АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак- Там айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXI cессиясынын
2024-жылы 17-февралы №21/1
“Ак-Там айылынан Жапа –Салды айылына таза суу түтүгүн тартып өтүүгө уруксат берүү жөнүндө.”
2024-жылдын 10 –февралындагы №К-18 сандуу арызынын негизинде, Жапа –Салды айылында таза суу жетишсиздигинен улам эл кыйналып, кезектешип суу алып жаткандыгын эске алып, Ак-Там айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Там айылынын Чанач –Сай участкасынан таза суу түтүгү тартылууга уруксат берилсин.
2. Аталган жерден суу тартууга атайын чиймесин чийдирип, керектүү документтик иштерин даярдоо айыл башчы Ш. Мадраимовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жана айыл аймагынын башчысы М.Камчыбековго тапшырылсын.
Төрага: | А.Осмонов |