ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 04-ноябры №141
2024-жылга карата дем берүүчү грантка даярдалган долбоорлорго өздук салым катары бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнундө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Каримовдун Орозбеков айыл өкмөтү тарабынан дем берүүчү грантка даярдалган эки долбоор боюнча билдирүүсун угуп жана талкуулап, Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфрастуктурасын өнүктүрүү максатында, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтү тарабынан дем берүүчү грантка даярдалган төмөнкү долбоорлорго:
-жалпы сметасы 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сом болгон Кош-Дөбө, Кудук айылдарынын А.Орозбеков көчөсунун 5 км аралыгына түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн бюджеттен өздүк салым катары 675 000 (алты жуз жетимиш беш миң) сом ;
- жалпы сметасы 2 347 904 (эки миллион үч жүз кырк жети миң тогуз жүз төрт) сом болгон Учкун айылынын Кыргызстан 60 жылдыгы көчөсүнун 400 метр аралыгына 2300 чарчы метрге асфальт төшөө үчүн бюджеттен өздүк салым катары 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнуп берилсин. .
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча башкы адиси А.Матисаевге долбоорлор боюнча тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго бюджеттен долбоорлорго каралган акча каражатын ажыратып берүү жагы жүктөлсүн..
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О. Ибрагимов |