КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 5-7-2
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Кара-Дөбө өрөөнүндөгү Байшүкүр участогундагы №35-64 контурунан 90 сотых жайыт жерин ИСКАКБ Боктай булагы таза суусуна кошумча булак кошууга берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Кара-Дөбө өрөөнүндөгү Байшүкүр участогундагы №35-64 контурунан 90 сотых жайыт жерин ИСКАКБ Боктай булагы таза суусуна кошумча булак кошууга Рыскелди уулу Рахаттын сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Кара-Дөбө өрөөнүндөгү Байшүкүр участогундагы №35-64 контурунан 90 сотых жайыт жерин ИСКАКБ Боктай булагы таза суусуна кошумча булак кошууга мыйзам чегинде келишим түзүп берүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Өмүрзаков Докдурбекке милдеттендирилсин.
2. ИСКАКБ Боктай булагы таза суусуна кошумча булак кошууда проетинин негизинде иш алып баруу жагын Рыскелди уулу Рахат көзөмөлгө алсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Дүйшенбек уулу Амантурга тапшырылсын.
Төрага | Жолдошбек уулу Жоодар |