыгып, бир канча адамдарды алып кетти. Элибизде бир кыйла кыйынчылык жаралды, анткени миграциядагы жаштарыбыз иш жок болуп калып, акча жөнөтүү азайып, кичи ишкердиктер токтоп, кыйла жоготуулар болду.
Кыргыз Республикасынын Президенти “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү , өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялап, бул багытта Найман айыл өкмөтүндө иш-чаралардын планы түзүлүп, бул багытта жыл ичинде жумуштар аткарылды.
Социалдык өнүгүү тармагы
Найман айыл өкмөтүндө жалпы 2020-жылда 406 кожолук, 2130 адам катталган.
2020-жылда аз камсыз болгон 324 үй-бүлөгө социалдык паспорттор түзүлгөн. Райондук калкты ишке жайгаштыруу борбору менен биргеликте 26 жумушсуздар коомдук жумуштарга тартылып , убактылуу жумуш орду менен камсыз болушту. Социалдык иш-чараларга жана аз камсыз жарандарга материалдык жардам көрсөтүүгө, колдоого 66,0 мин сом акча каражаты ажыратылып, иштетилди. Найман айыл өкмөтүндө 90 -пенсионер, 54 мамлекеттик жөлөк пул, 24- соц.пособие, 5 жөлөк пул алуучулар(ком.услуга) бар. Найман айыл өкмөтү боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 13 пайызды түзөт. Алар пенсия, пособиелерин өз убагында алышат.
Киреше бөлүгүндө:
2020 -жыл ичинде жалпы киреше бөлүгүбүз аткарылышы 3367,4 мин сом акча каражатын түздү, ал эми республикадан келген трансферттер 3780,3 мин сом акча каражаты берилип, жалпы 7147,7 мин сом акча каражаты Найман айыл өкмөтүнүн бюджетин түздү жана дотация 47 % түздү.
2020-жыл ичинде жалпы киреше бөлүгүбүз төмөнкүдөй аткарылды:
-киреше салыгы план 863,0 берилсе, аткарылганы 877,9 101,7%
- ыктыярдуу патент план 74,0 берилсе, аткарылганы 93,2 125,9%
-кыймылсыз мүлккө салык план 17,0 берилсе,аткарылганы 26,1 153,5 %
-кыймылдуу мүлккө салык план 110,0 берилсе, аткарылганы 158,4 144%
-жер салыктары план 113,7 берилсе,аткарылганы 228,4 200,9%
-сатуудан алынуучу салык план 36,0 берилсе, аткарылганы 24,2 67,2%
-кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөөгө план 0 сом берилсе, аткарылганы 5,2
-калктуу конуштардагы жерге ижара акыга план 109 берилсе, аткарылганы 109 100%
-жайыттын ижара акысынын план 4,0 берилсе, аткарылганы 3,2миң сом 80%
-ижара КБФ план 27,0 берилсе, аткарылганы 38,3 141,9%
- таштанды салыгы план 30,0 берилсе,аткарылганы 41,0 136,7%
-атайын каражаттар план 900 берилсе, аткарылганы 900 100 %
-текущий помошь план 1059,8 берилсе, аткарылганы 862,5 81,4%
Жалпы : 3343,5 план берилсе, аткарылганы 3367,4 жана 100,7% аткарылды.
2019-жыл аягында жалпы айылда коомдук угуу өткөрүлүп жана айылдагы эң приаритеттүү деген көйгөйлөр такталып, аткарууга алуу боюнча иш чаралар түзүлүп, айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы иш-чараларынын планына киргизилди.
Жаз айларынын келиши менен Найман айыл өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун 3 айлыгы жарыяланып, иш-чаралардын планы түзүлүп, анын негизинде иштер алып барылды. Көчө комитеттеринин жардамында ар апта сайын ишембиликтер өткөрүлүп, айылдын айлана-чөйрөсү, каналдардын ичи тазаланды.Көчөлөрдө актап, сырдоо иштери жылдагыдай жүргүзүлдү, өзгөчө арыктарды чаап, тазалоо иштери аксакалдардын колдоосу менен элди үгүттөө иштеринин негизинде жогорку денгээлде жүргүзүлдү.
