КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши V чакырылышынын 2-сессиясы
2021-жылдын 23-июну № 5-2-2
Майда-Дөбө участогунун жашоочуларынын арызы жөнүндө
Майда-Дөбө участогунун жашоочуларынын арызын, айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун жана ИСКАКБ Боктай булагынын башчысы Рыскелди уулу Рахаттын кошумча булак кошуу боюнча жактырылган долбоорун эске алып угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши,токтом кылат:
1.Майда-Дөбө участогунун жашоочуларынын арызынын негизинде депутаттардын сунушу боюнча Кара-Сай участогундагы үлүш ээлери, сугат сууну эски нук менен үлүш жерлерин сугара тургандыгы эскертилсин.
2.Эгерде жолду бузуп үлүш жерлерин сугарышса айып пул тартышаары белгиленсин.
3.ИСКАКБ Боктай булагынын башчысы Рыскелди уулу Рахаттын кошумча булак кошуу боюнча жактырылган долбоорунун негизинде суу түтүктөрү сунушталган жерден өтүүгө уруксат берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Жолдошбек уулу Жоодар |