ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын II- сессиясы
2024-жылдын 29-мартындагы № 7
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамынын 30-беренесине , Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы Пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомунун негизинде кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 54-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
1. Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги түзүлүүсүнө макулдук берилип,бекитилсин.
2.Жаңыдан түзүлгөн штаттык бирдикке эмгек акысын төлөө жагы Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Султановго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Белековко тапшырылсын.
Төрага Б.Ургаипов