Редакцияот 30.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын

 

2023-жылдын 30-июну № 21/4

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды таштоочу жайына таштанды таштаган элди көзөмөлдөө үчүн көзөмөлдөөчү кароолду жана таштанды таштоого төлөнүүчү акыны кароо жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Астанаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

1.              А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды таштоочу жайды көзөмөлдөөчү кароол менен айыл өкмөтү келишим түзүп иштетүү жагы айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовго жүктөлсүн.

 

2. Таштандыларды таштоо үчүн портер, лабо менен алып чыгылган таштандыга 100 сом өлчөмүндө, ал эми чоң камаз менен алып чыгылган таштандыга 300 сом өлчөмүндө акча алынсын.

 

3. Таштанды таштоочу жайды иштеткен адамга таштандыларды өз жайына барып төктүрүү, айланасын кароо жагы милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана этика  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Т. Галботоев