Найман айыл өкмөтү боюнча жыл ичинде 362 тонна, жалпы суммасы 20,0 мин сомдук таштандылар ташылып чыгылды.Ошондой эле Жаны конуш көчөсүндөгү ажааткананы тазалоо жумуштары 66,0 мин сомго аткарылды.
Найман айыл өкмөтүндө Улуу Тоо айылындагы 50 га кайрак жерлер толугу менен ижарага берилген, 2020- жылы жазгы буудай, арпа себилип, мурдагы жылдарга салыштырмалуу түшүм орто болду, ошондо 50 га жер аянтынын 1 га жер аянтынан 11,5 центнер, жалпы 57,5 тонна түшүм алынды.
Найман айыл өкмөтүндө 2020-жыл ичинде жалпы малдардын саны 260, койлор 697, жылкы 24, тооктор 964 болуп катталды. Найман айыл өкмөтүндөгү бардык малдар идентификациялоодон өткөрүлүп (биркалар тагылып) каттоого киргизилген. Азыркы учурда да биркалоо иштери убагында жүргүзүлүп жатат. Жаныбарлардан жугуучу ар кандай оорулардын алдын алуу иштери убагында жүргүзүлөт жана дейди ит-мышыктарды атып жок кылуу иштерине жергиликтүү бюджеттен 15,0 мин сом акча каражаты ажыратылып, өз убагында дейди ит-мышыктарды атып жок кылуу жумуштары жүргүзүлөт, айыл өкмөттө малдардан жана ит-мышыктардан жугуучу ооруулар 2020-жыл ичинде бир да катталган эмес.
Март айынан баштап эле карантин жарыяланып, эч кандай майрамдар белгиленген жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар тез-тез комиссиянын чечими менен берилип турулду. Дүкөндөргө азык-түлүк продуктулары толугу менен жеткирилип турулду. Көчөлөрдү, үйлөрдү дезинфекциялоо жумуштары тез-тез жүргүзүлдү. Карантин
Найман айыл өкмөтүндөгү бир маданият үйүндө 2 маданият кызматкерлери жана 2 техникалык кызматкерлер эмгектенет.Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен маданият үйүнүн кызматкерлеринин айлык акысына бир жылына 194,1 мин сом акча каражаты ажыратылган, ал эми майрамдарды өткөрүүгө 42,0 мин сом, 4,3 мин сом кенсе жана чарба буюмдарын алууга, электр энергиясына 5,1 мин сом, 18,0 мин сом сапар чыгымдарына бөлүнүп берилип, толугу менен иштетилген. Маданият үйү 1975-жылы курулуп,азыркы убакта капиталдык ремонтту талап кылып турат, ошондуктан маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча быйыл да мамлекеттик дем берүүчү гранттарга долбоор жазып тапшырылып, райондук комиссия тарабынан жактырылып, 2019-жыл ичинде жалпы суммасы 1526661 сомго капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүү алдында турат.
Айылдык китепканада бир китепканачы эмгектенет, бир жылдык айлык акысына 50,7 мин сом ажыратылып, ал эми 7,9 мин сом сапар чыгымдарына, 1,8 мин сом кенсе жана чарба буюмдарына жан 18,0 мин сом акча каражатына китепкананы жылытуу үчүн кондиционер жана 9,0 мин сомго принтер алууга ажыратылып берилип , жыл ичинде иштетилди.Айылдык китепкананын китеп фондунда 15,0 даана китеп бар, китеп фондун кыргызча китептер менен толуктоо жумуштары алынып барылууда. Электрондук китепканага өткөрүү боюнча жумуштар алып барылууда.
