Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши IV чакырылышынын 24-сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 4-24-3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки билим берүүчү тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү» боюнча 2009-жылдын 28-июлундагы №478-токтомун аткаруу жөнүндө

Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасынын башчысы Д.Өмүрзакованын кайрылуусун угуп талкуулуап, айылдык кеңеш токтом кылат:

1.2020-жылдагы кырдаалга жараша азык-түлүктөргө болгон баалардын кескин кымбатташы,бала бакчада тарбияланган балдардын талапка ылайык сапаттуу билим алуусуна жана сапаттуу тамак-аш азыктары менен камсыз болуусу үчүн ата-энелерден төлөнүүчү акча каражаты 600 сом болгондугу белгиленсин.

 

2. «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасынын башчысы Д.Өмүрзаковага ата-энелерге чогулуш жазап түшүнүдүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н.Бейшенкулов