ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 04-ноябры №145
Орозбеков айыл аймагында курулуп жаткан обьектерге жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын карап берүү жөнундө
Орозбеков айыл аймагына долбоорлор аркылуу курулуп жаткан обьектерге жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын карап берүү боюнча өкмөт башчы З.Н.Максутовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. КОЙКА уюму тарабынан “Берекелүү аймак” долбоору аркылуу курулуп жаткан төмөнкү обьектерге:
- “Орозбеков айылынын Тулебердиев көчөсүнө газ түтүктөрүн тартуу” долбооруна өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 182 000(бир жүз сексен эки миң) сом ;
- -“Учкун айылына кичи футбол аянчасын куруу”долбооруна өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. “Кыргыз Республикасында жугуштуу эмес инфекциялык ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору боюнча Кудук айылына көчө тренажерлорун орнотуу үчун өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 206 000(эки жүз алты миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылындагы тарыхый- маданий борбордун оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 1 500 000(бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтунө жана көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О. Ибрагимов |