Найман айыл өкмөтүндө иштеп жаткан «Найман» балдар бакчасында 2020-жылда жалпы 7 тарбиячы,7 жардамчы тарбиячы, 2 повар,1 медайым жана 10 техникалык кызматкерлер эмгектенип, 150 бала тарбияланып, ар бир баланын тамактанышына бюджеттин эсебинен 10 сомдон ажыратылып, 205,9 мин сом акча каражаты бир жылына ажыратылып берилди . Ал эми бир жылына балдар бакчасынын электр энергиясына (заземление) 3,0 мин сом, 33,9 мин сомго бир компьютер жана принтер алынып берилди, 19,2 мин сомго видео көзөмөл орнотулду, көмүр менен камсыздоого 60,0 мин, электр энергиясы үчүн 146,9 мин, атайын каражаттар 899,8 мин, ПРООНдун “Аймактарды интеграциялап өнүктүрүү”долбоору боюнча эки этаждуу бала бакчасын жылытуу максатында кательный курулуп, эки этаждын баарына жаны жылытуу системасы орнотулуп, жумуштар толугу менен аткарылып,бүткөрүлдү. Жалпы суммасы 750,9 мин сом, өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 266,5 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип, иштер толугу менен аткарылды. Быйылкы жылы эки этаждуу балдар бакчасынын айнек, эшиктерин жана тосмолорун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик дем берүүчү грантка долбоор жазып жөнөткөнбүз, бирок райондук комиссия тарабынан жактырылган жок.
«Найман» орто мектебинде 2020-жылда 27 мугалим, 15 техникалык кызматкерлер эмгектенет жана 460 окуучу билим алат. “Найман” орто мектебинин үстүртөн ремонту үчүн 2018-жылда 144,3 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип, ремонт иштери жүргүзүлдү. Ал эми мектепке жергиликтүү бюджеттен электр энергиясы үчүн 278,3 мин сом акча каражаты ажыратылып берилди, 3,0 мин сом электр энергиясына заземлениесине ажыратылып берилди жана “мугалимдердин статусун” колдоо максатында 10,0 мин сом , 19,2 мин сомго видеокөзөмөл орнотулду, мектептин эки бөлмөсүнө 86,6 мин сомго айнектери пластик айнектерге алмаштырылды, 74,5 мин сомго санитардык абалды жакшыртуу үчүн аристон жана раковиналар орнотулду жана эки интерактивдүү доска 115,1 мин сомго алынып келинип, орнотулду. “Кылмыштуулуктун жана балдар арасындагы суициддин алдын алуу” темасында “Найман” орто мектебинин мугалимдер жамааты, окуучулар, алардын ата-энелери, имам, аксакалдар сотунун мүчөлөрү, аялдар кеңеши, участкалык милиция жана айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте чоң жалпы жыйын өткөрүлүп,окуучуларга жогорку деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, ар түрдүү семинар,конкурстар( тамаш шоу,) айыл өкмөтүнүн каржылоосу менен өткөрүлдү.
Мектеп окуучулардын предметтик олимпиадасында зонадан гана 3 окуучу 1 орунду алып, районго жолдонмо ала алган. Орус тили сабагынан райондо 11 –класстын окуучусу 3 –орунга ээ болуп калган.
Найман айыл аймагына караштуу Улуу Тоо айылында “Улуу Тоо» толук эмес орто мектебинде 9 мугалим, 3 техникалык кызматкер эмгектенип, 45 окуучу билим алат. Мектепке бир жыл ичинде электр энергиясы үчүн 80,1 мин сом, ремонтуна 6,7 мин сом, “Мугалимдердин статусун” колдоо максатында 3,0 мин сом, заземлениесин лабороториядан өткөрүү үчүн 3,0 мин сом, 19,2 мин сомго видеокөзөмөл орнотуу, 22,4 мин сомго 7 даана жылытуу үчүн обогревательдер жана 10,0 мин сомго 16 даана плафондору толугу менен алмаштырылды.
