Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак- Там айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXI cессиясынын

 

2024-жылы 17-февралы №21/2

 

“Ак-Там айыл аймагындагы Курук –Сай участкасынан ижарага жер берүү жөнүндө.”

 

2024-жылдын 10 –февралындагы №П-17 сандуу арызынын негизинде, “Памир Ак-Там” көп тармактуу айыл чарба коммерциялык кооперативинин башчысы Памир Пайызбековдун арызынын жана “Кыргызмамжердолбоорлоо”Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын корутундусунун негизинде, Ак-Там айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Там айыл аймагынын №297 контурдагы курук сайдан 1,20 га жер мал бордоп багуу үчүн 20 жылдык мөөнөт менен ижарага келишимдик негизде берилсин.

 

2. Аталган жердин документтик иштерин даярдоо, тиешелүү салыктарын өз убагында төгүп туруу- П.Паизбековго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жана айыл аймагынын башчысы М.Камчыбековго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

А.Осмонов