Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-июну № 21/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер аянттарын аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана муниципалдык менчикте турган жер аянттарын жерге укук берүү боюнча комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер аянттарын аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча төмөнкү комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Т.Каимов – айылдык кеңештин айыл чарба боюнча комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасы (макулдугу менен)
2. Б.Ахмедов – айыл өкмөт башчысы;
3. К.Сатарова – жооптуу катчы;
4. А.Юнусалиев – жер адис;
5. Ж.Арзиев – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
6. М.Мадисаева – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
7. К.Абдурахманов – айыл башчы;
8. П.Умаралиева – аялдар кеңешинин мүчөсү;
9. Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.
2. Куруу, жерди пайдалануу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана мыйзамдаштыруу боюнча төмөнкү комиссиянын курамы бекитилсин;
1. Т.Галботоев – айылдык кеңештин төрагасы;
2. У.Астанаев – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
3. Н.Анарбай уулу – айылдык кеңештин депутаты(макулдугу менен);
4. А.Юнусалиев – жер адис;
5. К.Сатарова – жооптуу катчы;
6. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин өкүлү;
7. Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү.
3. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2022-жылдын 09-декабрындагы №16/1 сандуу токтому жокко чыгарылсын деп табылсын.
Төрага: |
| Т. Галботоев |