Редакцияот 10.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

2021-жылдын 10-сентябры № 5-7-3

Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын чегиндеги «Доңуз» участогунан «Urankai Coal Company» (Уранкай Коал Компани) жоопкерчилиги чектелген коомуна, геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн убактылуу пайдаланууга жер бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,60 жана 61-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12.04.2006-жылдагы №261 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө» жобонун жана Кыргыз Республикасынын 09.08.2012-ж №160 жана 24.05.2014-ж №77 мыйзамынын гл. 5, ст 39 негизинде,токтом кылат:

 

1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын чегиндеги «Доңуз»участогунан «Urankai Coal Company» (Уранкай Коал Компани) жоопкерчилиги чектелген коомуна, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 22.12.2016-жылдагы 5125-СР геологиялык изилдөөгө берилген лицензиянын жана №1 лицензиялык макулдашуунун негизинде 112,48 га жер участогуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн 31.12.2022-жылга чейин, убактылуу пайдаланууга жер участогу бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрзаков Докдурбекке тапшырылсын.

 

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысы Дүйшенбек уулу Амантурга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жолдошбек уулу Жоодар