Найман айыл өкмөтүндө бир УБДТ № 18 жана бир ФАП бар.
Найман айыл өкмөтүндө 2020-жыл ичинде Кыргызстан көчөсүндөгү көпүрөөлөрдү ондоп, калыбына келтирүүгө 29,0 мин сом ажыратылып, жумуштар аткарылды, 6,9 мин сомго көчөттөр эгилди, 39,3 мин сомго көрнөк жарнактар алмаштырылды, Найман айыл өкмөтүндөгү жер аянттарына мамлекеттик акт алууга 35,0 мин сом ажыратылып, жумуштар аткарылды.
алып жатышат, бул багытта элдин арасында эч кандай нараазычылык жок.
Найман айыл өкмөтүндө 2020-жыл үчүн турак үйлөрдү камсыздандыруу жумуштары жүргүзүлдү, бирок былтыркы жылга салыштырмалуу төмөн. Анткени, жарандардын үй документтеринин жоктугунан көпчүлүк эл камсыздандыра албай жатышат.
Найман айыл өкмөтүндөгү көйгөйлүү маселелердин бири суу маселеси. Бул багытта жыл сайын долбоорлор менен иштешип келе жатабыз жана ар кандай окуулар уюштурулуп, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Найман айыл өкмөтүндөгү жашоочулар үйлөрүнүн алдындагы жер аянттарын крандан чыккан ичүүчү таза суу менен сугарып келишет, ошондуктан күн ысып баштагандан ичилүүчү таза суу жетишсиз болуп, көйгөй жаратат. Ошол көйгөйдү азайтуу максатында элдердин аз болсо да үй алдындагы сугат жер аянттарына суу жеткирүү үчүн 2019-2020-жылдар арасында “ООН-Женщины” уюму менен иштешип долбоордун негизинде Найман айылынын Жаны Конуш көчөсүнө 956888 сомдук скважина калыбына келтирилип, ишке берилди жана көйгөй азайды.Найман айылындагы суу резервуарынын айланасын тосуу жана бактериоциддик жабдуу орнотуу боюнча ПРООН уюму менен биргеликте долбоор жалпы суммасы мин сомго бекитилип, порталга жарыяланып, женүүчү аныкталган болчу, бирок утуп алган ишкана, жумушту ушул мезгилге чейин баштай элек. Найман айыл өкмөтү тарабынан кат даярдалып 2-3 жолу жөнөткөнүбүзгө карабастан ишканадан дайын жок, мындан ары келишимди жок кылуу боюнча иштер алып барылууда. Найман айылында элди таза суу менен камсыздоо 80% түзөт.
Ал эми Улуу Тоо айылында таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 2018-жыл ичинде ОсОО «Чай Таш» ишканасынын жана жеке демөөчүлөрдүн жардамында 25 км аралыктагы Абшыр-Сайдан 2 линияны тартууга жалпы суммасы 2,5 млн сомду түзгөн жумуштар аткарылды, жалпы эл ашар жолу менен салым кошту.Быйылкы 2020-жылда да сууну айылдын ичине тартуу жумуштары уланууда, Улуу тоо айылынын таза суу менен камсыздалуусу 40 % ды түзөт.
Эн негизги карала турган көйгөйлөр:
-таза суу резервуарынын айланасын тосуу жана бактериоциддик жабдуу орнотуу;
-таза суу көйгөйү боюнча СООППВнын мүчөлөрү менен тыгыз иш алып баруу;
-скважиналарды толугу менен ишке киргизүү;
-Жаны Конуш көчөсүнүн мектепке кеткен 1 км жолуна асфальт бастыруу;
-Балык чарбачылыгын өнүктүрүүнү колго алуу;
-колго алалы деп турабыз.
Ушуну менен менин докладым аяктады, көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!