Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 04-ноябры №144
Орозбеков айыл аймагындагы кунарсыз, деградацияга учураган жайыт жерлерге жайыт чөбүнун үрөнүн себүүнү уюштуруу үчүн бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын12- сентябрындагы “Жайыттардын абалын, түшумдүүлүгун, жайыт жерлеринин асылдуулугун жакшыртуу, жайыт комитеттерине, үрөн чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнундөгу”№ 526-т тескемесин аткаруу жана жайыт комитеттерине колдоо көрсөтүү максатында, айылдык кенештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагындагы кунарсыз, деградацияга учураган жайыт жерлерге жайыт чөбүнун үрөнүн себүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жайыт комитетине мыйзам чегинде жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О. Ибрагимов |