Редакцияот 21.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 20-сессиясынын

 

2023-жылдын 21-февралы № 49

Айдаркен шаардык мэриясынын 2023-жылдын 3-февралындагы №01-15/34 сандуу сунуш катына негиз, 2023-жылдын башына жергиликтүү бюджеттин негизги счетунда калган калдык  9 162 106 (тогуз миллион бир жүз алтымыш эки миң бир жүз алты) сом жана атайын каражат бөлүгүндө калган калдык  117 800 (бир жүз он жети миң сегиз жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү суммаларды бекитип берүү жѳнүндѳ

Айдаркен шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Касымовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Айдаркен шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүндө 2023-жылдын 1-январына калган  9 162 106 (тогуз миллион бир жүз алтымыш эки миң бир жүз алты ) сом өлчөмүндөгү калдык сумма жана  атайын каражат бөлүгүндө 2023-жылдын 1-январына калган 117 800 (бир жүз он жети миң сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү калдык сумма бекитилсин.

2. Айдаркен шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин чыгышалар бөлүгүнө чегерүүлөр №2-тиркемеге ылайык негизги счет жана атайын каражат бѳлүгү аныкталсын.

3. Бекитилген каражаттар казыналык бөлүмүнөн айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат” боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн. 

5. Токтомду аткаруу шаардык мэриянын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Н.Касымовго милдеттендирилсин.

6. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

 

Төрага:

А.К. Кожомбердиев

 

 

Тиркеме №2

Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын                   20-сессиясынын 2023-жылдын №49 токтомуна №2-тиркеме

 

Айдаркен шаардык мэриясынын 2023-жылдын 1-кварталына бюджеттин негизги счетунун чыгаша бѳлүгүнѳ жана атайын каражат бѳлүгүнүн (спец счет) чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү үчүн маалымат

 

Чыгаша бѳлүгү:                                                                                                    (миң сом)

 

 

Организация

 

 

Чыгашанын беренеси жана элементи

Жалпы сумма

1кв.

2кв.

3кв.

4кв.

 

701 аппарат баары

 

 

9 042,1

 

9 042,1

 

0

 

0

 

0

 

701 аппарат (жол оңдоого)

2215

1 200,0

1 200,0

0

0

0

 

701 аппарат (жол оңдоого)

 

3111

 

862,1

 

862,1

 

0

 

0

 

0

 

701 аппарат (трансформатор)

 

3112

 

370,0

 

370,0

 

0

 

0

 

0

 

702 аппарат

 

3112

 

6 610,0

 

6 610,0

 

0

 

0

 

0

709 мектептер

 

 

3112

 

120,0

 

120,0

 

0

 

0

 

0

709 билим берүү

               №7 спортивный мат

 

 

40,0

 

40,0

 

0

 

0

 

0

                

               №19 спортивный мат

 

 

40,0

 

40,0

 

0

 

0

 

0

                

               №20 спортивный мат

 

 

40,0

 

40,0

 

0

 

0

 

0

Негизги счет жыйынтыгы: 701; 709

 

 

9 162,1

 

9 162,1

 

0,0

 

0,0

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

Спец счет жыйынтыгы 701 аппарат

 

2221

 

117,8

 

117,8

 

0

 

0

 

0

701 аппарат (спец счет) учурдагы ремонт

 

2221

 

117,8

 

117,8

 

0

 

0

 

0

Жалпы жыйынтык (бюджет/спец счет): 701; 709

 

 

9 279,9

 

9 279,9

 

0,0

 

0,0

 

0,0

 

 

          Жооптуу катчы:                                                          Г.Амирбекова