Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-июну № 322-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аталган Кредиттик макулдашууларды ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 322-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуулар (мындан ары - Кредиттик макулдашуулар) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Аталган Кредиттик макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 6-3720/24 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6-3606/24 корутундулары берилген, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 183-т тескемеси менен жактырылган.
Бул Кредиттик макулдашууларда "Менин үйүм 2021-2026" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотекалык продуктуларды берүү жана турак жай куруу үчүн 79,0 (жетимиш тогуз) млн. АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоону тартуу каралган.
Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасы алат, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аткаруучу агенттик, ал эми долбоорду ишке ашыруучу агенттик "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - "МИК" ААК) болот.
"МИК" ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылат жана андан ары сатып алуу менен ижарага берүү үчүн өлкөнүн бардык региондорунда жеткиликтүү турак жайдын курулушун, ошондой эле Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотека берүүнү каржылайт.
Кредиттик макулдашуулар "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүүнү жана жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.
Кредиттик макулдашууларды ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Кредиттик макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Кредиттик макулдашууларды ратификациялоо социалдык, финансы-экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилет.