Редакцияот 04.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2023-жылдын 04-ноябры №146

Орозбеков айыл аймагынын Кулду айылынын Кош-Дөбө участкасына АРИС тарабынан ” CASA-100 ЖКК”долбоору аркылуу курулуучу “Мөмө –жемиш кургатуу борборунун” жер аянты  жөнундө  

Кун тартибиндеги маселе боюнча депутат К.Каримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

1.АРИС тарабынан ” CASA-100 ЖКК”долбоору аркылуу  “Мөмө –жемиш кургатуу борбору” курулуучу  жер өзгөртүлбөй, мурдакы бойдон  Кулду айылынын Кош-Дөбө участкасында калтырылсын. 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтунө жана  көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин  жер жана агрардык маселелер   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

О. Ибрагимов