Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын II- сессиясы

2024-жылдын 29-мартындагы № 8

 

Жети-Өгүз айыл аймагынын  айыл өкмөтүнө караштуу Жети-Өгүз,Ырдык,Липенка жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн айылдарында мал багуунун бааларын бекитүү жөнүндө

 

 

   Жети-Өгүз айыл өкмөтүнө караштуу Жети-Өгүз,Ырдык,Липенка жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн айылдарында мал багуунун бааларын бекитүү боюнча Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырылышынын II- кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1.    Жети-Өгүз айыл өкмөтүнө караштуу Жети-Өгүз,Ырдык,Липенка жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин 2024-жылга карата мал багуунун ,коруктун баалары төмөнкүдөй бекитилсин:

 

 

1.Жети-Өгүз жайыт пайдалануучулар бирикмеси

-Кой,эчки  бир башка 150 сомдонмалчынын эмгек акысына, ал эми жайыт акысына 3 сом 85 тыйындан, жайыт акысына 24 сомдон (6 айга )ар бир башына.

-Уй-торпок, музоо, жылкыга бир башка- 550 сомдон малчынын эмгек акысына, ал эми жайыт акысына -13 сом 33 тыйындан, жайыт акысына 80 сомдон  (6 айга) ар бир башына

-Кулундуу-бээге –600 сомдон кулуну бээси менен малчынын эмгек акысына  ал эми жайыт акысына 13 сом 33 тыйындан ар бир башка, жайыт акысына 80 сомдон ( 6 айга ) ар бир башына

2. Ырдык жайыт пайдалануучулар бирикмеси

-Кой,эчки  бир башка 150 сомдонмалчынын эмгек акысына, ал эми жайыт акысына 5 сом  жайыт акысына 30 сомдон (6 айга )ар бир башына.

-Уй-торпок, музоо, жылкыга бир башка- 550 сомдон малчынын эмгек акысына, ал эми жайыт акысына -16 сом 66 тыйындан, жайыт акысына 80 сомдон  (6 айга) ар бир башына

-Кулундуу-бээге –600 сомдон кулуну бээси менен малчынын эмгек акысына  ал эми жайыт акысына 15 сом ар бир башка, жайыт акысына 80 сомдон  ( 6 айга ) ар бир башына

3. Липенка жайыт пайдалануучулар бирикмеси

-Кой,эчки  бир башка 150 сомдонмалчынын эмгек акысына, ал эми жайыт акысына 3 сом 85 тыйындан, жайыт акысына 24 сомдон (6 айга )ар бир башына.

-Уй-торпок, музоо, жылкыга бир башка- 600 сомдон малчынын эмгек акысына, ал эми жайыт акысына -13 сом 33 тыйындан, жайыт акысына 80 сомдон  (6 айга) ар бир башына

-Кулундуу-бээге –600 сомдон кулунду бээси менен малчынын эмгек акысына  ал эми жайыт акысына 13 сом 33 тыйындан ар бир башка, жайыт акысына 80

 

4.Жайыт комитетинин мыйзамына баш ийбеген , элдин  эгинин, картошкасын жедирип тебелеп, жайлоого  көчпөгөн малчыларга төмөндөгүдөй айып пул салынсын:

 --Кой-эчкиге-бир башка -150 сомдон.

---Бодо малга, жылкыга – бир башка-1000 сомдон

---Сыртка көчпөгөн малчыларга -20000 (жыйырма миң )сомдон

5.Мал багуучулар 1-октябрга чейин тоодон малын түшүрүп кеткендерге элдин дыйкан чарбасына эгин картошкасына киргизсе, ар бир малына

 кой эчкиге бир башка 500 сомдон ,ал эми бодо малга 1000 сомдон штраф бекитилсин.

6.Жогорудагы акча каражаттарынын мыйзам чегинде туура колдонулушу жана өз убагында чогултуу боюнча жергиликтүү кеңештин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Белековго жана жер ,айыл чарба жана курулуш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Иманбековго милдеттендирилсин.

 

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                           Б.Ургаипов