Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV- сессиясы
2024-жылдын 24-майындагы № 23
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык,Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби (мындан ары – Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
2. Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
3. Ушул Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы №23 токтомунун мамлекеттик каттоосу юстициянын Ысык-Көл облустук башкармалыгында жасалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин финансы-бюджет
боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Ургаипов