Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № XXVI-5
Найман айыл өкмөтүнүн Батыш көчөсүндөгү айыл чарбасына ынгайсыз жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн Батыш көчөсүндөгү бош жаткан айыл чарбасына ынгайсыз жер аянтын ижарага берүү жөнүндө Найман айылынын тургуну Тайгараева Айгүл Төлөновнанын жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Найман айылынын тургуну Тайгараева Айгүл Төлөновнанын арызы канаатандырылсын .
2. Найман айыл өкмөтүнүн Батыш көчөсүндөгү бош жаткан айыл чарбасына ынгайсыз 16,0 га жер аянты бак кылуу үчүн ижарага берүү боюнча келишим түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысыга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |