Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № XXVI -2
Найман айылдык Кеңешинин 2021-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар » жөнүндөгү «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери »жөнүндөгү белгиленген айылдык кеңештин компетенциясынын негизинде айылдык кеңештин иш планы түзүлүп,бекитилсин.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылдык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жооптуу катчысы Мамасадык кызы Нурзадага жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |