Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 24-июну № 125-нпа
КР КЭ 31-102:2026 “Калканчыктар”
Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелерин бекитүү жөнүндө
Имараттардын жана курулмалардын тамбашыларын жана калканчыктарын долбоорлоодо бир түрдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле ченемдик талаптарды өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. КР КЭ 31-102:2026 “Калканчыктар” Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 212 “КР КЭ 31-102:2024 “Калканчыктар” Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин биринчи орун басары Б.Ч. Чолпонбаев
(министр жок учурда)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
_____________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
Калканчыктар
Кровли
Roofs
Актуалдаштырылган редакция
КР КЭ 31-102:2024
______________________________________________________________________
Киргизүү датасы – 2026. 07. 09__
1 Жалпы жобо
1.1 Бул курулуш эрежелери ар кандай арналыштагы имараттар жана курулмалар үчүн тамбашын жана калканчыктарды долбоорлоодо сакталууга тийиш болгон талаптарды белгилейт, буга тиешелүү ченемдер менен калканчыкка атайын талаптар коюлган имараттар жана курулмалар кирбейт.
1.2 Тамбашын жана калканчыктарды долбоорлоо ушул эрежелерде белгиленген талаптарды эске алуу менен «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу», «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун», «Тез тургузулчу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштардагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык ишке ашырылышы керек. Имараттардын тамбашын долбоорлоодо ушул эрежелер менен катар тиешелүү атайын ченемдик документтер тарабынан коюлуучу талаптарды да эске алуу зарыл, алар: өрткө каршы ченемдер, сейсмикалык райондордо, чөккөн топурактарда жана иштетилип жаткан аймактарда курулуштун ченемдери, ошондой эле аларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө жараша экологиялык ченемдер.
Тамбашыны тирөөч бөлүгүнүн конструкцияларын: чатыр устун, керегелер, сундурмалар, панелдер ж.б. темир бетон (КР КЧ 53-01), жыгач конструкцияларды (КР КЧ 52-02) ж.б. конструкцияларды эсептөөнү жана конструкциялоону регламенттөөчү колдонуудагы ченемдик документтер боюнча долбоорлоо керек.
Турак-жай имараттарын туташ курууда өрткө каршы дубалдарды КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык аткаруу зарыл.
Имараттардын жана курулмалардын тамбашына жана калканычтарына күн электр станцияларын орнотууга менчигинин формасына жана функционалдык багытына карабастан жол берилет. Күн электр станциясын долбоорлоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
1.3 Калканчыктарга жана жабуулардын элементтерине колдонулган материалдар колдонуудагы стандарттардын жоболоруна жана ушул эрежелердин талаптарына жооп берүүгө тийиш. Ошондой эле материалдарды шайкештик сертификаты болгон учурда колдонууга жол берилет.
Имараттардын энергиялык натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында материалдарды тандоодо аларды өндүрүүдө жана пайдалануу шарттарында энергияны үнөмдөөдө айырмаланган материалдарга артыкчылык берүү керек.
Тамбашынын жана калканчыктардын отко туруктуулук чектерин, чатырдык жабуулардын чатырустун жана тор материалдарынын күйүүчүлүк тобун, ошондой эле калканчыктын максималдуу жол берилген аянттарын «Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелеринин» талаптарын эске алуу менен долбоорлоо керек.
Ушул эрежелерде жол берилген тамбашылардын жана калканчыктардын конструкцияларынын бардык варианттары (желдетилүүчү, жарым-жартылай желдетилүүчү, инверсиялык, желдетилбеген ж. б.) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы курулуш ченемдерине ылайык жылуулук-техникалык, нымдуулук жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрдүн эсептик негиздемеси менен ырасталууга тийиш.
1.4 Өндүрүштүк жана кампа имараттарында күйбөй турган изоляцияны колдонуу керек, ошондой эле калканчыктын өрткө каршы дубалдары менен кесилишкен жерлерин КР КЧ 21-01 талаптарына жана тармактык ченемдерге ылайык долбоорлоо керек.
1.5 Тамбашынын жана калканчыктын жумушчу чиймелеринде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
тамбашынын жана калканчыктын конструкциясы;
мамлекеттер аралык жана мамлекеттик стандарттарга же башка колдонуудагы ченемдик документтерге шилтемелери бар материалдардын жана буюмдардын аталышы жана маркасы;
эңкейиштеринин чоӊдугу, деформациялык тигиштердин жайгашуу орду, суу акма куйгуч орнотмолору, канализация мамылары, так чокудагы фонарлар, желдетүүчү шахтлар, жапма оюктар, мамылар жана радиотелеантендик чойгучтар, ошондой эле дубалдарга, чатыр дубалдарга, шахталарга, желдетүүчү турмаларга жана башка конструкциялык элементтерге кошулган жерлердеги тамбашынын жана калканчыктардын тетиктери;
технологияларга жана материалдардын сапатына коюлуучу милдеттүү талаптар, анын ичинде экологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу талаптар;
КР КЧжЭ 23-01 боюнча кабыл алынган жылуулуктан коргоо жана зарыл жылуулукка туруктуулук деңгээлине ылайык келген тамбашынын конструкциясынын жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрүн камсыз кылуучу техникалык чечимдер;
жаңы имараттарды курууда жана колдонуудагы имараттарды реконструкциялоодо КР КЧ 11-03 ылайык энергетикалык паспорттордо кийин пайдалануу үчүн чатырсыз жабуулардын жана чатыр жабуулардын кабыл алынган техникалык чечимдеринин эсептелген жылуулук-техникалык көрсөткүчтөрү (жылуулук берүүгө келтирилген каршылык, жылуулукка туруктуулук);
курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө өрттөн коргоо жана өрт коопсуздугунун эрежелеринин аткарылышын контролдоо боюнча иш-чаралар.
1.6 Бул курулуш эрежелеринде колдонулган ченемдик шилтемелер А.1- тиркемеде, ал эми кабыл алынган терминология жана аныктамалар А.2-тиркемеде берилген.
2 Тамбашылар
Тамбашылардын классификациясы жана тибин тандоо
2.1 Тамбашылар төмөнкү негизги белгилер боюнча классификацияланат:
2 көлөмдүк чечим боюнча – чатырлуу жана чатырлууэмес, анын ичинде чатыр кабаттуу имараттарда жантаймалуу;
3 конструкциялык чечим боюнча – курама же монолиттүү;
4 желдетүү тиби боюнча – желдетилүүчү, мында жылуулоо катмары менен калканчык жабуунун ортосунда үзгүлтүксүз желдетүү мейкиндиги каралган, жарым-жартылай желдетүүчү – жылуулоонун жогорку катмарындагы желдетүүчү каналдары менен, желдетилбөөчү;
5 суу чыгаруу ыкмасы боюнча – сырткы уюшулбаган же уюшулган суу чыгаруу, ички суу чыгаруу;
6 негизги элементтерди даярдоо ыкмасы боюнча – өнөр жай өндүрүшүн жана курулушту аткаруу;
7 калканчыктын материалы боюнча – түрмөктөлгөн, мастикалык, дааналанган, темир-бетон плиталардан жана жергиликтүү материалдардан (түрмөксүз жана жабуусуз);
8 калканчыктын жантайышы боюнча – жалпак 0-2,5 %, жарым-жарты жантайма-луу 2,5-10 %, 10 % жогору жантайыӊкы жана өзгөрүлмө жантаюу – ийри сызыктуу;
2.2 Тамбашынын конструкцияларынын өзгөчөлүктөрү.
2.2.1 Чатыр тамбашынын курамына калканчык, жабуу, чатыр дубалдары, чатыр жабуулары, чатыр жабуусунан жогору жайгашкан конструкциялык элементтер кирет. Түрмөксүз жана жабуусуз калканчыгы менен чатыр тамбашыларынын жабуусу калканчыктын функцияларын да айкалыштырат.
Чатыр тамбашылары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- чатырдын тиби боюнча:
муздак чатыр;
ачык чатыр;
- имараттын соруучу желдетүүсүнөн абаны чыгаруу ыкмасы боюнча:
желдетүү менен сыртка абаны чыгаруу;
желдетүү менен чатырга абаны чыгаруу;
- жабуулардын тирөөч конструкциясы боюнча:
темир-бетон элементтерден;
метал конструкциялардан;
жыгач конструкциялардан;
башка жана/же айкалышкан конструкциялардан.
Муздак чатыры менен тамбашылар төмөнкүлөрдү камтыйт:
калканчыгы менен чатыр жабуусу;
көзөнөгү менен сырткы чатыр дубалдары;
жылууланган чатыр жабуусу;
чатырдын чегинде жылууланган жана тамбашы аркылуу өтүүчү желдетүүчү блоктор жана канализациялык соргучтар.
Ачык чатыр тамбашыларынын өзгөчөлүгү абаны чыгаруу, чатырды желдетүү. Чатырдагы желдетүүчү блоктор, эреже катары, жылуулатуучудан бийиктиги 600 мм кем эмес бетондор менен бүткөрүлөт, ал эми чатырдын ичинде жылууланган канализация соргучтары тамбашы аркылуу өткөрүлөт. Сырткы чатыр дубалынын конструкциялары жана жабуулары муздак чатырга окшош. Сырткы дубалдарда кирүүчү жана соруучу (эреже катары, суу акма) желдеткич көзөнөктөр орнотулат.
2.2.2 Чатырсыз тамбашылар желдетилүүчү аба катмары менен, жарым-жартылай желдетилүүчүлөр – жылуулагычтын жогорку катмарында желдетүүчү каналдары менен, натыйжалуу жылуулоо катмарын сактоо менен, жылуулук сактоо жана жылуулук туруктуулук деңгээли боюнча КР КЧжЭ 23-01 жана КР КЧ 11-03 ылайык, желдетилбегендер – туташ конструкция менен долбоорлонот. Алар курулуп аткарылышы мүмкүн жана заводдук комплекстүү панелдерден даярдалышы мүмкүн.
2.2.3 Жантаймалуу тамбашылар көбүнчө желдетилүүчү аба катмарлары бар чатырсыз тамбашылардын бир түрү болуп саналат жана чатыр кабаттардын үстүнө орнотулат. Мындай тамбашыларды колдонууда КР КЧжЭ 23-01 талаптарына ылайык жайкы ысып кетүү шарттары боюнча жылуулук туруктуулугуна карата жабуунун эсеби жүргүзүлүшү керек.
Тамбашылардын конструкцияларынын принципиалдуу схемалары Б тиркемесинде берилген.
2.3 Тамбашынын конструкцияларын тандоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлүшү керек:
- климаттык курулуш районун (кышында жана жайында сырткы абанын температурасы, жаан-чачындын көлөмү, шамалдын ылдамдыгы, инсоляция);
- курулуштун өзгөчө шарттарын (иштетилүүчү жана чөкмө топурактар, райондун сейсмикалуулугу ж.б.);
- имараттын мүнөздөмөлөрүн (жайлардын дайындалышы, бийиктиги, температуралык-нымдуулук режими);
- аймакты пландоону жана көрктөндүрүүнү (нөшөрлүү канализациянын болушу, имараттын курулуш системасында жайгашуусу);
- тамбашыларды орнотуу үчүн материалдардын болушун жана мүнөздөмөлөрүн.
Тамбашылардын тиби жана конструкциясы 2.4 жана 2.5-пунктчалардын талаптарын эске алуу менен имараттын же курулманын дайындалышына жана кабаттуулугуна жараша 1-таблица боюнча тандалышы керек.
2.4 Турак жай имараттарынын тамбашылары ачык чатыр менен чатырга артыкчылык берүү менен долбоорлонушу керек, мында Л тиркемесине ылайык чатырсыз желдетилүүчү же жарым-жартылай желдетилүүчү долбоорлоого жол берилет. Өзгөчө архитектуралык-пландоо чечимдери бар имараттар үчүн, ошондой эле үч кабатка чейинки эксплуатациялануучу калканчыктар бар үйлөрдө чатырсыз желдетилүүчү жана жарым-жартылай желдетилүүчү тамбашыларды орнотууга жол берилет. Бийик кабаттуулуктагы, ошондой эле эксплуатация-лануучу калканчыктары бар имараттарда инверсиялык тамбашылардан тышкары желдетилбеген тамбашыларды орнотууга жол берилбейт.
Көтөргүч темир-бетон плиталары бар чатырлуу калкаларда жылуулагыч катары калыңдыгы 60 мм кем эмес цемент-кум тегиздемесинин катмарынын астына пенополистиролду колдонууга жол берилет, мында жылуулук-техникалык эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча кабыл алуу зарыл.
Чатырсыз тамбашылары жана түрмөктөлгөн калканчыктары бар социалдык багыттагы турак жай имараттарын жана коомдук имараттарды реконструкциялоодо мындай тамбашыларды көбүнчө дааналанган материалдардан жасалган калканчыгы бар жана натыйжалуу жылуулук изоляциялоочу материалдардан жасалган жылуулагычы менен чатырлууларга же желдетилүүчү жана жарым-жартылай желдетилүүчү чатырсыздарга алмаштыруу керек.
Коомдук имараттарда чатырлуу жана чатырсыз желдетилүүчү жана жарым-жартылай желдетилүүчү тамбашыларды колдонууга жол берилет. КР КЧ 31-01 боюнча социалдык багыттагы имараттарда чатырлуу тамбашыларды колдонуу керек, чатырсыз желдетилүүчү жана жарым-жартылай желдетилүүчү тамбашыларды колдонууга жол берилет. Чатырсыз желдетилбеген тамбашыларга техникалык себептер боюнча башка конструкциялык чечимдерди колдонуу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда жол берилет.
Арыштары 9 метрден ашпаган өндүрүштүк көп кабаттуу имараттарда, эреже катары, чатырлуу тамбашылары же чатырсыз желдетилүүчү жана жарым-жартылай желдетилүүчү тамбашылар колдонулушу керек. Чоң арыштагы имараттарда, кабаттуулугуна карабастан, желдетилүүчү, жарым-жартылай желдетилүүчү чатырсыз тамбашыларды колдонууга жол берилет. Мында тамбашынын тиби долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
1–т а б л и ц а
Имараттардын типтери | Тамбашылардын типтери жана конструкциялары | |||
Чатырлуу | Чатырсыз | |||
Индустриалдык даярдоонун элементтеринен | Куруп аткарууну жабуу менен | Желдетилүүчү жарым-жартылай желдетилүүчү | Желдетил-беген | |
Турак жайлуу: |
|
|
|
|
кошо алганда 4 кабатка чейин | С | Д | Д* | Н |
5 жана андан көп кабат | С | Д | Д* | Н |
Коомдук: |
|
|
|
|
кошо алганда 4 кабатка чейин | C | Д | Д | Н |
5 жана андан көп кабат | C | Д | Д* | H |
Арыш менен өндүрүштүк: 9 м чейин; | C | Д | C | Д |
9 м ашык | H | H | C | Д |
Шарттуу белгилер:
С – колдонулушу керек;
Д – колдонууга жол берилет;
Д* – ушул документтин Л тиркемесине ылайык колдонууга жол берилет;
Н – колдонууга жол берилбейт.
2.5 Тамбашыларда ички же тышкы суу бургуч каралышы керек.
Ички суу бургуч көбүнчө түрмөктөлгөн жана чайырлуу материалдардан, ошондой эле толук заводдук даярдыктагы курама темир-бетон плиталарынан жасалган калканчыгы менен жылытылуучу имараттарда жана курулмаларда каралат. Мында турак жай имараттарында батирдин чектеринде суу акма тик турмаларды тургузууга жол берилбейт.
Дааналанган материалдардан, лист болоттон, профнастилден, профлисттен жана металл черепицадан жасалган калканчыктары менен тамбашыларда сырттан уюштурулган суу бургуч каралышы керек.
Сырткы уюштурулбаган суу агызманы бийиктиги 10 метрге чейинки имараттардын тамбашыларында имараттын кире бериштеринин үстүнө калканчтарды милдеттүү түрдө орнотуу менен колдонууга жол берилет.
Сырткы уюштурулбаган суу бургучка ошондой эле бийиктиги 5 кабаттан ашпаган, кабаттын бийиктиги 3 метрден ашпаган жана 4 кабаттан ашпаган, кабаттын бийиктиги 3 метрден ашкан учурда, толук заводдук даярдыктагы курама темир-бетон плиталарынан калканчыгы бар имараттарда жол берилет.
2.5.1 Түрмөктөлгөн жана чайырлуу калканчыгы бар тамбашылардан ички суу бургучту уюштурууда бир куйгучка туура келген калканчыктын аянты КЧжЭ 3.05.04 боюнча эсептөө менен орнотулушу керек.
Суу агызма куйгучтар калканчыктын аянты боюнча төмөндөтүлгөн участоктордо бирдей жайгашышы керек. Куйгучтардын октору парапеттерден жана имараттын башка чыгып турган бөлүктөрүнөн 60 см кем эмес аралыкта турушу керек. Куйгучтар орнотулган жерлерде калканчыктын жергиликтүү төмөндөшү 0,5 м радиуста 10-20 мм түзүшү керек.
2.5.2 Сырткы уюштурулган суу бургучта суу агызма түтүктөрдүн ортосундагы аралык 24 метрден ашпоого тийиш. Дубал жана асылма ноочолор 0,05-1 % чегинде эңкейиши болуш керек.
Тамбашыларды орнотууга талаптар
2.6 Чатырсыз жабуунун (анын ичинде сырткы аба менен желдетилүүчү) же чатырлуу калканын жылуулук өткөрүмдүүлүгүнө каршылыгы жылдын суук мезгили үчүн КР КЧжЭ 23-01 талап кылгандан кем болбошу керек. Тамбашылардагы жылуулагычтын калыңдыгы КР КЧжЭ 23-01 талаптарына ылайык аткарылган жылуулук-техникалык эсептөөлөргө ылайык белгилениши керек.
2.7 Жылдын жылуу мезгилинде июлдун 21°Сорточо айлык температурасы менен жана андан жогору болгон райондордо чатырсыз жабуулардын жана чатырлуу калкалардын жылуулукка туруктуулугу КР КЧжЭ 23-01 талаптарына ылайык келиши керек. Ачык чатыр менен тамбашыларды колдонууда чатырлуу калканын жылуулукка туруктуулугун эсептөө талап кылынбайт.
2.8 Тамбашылардын аба жана буу өткөрүүсүнө каршылык КР КЧжЭ 23-01 ченемделген маанилерден кем эмес болушу керек.
2.9 Тамбашынын жылуулук өткөрүүсүнө, аба жана буу өткөрүүсүнө талап кылынган каршылыктар тамбашынын бардык аянтында, курама элементтердин улама жерлерин кошуу менен, жээктемелерге, тышкы дубалдарга, вертикалдуу каналдарга жана үстүнкү курууларга жанаша турган участоктордо да камсыздалууга тийиш.
2.10 Тамбашынын конструкциясындагы материалдардагы нымдуулуктун массалык катышы ным топтоо мезгилинде нымдуулуктун жол берилген өсүшүн эске алуу менен КР КЧжЭ 23-01 ченемделген маанилерден ашпоого тийиш.
2.11 Буу изоляциясын орнотуунун зарылдыгы КР КЧжЭ 23-01 боюнча эсептөө менен аныкталат. Буу изоляциясы жылуулук обочолонтуучу катмардан төмөн, тамбашынын ички бетине жакын жайгашышы керек.
Буу изоляциясы В тиркемеси боюнча каралышы керек.
2.12 Жылуулук изоляциялоочу катмардын жылуулук изоляциялоочу материалдары катары колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык l0 жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициенти 0,12 Вт/(м °С) ашпаган заманбап натыйжалуу жылуулук изоляциялоочу материалдар колдонулушу керек. Тамбашылардын бардык типтеринде аз натыйжалуу жылуулук изоляциялоочу материалдар (керамзит шагылдары жана үймөктүк тыгыздыгы 400 кг/м3 ашык башка төгүлмө жылуулагычтар), өзгөчө сейсмикалуулугу жогору (7 баллдан ашык) райондордо колдонулбашы керек. Керамзитти жана ири көңдөйлүү керамзит бетонду чатырсыз тамбашыларда разуклон катары колдонууга жол берилет.
Өндүрүштүк имараттардын чатырсыз жабууларында l0 = 0,14 жана андан аз жылуулук изоляциялоочу материалдарды колдонууга жол берилет.
Желдетилүүчү жана жарым-жартылай желдетилүүчү чатырсыз жана чатырлуу тамбашыларда жылуулук изоляциялоочу катмар күйбөс материалдардан болушу керек. Мында жылуулук изоляциялоочу катмардын астындагы негиз күйбөс материалдардан болушу керек.
Пенополистиролдук жылуулагычтарды инверсиялык калканчыктарда жана цемент-кум тегиздемесинин астындагы чатырлуу калкаларда гана колдонууга жол берилет. Пенополистиролду желдетилбеген, желдетилүүчү, жарым-жартылай желдетилүүчү чатырсыз жабууларда колдонууга жол берилбейт.
2.13 Чатырлуу жайда жүргөндө жылуулук изоляциясын тыгыздоодон сактоо үчүн жүрүүчү такталарды төшөө каралышы керек.
Жылуулук изоляциялоочу материалды чаңдан, кокустан нымдануудан ж.б. коргоо үчүн жылуулагычтын үстү боюнча коргоочу катмар же тегиздеме каралышы керек (жылуулагычтан нымдын бууланышына тоскоол болбогон материалдардан).
Күйүп кетүүчү материалдарды колдонууда өрткө каршы ченемдердин талаптары сакталышы керек.
Муздак жана ачык чатыр менен тамбашыда (Б тиркемесин караңыз) чатырлуу калкалар боюнча, тамбашынын жээктеме бөлүгүндөгү имараттын сырткы периметри боюнча туурасы 1 метрден кем эмес тилке менен төшөлгөн жылуулук изоляциялоочу катмар нымдуулуктан жана түрмөктөлгөн гидроизоляциялык материалдар менен инфильтрациядан корголушу керек. Жылуулук изоляциялоочу материал буу изоляциясын орноткондон кийин гана чатырлуу калкага коюлушу керек.
Жантаймалуу желдетилүүчү тамбашыларды жабууда жылуулук изоляциялоочу материалдар же буюмдар чатырустундардын ортосундагы көңдөйгө салынышы керек. Сырттагы жылуулагыч шамалдын жана гидроизоляциялык материалдар менен атмосфералык таасирлерден корголот. Ички жагынан жылуулагыч жайлардын жылуу абасында турган нымдан буу изоляциясы менен корголот. Желдетилүүчү аба катмары жабуунун ысып кетишин азайтуучу жылуулагычтын үстүндө бир же эки аба жылчыгын камсыздоочу аралык бурустардын жардамы менен уюштурулушу мүмкүн (Б тиркемеси 3-сүрөт). Абанын жээктемеден чокуга жылышынын натыйжасында ным конструкциянын сыртына ташылат.
2.14 Имараттардын, анын ичинде техникалык чатырларда имаратты бойлото: бийиктиги 1,6 метрден кем эмес, туурасы 1,2 метрден кем эмес өтмө өткөөл каралышы керек. Узундугу 2 метрден ашпаган айрым участоктордо өткөөлдүн бийиктигин 1,2 метрге чейин, ал эми туурасын – 0,9 метрге чейин кичирейтүүгө жол берилет.
2.15 Чатырга жана тамбашына чыгуу имараттарды жана курулмаларды долбоорлоонун өрткө каршы ченемдеринин жана турак жай, коомдук имараттарды долбоорлоо боюнча ченемдердин талаптарына ылайык каралышы керек. Лифттер менен жабдылган имараттардын чатырына жана тамбашына чыгуу лифттердин машина жайлары менен чектеш жайлардан каралышы керек.
2.16 Муздак чатырды желдетүү үчүн, ошондой эле жайкы ысып кетүүнү болтурбоо же азайтуу үчүн имараттын ар бир тарабындагы сырткы дубалдарда (эң аз дегенде эки карама-каршы дубалда) суммардык аянты төмөнкүлөрдөн кем эмес көзөнөктөр каралышы керек:
I жана II климаттык райондор үчүн 1/50 чатырлуу калкалар;
III климаттык район үчүн 1/80 чатырлуу калкалар.
Ачык чатырдын дубалдарындагы желдетүүчү көзөнөктөрдүн өлчөмдөрү эсептөө менен аныкталат. Турак үйлөрдө имараттын ар бир узатасынан кеткен тарабындагы көзөнөктөрдүн аянтынын чатырлуу калканын аянтына катышы 1/30 кем эмес болушу керек.
Атмосфералык жаан-чачындын чатырга түшүүсүн болтурбоо үчүн тышкы дубал тосмолорундагы агып кирме-соруучу көзөнөктөргө тик кесилиште сынган же тепкичтүү профиль берилиши керек. Катуу шамал жана чаңдуу бороон болгон райондордо чатырдын дубалдарындагы желдетүүчү көзөнөктөргө жалюзи орнотулушу керек.
2.17 Ачык чатыр менен тамбашыларда желдетүүчү блоктор чатырлуу калканын деңгээлинде үзгүлтүккө учурайт жана анын үстүндө 0,6-0,9 метр бийиктиктеги бетон баштары менен вентканалдардын кесилишинин кайталанышы менен аяктайт.
Муздак жана ачык чатыр мейкиндигине канализациянын тик турмасынын жана таштанды түтүгүнүн желдетүүчү абасын, ошондой эле коркунучтуулуктун 1 жана 2-класстарындагы зыяндуу заттарды же жарылуу коркунучу бар заттарды камтыган жергиликтүү жана жалпы алмаштыруучу соруучу системалардан, ал эми муздак чатыр мейкиндигине – ошондой эле механикалык козгоочу соруучу системалардан ыргытууга жол берилбейт.
2.18 Турак жай жана коомдук имараттардын чатырсыз тамбашылары Л тиркемесине ылайык желдетилүүчү же жарым-жартылай желдетилүүчүлөр менен долбоорлонушу керек.
Тамбашынын конструкциясы көтөргүч элементтерден, ички жайлардан суу буусунун тамбашынын конструкциясына киришине тоскоол болуучу буу изоляциялоочу катмардан, натыйжалуу жылуулоочу катмардан, желдетилүүчү аба катмарынан же желдетүүчү каналдардан, калканчыкты табигый факторлордун таасиринен коргоочу гидроизоляциялык жабуунун (гидроизоляциялык килем) астындагы негизден (цемент-сүрүндү плиталарынан ЦКП жасалган курама тегиздемеден), механикалык бузулуулардан жана тышкы таасирлерден (күн радиациясынан, шамалдан) гидроизоляциялоону сактай турган коргоочу катмардан турушу керек.
Чатырсыз тамбашыларды долбоорлоодо конденсаттын топтолушун болтурбоо үчүн жылуулоочу катмарды желдетүү боюнча шарттар, КР КЧ 11-03 ылайык жылуулукка каршылык боюнча талаптар сакталышы керек.
Чатырсыз жана чатыр кабаттык тамбашылардын бардык типтери үчүн, ошондой эле жарым-жартылай желдетилүүчү жана желдетилбеген жабуулар үчүн КР КЧжЭ 23-01 талаптарына ылайык тосуучу конструкциянын жол берилген ным режими камсыздалышы керек.
2.19 Чатырсыз тамбашыларда желдетилүүчү кургатылуучу аба катмарлары жана каналдары жылуулук изоляциясынын үстүндө же анын жогорку зонасында жайгашышы керек. Аба катмарынын же каналдардын тамбашына салыштырмалуу узатасынан кеткен аянты тамбашынын горизонталдык проекциясынын аянтынан 1/300 кем эмес болушу керек. Эң кууш бөлүктөгү катмардын бийиктиги 50 мм кем эмес болушу керек. КР КЧжЭ 23-02 боюнча I жана II курулуш-климаттык зоналардагы жайлардын калканчыгынын жылуулугун азайтуу жана жылуулук кирүүсүн азайтуу максатында бул катышты 1/200 чейин көбөйтүү керек. Катмарлар жана каналдар сырткы аба менен эки сырткы фасад боюнча (желдетүүчү көзөнөктөр климаттык өзгөчөлүктөрдү жетекчиликке алуу менен жана шамал багыттары боюнча жайгаштырылышы керек), же агып кирме-соруучу аэраторлор системасы аркылуу байланышта болууга тийиш. Ар бир фасаддагы агып кирме-соруучу көзөнөктөрдүн аянты желдетилүүчү кургатылуучу катмардын (каналдардын) кесилишинин аянтынын 1/2 бөлүгүнөн кем эмес болушу керек. Көзөнөктөрдүн алдында шамалдын басымын азайтуучу салаңдамалар же экрандар орнотулбашы керек.
Желдетилүүчү аба катмарынын же желдетүүчү каналдардын узундугу 10 метрден ашык болгон учурда аэродинамикалык каршылыкты компенсациялоо боюнча чаралар (катмардын бийиктигин, желдетүүчү көзөнөктөрдүн аянтын көбөйтүү же башка техникалык чечимдер) каралышы керек.
2–т а б л и ц а
Калканчыктын тиби | Желдетүүчү жылчыктын минималдуу бийиктиги |
Металл черепица, профилдүү төшөмөл | 50 мм |
Туташ негиз боюнча жумшак калканчык | 50 мм |
Чатыркабат тамбашылар | 80 мм |
Жантайманын узундугу 10 метрден ашык | 2.19-пунктка ылайык |
2.20 Имараттардын тамбашыларындагы желдетилбеген аба катмарларына (боштуктарга) 60 %дан ашпаган абанын салыштырмалуу нымдуулугу менен жайлардын үстүнө жол берилет.
2.21 Желдетилбеген жабууларда цементтик камдаштыргыч фибролитти кошпогондо, жыгачты жана анын негизиндеги жылуулук изоляциялоочу материалдарды колдонууга уруксат берилбейт.
2.22 Металл профилдүү төшөмөлү жана күйүүчү жана оңой күйбөй турган материалдардан жасалган катуу жылуулук изоляциялоочу катмары бар имараттардын жабууларында төшөмөлдүн дубалдарга, деформациялык тигиштерге, фонарлардын дубалдарына, ошондой эле чатыр жылганын жана чатырдын чокусунун ар бир тарабына 250 мм узундукта төшөмөл кырларынын боштуктарын күйбөй турган материал (минералдык кебез ж. б.) менен жабууну кароо зарыл. Бул жерлерде КЧжЭ 2.03.11 талаптарына ылайык металлды коррозияга каршы коргоо каралышы керек.
Сырткы өрт тепкичтери жана тепкичтер бийиктиктин өйдө-ылдыйында жайгашкан жерлерде тепкичтин кермелеринин бири катары шарттуу өтмөктүн диаметри 80 мм болгон, тик турманын үстүнкү жана астыңкы учтарында ГМ-80 (НПБ 153) туташтыруучу баштары менен жабдылган тышкы тик турмалар (суу менен толтурулбаган) каралышы керек.
2.23 Көтөргүч профилдүү болот төшөмөлдөрү бар жабууларда күйүүчү материалдар, оңой тутануучу жана күйүүчү суюктуктар жана газдар бар аппараттарды жана жабдууларды орнотууга жол берилбейт.
2.24 Жылытылбаган жайлардын жана бастырмалардын калканчыгына жылытылуучу жайлардын калканчыгынан суу агызууну долбоорлоого жол берилбейт.
2.25 3 жана андан ашык кабаттагы турак жай имараттарынын, бийиктиги 10 метрден ашкан коомдук жана өндүрүштүк имараттардын тамбашыларынын периметри боюнча тосмолор каралышы керек. Тосмонун бийиктиги 0,6 метрден кем эмес болушу керек.
Эксплуатацияланып жаткан тамбашыларда тосмолор балкондорду тосуу үчүн МАМСТ 25772 ылайык, бирок 1,1 метрден кем эмес орнотулат.
2.26 Курама жана монолиттүү темир-бетон плиталарынан (түрмөктөлбөгөн жана жабуусуз калканчык), дааналанган материалдардан, лист болоттон, профлисттен жана металл черепицадан жасалган калканчыктары менен чатырлуу тамбашыларда чатырлуу жабуунун конструкциясы сейсмикалык таасирлерди кабыл алууга эсептелбейт. Сейсмикалык жүктү кабыл алган катуу горизонталдуу дисктин ролун чатырлуу калка аткарат.
2.27 Сейсмикалык райондордо жана катуу шамал болгон райондордо чатырлуу тамбашыларды орнотууда мауэрлаттарды көтөргүч сырткы жана ички дубалдарга 3 м кадам менен диаметри 12 мм анкердик буроолор менен бекитүү керек.
3 Калканчыктар
Калканчыктын классификациясы жана тибин тандоо
3.1 Калканчыктар төмөнкү негизги белгилер боюнча классификацияланат: материал боюнча:
- түрмөктүк жана мастикалык;
- металлдан;
- майда буюмдардан болгон материалдардан;
- курама темир-бетон;
- монолиттүү темир-бетон;
- жергиликтүү материалдан;
колдонуу өзгөчөлүгү боюнча:
- эксплуатациялануучу;
- эксплуатацияланбоочу;
даярдоо ыкмасы боюнча:
- толук заводдон даярдалуучу;
- курулуштук даярдалуучу.
3.2 Калканчыктын түрүн тандоо 3-таблица боюнча 3.3-пунктту эске алуу менен алардын эңкейиштерине, курулуш райондоруна жана калканчыктарга тийгизген таасирине жараша жүргүзүлөт.
Бир бөлүктөн турган калканчыктарды, аба ырайына чыдамдуу курама жана монолиттүү темир-бетонду, эң бышык жана эксплуатациялык чыгымдары аз металл калканчыкты колдонуу артыкчылыктуу.
Битум материалдарынан жана картондон жасалган эскирген түрмөктүк материалдарды колдонууну чектөө менен, заманбап, бышык түрмөктүк материалдарды колдонууга артыкчылык берүү керек.
3-т а б л и ц а
№ к/н | Калканчыктын түрү | Эӊкейиши, % | Калканчыкка тийгизген таасири | ||
°C ашпаган темпера-турага чейин ысытуу | кгс. м, ашык эмес механика-лык таасирлер | кислота-лык эритме-лер | |||
1
| Айнек материалдары менен бекемделген, күйбөй турган негиздеги жана мастикадагы түрмөк материалдардан: а – шагылдан коргоочу катмары бар түрмөктүк жана мастикалык битуминоздук; |
10 чейин |
65 |
2 |
Д |
| б – түрмөктүк жана мастикалык битуминоз чоӊ бүртүкчөлүү чачыратылган материалдардын үстүнкү катмары менен же коргоочу кошулма менен боёлгон; в – эластомердик түрмөктүк | 10-25
1,5-25 | 75
75 | Н
Н | Д
Д |
2 | Пайдаланылуучу, түрмөк жана ма- мастикалык, коргоочу катмар менен: |
|
|
|
|
| мастикалык, коргоочу катмар менен:
|
|
|
|
|
| а – цемент-кум эритмесинен; | 1,5 чейин | 65 | 5 | Н |
| б – бетон же армоцемент плиталарынан; | 1,5 чейин | 65 | 10 | Н |
| в –кум асфальт-бетондон | 1,5 чейин | 65 | 5 | Д |
3 | Темир-бетон: |
|
|
|
|
| а – курама (түрмөксүз жана жабуусуз калканчык); | 5-10 | 80 | 5 | Н |
| б – монолиттик (эксплуатациялануучу) | 2,5 чейин | 80 | 5 | Н |
4 | Даана материалдардан: а – асбестцементтелген листтер; | 25-33 | 80 | Н | Н |
| б – черепица | 40-50 | 80 | Н | Д |
5 | Металлдык: |
|
|
|
|
| а – листтен калканчыктык болот; | 16-25 | 100 | 5 | Н |
| б – профнастил жана профлист | 10-20 | 100 | 5 | Н |
| в – металлдык черепица | 15 кем эмес | 100 | 5 | Н |
Шарттуу белгилер:
Д – колдонууга жол берилет
Н – колдонууга жол берилбейт.
3-таблицага эскертүү
1 Калканчыктын жылытуу температурасы эсептөө менен аныкталат. Мында июль айы үчүн курулуш жылуулук техникасынын жана курулуш климатологиясынын ченемдери боюнча технологиялык жылуулук берүүлөр, ошондой эле күн радиациясынын таасири эске алынат.
Калканчыктын жылытуу температурасын төмөндөтүү үчүн коргоочу катмарлардын материалдары (мисалы, шагыл) ачык түстө колдонулушу керек.
Нурлуу жылуулуктун жергиликтүү булактарына дуушар болгондо,калканчыктын тиешелүү жерлери асма экрандар менен корголушу керек.
2 Жылытуу температурасы 80°Сден жогору болушу мүмкүн болгон жылуулук бөлүп чыгаруулары көбөйгөн имараттын чатырларынын аймактарында калыңдыгы 3 мм болгон жылмакай ширетилген болот листтерден жасалган калканчыктарды берүүгө жол берилет.
3 Механикалык таасирлер шарттуу түрдө массасы 10 кг катуу нерселерди 1 м бийиктиктен урганда жана курч бурчтары жана кабыргалары бар катуу нерселерди тартканда теңештирилет; металл күрөктөр менен иштегенде 5 кг салмактагы буюмдар; жыгач күрөктөр менен иштегенде 1 кг салмактагы буюмдар колдонулат.
4 Агрессивдүү чөйрөлөрдү камтыган мезгил-мезгили менен нымдаштыруучу өндүрүштүк бөлүп чыгаруулардын калканчыгына таасир этүү мүмкүнчүлүгү каралат.
5 Мастика 5-таблицага 3-4-эскертүүлөрдү эске алуу менен кошумчаларды камтышы керек.
6 Коргоочу катмар үчүн колдонулган шагыл кислоталарга жана аба ырайына туруктуу атырылып чыгуучу тектерден болушу керек.
7 Өзгөчө учурларда жол берилген эңкейиши 25 %дан ашык болгон калканчыктардын участокторунда эңкейиштин узундугу 1,5 метрден ашкан учурда ысыкка чыдамдуу мастикаларды колдонууну (5-таблица боюнча чектеш жерлерди орнотуу үчүн) жана бекитиле турган түрмөк материалдардын туурасын эске алуу менен калканчыктын астындагы негизге жабыла турган жыгач антисептикалык рейкаларга 225 мм өлчөмүндө суу изоляциялоочу килемди 200 мм өлчөмүндө мыктар менен бекитүүнү жана аларды калканчыктын жантайышы боюнча 70 мм кем эмес тизүү зарылдыгын кароо зарыл.
8 Зарыл учурларда суу изоляциялоочу килем боюнча 3.23-пунктка ылайык коргоочу боёк курамдарын коюуну кароо зарыл.
9 Түрмөк жана мастикалык материалдардан жасалган гидроизоляциясы бар эксплуатацияланган калканчыктарда коргоочу жабуу толугу менен гидроизоляциядан шагыл-кум катмары же желдетилген аба катмары менен В тиркемедеги 1-сүрөткө ылайык бөлүнүшү керек. Шагыл-кум катмары шамал соккон өсүмдүк уруктарынын өнүп чыгышынан антисептикалык болушу керек.
10 Колдонулган монолиттүү бетон калканчыктар гидроизоляция жана коргоочу катмар функцияларын аткарат, ошондуктан аларда бөлүүчү катмардын кереги жок.
3.3 Ири панелдүү жана ири блоктук курулушта аба ырайына чыдамдуу курама жана монолиттүү темир-бетон калканчыктарын эң узак мөөнөттүү жана эксплуатациялык чыгымдарды талап кылбайт.
Узундугу 6 метрден ашпаган кошулбаган калканчыктын бөлүнүүчү участокторуна профилдүү болот төшөмө калканчыктарын колдонууда, листтин ийилиши жок болгон учурда нөлдүк эңкейишке жол берилет, калган учурларда 3-таблицаны караңыз.
Даана материалдардан жасалган калканчык 5 кабаттан ашпаган имараттарда курулуштук даярдыкта колдонулушу керек. 4-таблицага ылайык эңкейиштер.
3.4 Калканчыктардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн керектүү учурларда даярдоочу заводдо суудан коргоочу катмар орнотуу менен же 3.38, 3.39-пункт-тарга ылайык атайын бетон колдонуу менен жогорку курулуштагы даярдыктагы жабуулардын индустриалдык конструкцияларын колдонууну кароо зарыл.
Ички суу агызгычы бар калканчыктарда суу агызуучу куйгучтун жогору жагынан бийиктиги 150 мм ашпаган босогосу менен авариялык суу агызгычты караштыруу керек (калканчыктын урап түшүүсүн жана астындагы жайларды суу каптатпоо үчүн).
Ички суу бургучтары бар калканчыктардакалканчыкты суу каптоону жана үстүнкү катмарды ашыкча жүктөөнү болтурбоо үчүн сөзсүз түрдө авариялык төгүү (экинчи суу бургуч) каралат.
3.5 Калканчыктын конструкциялары, материалдар, композициялар жана желимдөөчү мастикалар колдонуудагы стандарттарга, техникалык шарттарга ылайык же Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) менен макулдашуу болгондо алардын ишенимдүүлүгүн жана бышыктыгын кепилдеген уюмдардын, фирмалардын жана иштеп чыгуучу авторлордун сунуштары боюнча каралышы керек.
Түрмөктүк жана мастикалык материалдардан калканчыктар
3.6 Түрмөктүк жана мастикалык материалдардан жасалган калканчыктардын конструкциялары эңкейишине жана колдонулуучу материалдарга жараша (композициялык материалдарды кошкондо) 4-таблицага ылайык каралышы керек.
Ийилүү конструкциясы жүк астында ийилишин эске алуу менен анык-талууга тийиш, ошондой эле тамбашынын түрүнө жана долбоорлонгон суу буру системасына жараша тамбашынын бетинен сууну бурууну камсыз кылуу керек.
Картон негизиндеги же башка кыска мөөнөттүү, чириген негиздеги түрмөк-төлгөн калканчыктарды колдонууга убактылуу имараттар үчүн гана жол берилет.
Калканчыктын конструкциясы бүтүндөй калканчык системасын демонтаждабастан, гидроизоляциялык катмарды локалдуу оңдоого мүмкүндүк бериши керек.
Салттуу калканчык түрмөктүк жана мастикалык материалдар калканчыктары суу изоляциялоочу килемди жылуулук изоляциясынын үстүнө жайгаштыруу менен, ошондой эле жылуулук изоляциясынын астында инверсия-лык калканчык жасалышы мүмкүн. Курулуш министрлиги менен макулдашуу боюнча пайдалануу шартында калканчыктын бул түрүн изилдөө үчүн эксперименталдык тартипте инверсиялык калканчыкты колдонууга жол берилет. Инверсиялык калканчыкта жылуулук изоляциясы катары сууну аз сиңирүү (көлөмү боюнча 0,3 %дан көп эмес) менен мүнөздөлгөн экструзиялык көбүк полистирол гана колдонулушу керек. Көбүк полистиролго коргоочу (чыпкалоочу) катмар – синтетикалык булалардан жасалган тамырга каршы боз кендир, андан кийин 50 кг/м2 эсебинде шагылдан же бетон плиткадан жасалган жээк төшөлөт.
Түрмөктүү жана мастикалуу калканчыгы бар жабуу элементтери үчүн чечимдер В тиркемесине ылайык каралышы керек.
3.7 Рубероидден калканчык орнотуу жана пленка материалдарын жабыштыруу үчүн (ысык жана муздак) жабышчаак мастикаларды (анын ичинде атайын ширетүүнү колдонуу) калканчыктын түрүнө жана жантаюусуна жараша дайындоо керек. Бул учурда, 5-таблицадагы маалыматтарды колдонуу керек.
3.8 Калканчыктын деформациясын компенсациялоо жана томпойуп кетишин болтурбоо үчүн перфорацияланган рубероидден биринчи катмарды төшөө керек, же жылуулук изоляциялоочу такталардын негизи менен туурасы 150 мм тилкенин суу изоляциялоочу килеминин ортосунда калканчыктын жантай-масын бойлото так жабыштыруу, ал эми буу изоляциялоочу жана тегиздөөчү төшөмөлөр менен жабууларда (калканчыктын 8 %дан көп эмес эңкейиште) суу изоляциялоочу килемдин төмөнкү катмарын тилке же чекиттик чаптоо керек.
4-т а б л и ц а
Калканчык-тын жантаюусу, % | Калкан-чыктын түрү | Негизги суу изоляциялоочу килем | Суу изоляциялоочу килемдин үстү боюнча коргоочу катмар |
0-1,5тен аз (бир аз жантаюу менен жалпак) | Түрмөктүк | Түрмөктүк материалдардан 1)битум мастикасында 5 катмар рубероид 2)3 катмар эритилүүчү материалдар 3) пленкалуу материалдардын 3 катмары (битумдуу, полимердик, полимердик-битумдуу ж. б.). | Антисептикалык битум мастикасына шагыл катмары. Суу толтурулган калканчыктар үчүн антисептикалык битум мастикасында 20 мм шагыл катмары. |
Мастика-лык | Калыңдыгы 8-10 мм болгон мастикалык (битумдуу, полимердик ж.б.), чирүүгө туруктуу материалдар (айнек -боз кендир, айнек-торчо ж.б.) менен бекемделген | Антисептикалык битум же битумнорезин мастикасына шагыл катмары.
| |
1,5-2,5 аз (орточо жантаюу менен жалпак) | Түрмөктүк, мастика-лык | Үстүнкү катмарлардын ысыкка туруктуулук талаптарына жооп берген (3-4 саатка 80°С кем эмес) 3 катмар түрмөктүк материалдардан жана калыңдыгы 5-8 мм болгон ири бүртүкчөлүү мастикадан жасалган. жасалган. | Ири бүртүкчөлүү себилме менен түрмөктүк материал |
4-таблицанын уландысы
Калканчык-тын жантаюусу, % | Калкан-чыктын түрү | Негизги суу изоляциялоочу килем | Суу изоляциялоочу килемдин үстү боюнча коргоочу катмар | |
2,5-10дон аз (жалпак жантайың-кы) | Түрмөктүк, мастика-лык | Калыңдыгы 5-8 мм түрмөктүк материалдардын 3 катмарынан жана мастиктик композициялардан жасалган, 3-4 саатка ысыкка чыдамдуулугу 85°С кем эмес жана ийкемдүүлүгү минус 10°Сден көп эмес | Ири бүртүкчөлүү себилме менен түрмөктүк материал | |
10-25 (жантайыӊ-кы) | Түрмөктүк, мастика-лык | Ошондой эле калыңдыгы 5-8 мм түрмөктүк материалдардын 2 катмарынан жана мастиктик композициялардан жасалган, 3-4 саатка ысыкка чыдамдуулугу 90°С кем эмес жана ийкемдүүлүгү минус 10°Сден көп эмес | Ачык түстөгү тон менен ири бүртүкчөлүү себилмелер жана атмосфераны коргоо менен түрмөк материалы (мисалы, Бт-177) | |
Э с к е р т ү ү 1 Түстүү ири бүртүкчөлүү себилмеси жок, алюмохлорфосфат курамы, суюк айнек же башка аба ырайына туруктуу материалдар менен боёлбогон материалдардын үстүнкү катмары менен калканчыктын бышыктыгын жогорулатуу үчүн калканчыкты битум-полимер же башка аба ырайына туруктуу курамдар менен коргоо менен сырдалышы керек. Долбоордо боёкту 2-3 жылдан кийин калыбына келтирүү керектигин белгилөө керек. 2 Жеңил төгүлүүчү калканчыктардын участокторунда шагылдын коргоочу катмарынын ордуна оттон коргоочу кошулмалар менен сырдалышы керек. 3 Мастикалык калканчыктарда айнек тор боюнча негизди БН 50/50, ЕЯ 70/30, БЯ 90/10 маркасындагы битум эритмеси менен МАМСТ 6617 ылайык жердиктөө каралышы керек. Айнек тор менен бекемделген мастикалык калканчыктарда мастиканын жана арматуранын бир катмарын азайтууга жол берилет. 4 Кичине эңкейиштерде жана калканчыктын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда негизи менен желимдебей туруп, коюуланган (3-6 мм) серпилгич материалдардан (битумдуу-полимердик, полимердик) алдын ала желимделген тилкеден, андан кийин килемдин үстүнө 40 мм калыңдыктагы шагыл катмарын төшөөгө жол берилет. Ийкемдүү материалдардан жасалган бир катмарлуу калканчыктарды жаап турган гидроизоляциялык катмар катары кароого жол берилет. 5 Түрмөк калканчыктарды орнотууда, чирибеген негиздердеги материалдарга артыкчылык берилиши керек. 6 Калканчык материалдарын тандоо имараттын капиталдуулугуна жана калканчык материалдарынын касиеттерине жараша жүргүзүлүшү керек. | ||||
|
|
|
|
|
5-т а б л и ц а
Мастика түрү | Түзүлүш үчүн мастика маркасы | |||
Жантаюу менен калканчык участкасы, % | чектеш жерлер | |||
2,5 аз | 2,5 жана 10 аз | 10-25 | ||
Ысык битум | МБК-Г-80 | МБК-Г-85 | МБК-Г-90 | МБК-Г-100 |
Битум-резина ысык | МБР-Г-80 | МБР-Г-85 | МБР-Г-90 | МБР-Г-100 |
Муздак битум | - | МБК-Х-85 | Жол берилбейт | Жол берилбейт |
Муздак битум-латекс-кукерсоль | - | БЛК-Х-85 | Ошол эле | Ошол эле |
Муздак битум-кукерсоль | - | БК-Х-85 | Ошол эле | Ошол эле |
Э с к е р т ү ү
1 Мастика маркасындагы цифра анын ысыкка туруктуулук температурасын билдирет, °С.
2 2,5 %га чейинки эңкейиштеги калканчыктарда антисептикалык эмес рубероиддерди (картон негизинде) чаптоочу ысык жана муздак битум мастикалары битумдун салмагынын 4-5 % өлчөмүндө кремний фторун же фтордуу натрийди кошуу жолу менен (же башка фунгициддерди кошуу жолу менен) антисептикалык болушу керек. Мындай мастика үчүн толтургуч катары төмөнкү класстагы асбест колдонулушу керек. Муздак битум-латекс-кукерсоль жана битум-кукерсоль мастикасынын курамына антисептикалык кошулмаларды киргизүү талап кылынбайт.
3 40 %ке чейинки эӊкейиштеги калканчыктар үчүн колдонулуучу, щелочтуу чөйрөнүн таасирине кабылышы мүмкүн болгон битум мастикаларында хлорсульфополиэтилендик лактын 3-5 % өлчөмүндө (кургак зат боюнча) лак кошулмалары, карбонаттык тектерден (бор, акиташ) битум жана майда майдаланган толтургучтар болушу керек.
4 Пенополистирол, минералдык кебез, айнек-пластикалык плиталар жана пенополистиролду колдонуу менен композиттик изоляцияда жасалган калканчыктар үчүн чайыр жана муздак (эриткичтин негизинде) битум мастикаларын колдонууга жол берилбейт.
5 Муздак мастикаларды айнек материалдык базасы менен жабыштыруу үчүн колдонууга жол берилбейт.
6 Өзгөрүлмө жантайыңкы калканчыктар үчүн (мисалы, сегменттик фермалар менен жабууларда), калканчыктын эңкейишинин эң чоң мааниси боюнча мастика маркасы дайындалат.
Бутилкаучук негизиндеги эластомердик материалдарды чаптоо үчүн төмөнкү полимердик чаптама кошулмаларды жана мастикаларды колдонуу керек: курамы: НБВ-2, КН-2 каучук мастикасы же КН-3 (МАМСТ 24064), желим 88-НП (наириттик).
7 Суу обочолонтуучу килемдеги ысык мастиканын катмарларынын калыңдыгы 2 мм, муздак – 1 мм болушу керек.
Тилкелүү же чекиттүү чаптоо бирдей болушу керек жана калканчыктын тилкесинин аянтынын 25-35 % түзүшү керек. Мында аларды калканчыктын жантаймасын бойлото тоголотуу каралышы керек, ал эми калканчыктын кыры участогундагы тилкенин жогорку чети карама-каршы жантаймага 1 метрден кем эмес өтүшү керек. Жээктемелерде жана калканчыктардын чыгып турган конструкциялык элементтерге кошулган жерлеринде бардык чапталбаган участоктордон абанын сыртка чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл.
3.3 Негизинин деформациясы мүмкүн болгон участоктордо (чатыржылгаларда, жабуулардын монтаждык блокторунун ортосунда, салынган деформациялык тигиштердин үстүндө) түрмөк жана мастикалык калканчыктарда жаракалардын пайда болушун алдын алуу үчүн ошол эле материалдардан компенсациялык тилкелерди (туурасы 1 мге чейин) орнотууну кароо зарыл.
3.4 Жантаюусу 2,5 % жана андан ашык болгон калканчыктарда участоктордо негизги суу изоляциялоочу килемди түрмөк битуминоздуу калканчык материалдарынын эки катмары менен (түрмөк калканчыктарда) же айнек материалдары менен бекемделген эки мастикалык катмар менен (мастикалык калканчыктарда) же серпилгич материалдардын бир катмары менен бекемдөө каралышы керек, алар эңкейиштин бетине (ийилүү сызыгынан) 150 мм кем эмес жабылууга тийиш.
3.5 Битумдуу түрмөктүү материалдардан жасалган 10 % жана андан ашык жантайыңкы калканчыктардын чатыржылганын негизги сууну изоляциялоочу килемдин бекемделишинин туурасы боюнча коргоочу катмарды орнотууну кароо зарыл.
3.6 Жантаюусу 2,5 % жана андан ашык болгон калканчыктарда кырка ар бир тараптан 250 мм кеңдикке бир катмар менен (түрмөктөлгөн калканчыктарда) же айнек була же айнек тор менен бекемделген бир мастикалык катмар менен бекемделиши керек (мастикалыккалканчыктарда).
3.7 Калканчыктардын дубалдарга, шахталарга, фонарларга, деформациялык тигиштерге кошулган жерлеринде түрмөк калканчыктардагы негизги суу изоляциялоочу килемдин катмарлары үч катмар түрмөктөлгөн калканчык материалдары менен бекемделиши керек (үстүнкү катмарда ири бүртүкчөлүү же кабырчык түрүндөгү жөнөтмө болушу керек), мастикалык калканчыктарда В тиркемесинин 2-сүрөтүнө ылайык айнек материалдар (туташуулардын бети БТ-177 боёк менен боелушу керек) менен бекемделген үч катмар мастика менен бекемделиши керек.
3.8 Битумдуу материалдардан жасалган калканчыктарда кошумча суу изоляциялоочу килемдин катмарларын чаптоо үчүн 5-таблицага ылайык жогорку жылуулукка туруктуулугу бар мастикаларды колдонуу каралышы керек.
Дубалдын бийиктиги 250 мм чейин болгон суу изоляциялоочу килемдин катмарлары алардын үстүнкү бетине бекемделиши керек. Бийиктиги жогору болгондо, суу изоляциялоочу килемдин катмарлары тик беттерге бекитилиши керек.
3.9 Кошумча суу изоляциялык килемдин үстүнкү чети цинктелген калканчыктын болотунан же парапет плиталарынан жасалган коргоочу алжапкыч менен бекемделиши жана атмосфералык жаан-чачындан корголушу керек.
Коргоочу алжапкычтарды бири-бири менен суу өткөрбөөчү бириктирүү жана парапет плиталарынын ортосундагы тигиштерди жылчыксыздоочу мастикалар менен толтуруу каралышы керек.
3.10 Сырткы суу бурууда 400 мм кеңдиктеги битуминоздуу материалдардан жасалган түрмөктүк жана мастикалык калканчыктардын жээктеме жерлери негизги суу изоляциялоочу килем сыяктуу эле материалдын эки катмары менен бекемделиши керек. Сырткы дубалдардын чегинен чыккан жээктемелердин аймактарында калканчыктын жантаюусу жээктеменин жанындагы калканчык тегиздигинен кем болбошу керек.
3.11 Калканчыктын түтүктөрү, шахталар, тамбашынын желдеткичтери жана башка түзүлүштөр аркылуу өткөрүү үчүн көтөрүүчү плиталарга же жабуулардын төшөмөсүнө бийиктиги 300 мм кем эмес фланецтүү болот түтүктөр же темир бетон стакандар орнотулушу керек. Бул жерлер суу изоляциялоочу килемдин эки катмары менен бекемделиши керек жана В тиркеменин 4-сүрөтүнө ылайык цинктелген болот кол чатыр менен корголушу керек.
3.12 Анкердик болттор өтүүчү жерлерде негизги жана кошумча суу изоляциялоочу килемдин катмарларын жабуу үчүн, ошондой эле калканчыктын чыгып турган конструкциялык элементтерге кошулган жерлериндегидей эле негизди калканчыктын астына көтөрүү же жылчыксыз мастика катмары менен бекемдөө каралышы керек.
Түтүктөр жана шахталар бириктирилип, антенналар жана тирөөчтөр калканчыкты бузбай, шахталарга же тамбашынын конструкцияларына бекитилиши керек.
3.13 Коргоочу алжапкычтар, деформациялык тигиштердеги компенсаторлор, сырткы уюштурулган суу агызгычтын элементтери, парапеттердин жасалгалары жана жээктердин салаӊдамалары үчүн төмөнкүлөр каралышы керек:
- 0,5-0,8 мм калыңдыгы цинктелген калканчык болот;
- цинктелген калканчык сурмалар 3,5×40;
- 4×40 мм кесилишиндеги болот тилкелер, цинктелген же коррозияга каршы сырдалган-суу изоляциялоочу килемди жана коргоочу алжапкычтарды бетон, темир бетон, кыш ж.б. беттерге бекитүү үчүн;
- МАМСТ 25621 талаптарына ылайык келген жылчыксызтандырган мастикалар.
3.14 Калканчыктын коргоочу катмары үчүн шагыл кургак, чаңсыз, 5-10 мм жана 100дөн кем эмес суукка чыдамдуу болушу керек. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген таш күкүмдөрүн коргоочу катмар үчүн колдонууга жол берилет.
Шагылдын коргоочу катмарынын калыңдыгы 10 мм, ал эми күйүп жаткан жылуулук изоляциялоочу материалдын негизи боюнча аткарылган калканчыктарда 20 мм болушу керек.
Шагылдан коргоочу катмар 2 мм калыңдыктагы ысык мастикага төшөлүшү керек. Мастиканын жылуулук туруктуулугу 5-таблицага ылайык мастиканын жылуулук каршылыгынан төмөн болбошу керек.
Калканчыктын коргоочу катмарын 0-1,5 % эңкейиштерге орнотуу үчүн битум жана битум-каучук мастикалары порошок гербициддерин: симазинди 0,3-0,5 % өлчөмүндө же битумдун 1-15 % өлчөмүндө амин, натрий тузу 2,4Д кошуу менен өнүп чыгууга каршы антисептиктештирилиши керек.
3.15 Пайдаланылып жаткан калканчыктардын коргоочу катмары бетон, армоцемент жана башка плиталардан же 50дөн төмөн эмес маркадагы цемент-кум эритмесинен же жылуулук туруктуулугу 80°С төмөн эмес, калыңдыгы 30 мм кем эмес кумдуу асфальтобетондон каралышы керек. Коргоочу катмар материалдарынын суукка туруктуулугу боюнча маркасы 100дөн кем болбошу керек. Чөп менен капталган жер коргоочу катмарын курууга жол берилет.
Монолиттүү төшөөчү материалдардын коргоочу катмарында туурасы 10 мм (өз ара перпендикуляр багыттарда ар бир 1,5 мден көп эмес) жылчыксыздандыруу мастикалары менен толтурулган температуралык кичирейтүү тигиштерин камсыз кылуу зарыл.
3.16 Плиталык материалдардан коргоочу катмары менен пайдаланылып жаткан калканчыктарда калыңдыгы 30 мм кем эмес кварц кумунун катмары боюнча тактайларды төшөө каралышы керек.
Пайдаланылып жаткан калканчыктардын негизги суу изоляциялоочу килеминин үстүнө коргоочу катмар орнотулганга чейин 3.20-пунктка ылайык өнүп чыгууга каршы антисептирленген 2 мм калыңдыктагы ысык калканчык мастикасынын туташ катмарын салуу керек.
Коргоочу топурак катмары жана чөп жабуусу бар эксплуатацияланган жана инверсиялык калканчыктарда суу өткөрбөй турган килем чирикке чыдамдуу материалдардан жасалып, тамырга каршы катмар – синтетикалык була боз кендир менен корголушу керек.
Суу изоляциялоочу килемди орнотуу үчүн күйбөй турган айнек, синтетика негизиндеги битум жана битум-полимердик түрмөк материалдарды же эластомердик вулканизацияланган пленка материалдарды, ошондой эле жогорку кызмат мөөнөтү менен жогорку бышыктыктагы мастикалык материалдарды колдонуу керек.
Калканчыктын пайдаланылуучу участокторуна өтмөктөрдүн конструкциясын пайдаланылып жаткан калканчыктардын конструкциясына окшоштуруп кабыл алуу керек, же өтмөктөр үчүн жыгачтан жасалган торлуу жабуулар каралышы керек.
3.17 Сууну изоляциялоочу килем боюнча 10 % жана андан ашык эңкейиш менен калканчыктын участогунда щелочтуу өндүрүштүк бөлүнүп чыгуулардын таасири мүмкүн болсо, калканчык жабуучу, наириттин негизиндеги гуммирлөөчү курамды же 1:2 катышта хлорсульфирленген полиэтилендин жана битумдун негизиндеги курамды мастиканы коюуну кароо керек.
Щелочко туруктуу катмардын калыңдыгы 0,5 мм болушу керек.
3.18 Жай мезгилинде ысып кетүүнү азайтуу максатында суу толтурулган түрмөк жана мастикалык калканчыктарды колдонууга тыюу салынат.
3.19 Битуминоздуу, ийкемдүү материалдардан жана ийкемдүү композициялардан жасалган жабуулардын конструкциялык элементтери жана калканчыктын түрлөрү В тиркемесине ылайык кабыл алынышы керек.
3.20 Жогорку курулуштагы жабуунун комплекстүү плиталары жана монтаждык блоктору тиешелүүлүгүнө жараша түрмөктөлгөн сууну изоляциялоочу килемдин бирден кем эмес катмарына ээ болушу керек.
3.21 Эреже катары, калканчыкты жабуу үчүн негиз катары калканчыктын негизинин материалдарынын бекемдигин жана башка мүнөздөмөлөрүн камсыз кылган шартта алардын үстү боюнча тегиздемеси жок жабуулардын конструкциялык элементтери каралышы керек, анын ичинде:
4 керектүү кысуу күчү менен жылуулук изоляциялоочу катмар;
5 көтөрүүчү плиталардын тегиз беттери.
Темир-бетон плиталардын үстүн жылмалоо үчүн калыңдыгы 50 маркадагы орточо 5 мм цемент-кумдуу эритме каралышы керек.
5.1 Ири көӊдөйлүү жылуулук изоляциясы боюнча жеңил бетон, фибролит плиталарынан, көбүкайнектен жана монолит төшөлгөн бетондордон (мисалы, ири көӊдөйлүү керамзитобетон) 50 маркадагы 15 мм калыңдыктагы цемент-кум эритмесинен тегизделиши керек.
5.2 Ушул эрежени жана 2.12-пункттарды эске алуу менен изоляциялоо үчүн 25 мм калыңдыктагы 100 маркасындагы катуулугу жогорулаган (конустун ылдый түшүүсү 30 мм чейин) цемент-кум эритмесинен жасалган тегиздеме каралышы керек; бул учурда, жылуулук изоляциялоочу катмардын жогорку бөлүгүндө толтуруунун майда бөлүктөрүн жайгаштыруу жана ныктоо керек, же тегиздеменин астына рубероид катмарын салуу керек.
Курулуштук даярдоодогу тамбашыларды кургак аба ырайында, сырткы абанын орточо суткалык температурасы + 5°С төмөн болбогон учурда гана орнотууга жол берилет. Жумуштарды жана атмосфералык жаан-чачындарды аткаруу процессинде жылуулук изоляциялоочу катмардын материалын нымдаштырууга жол берилбейт. Атмосфералык жаан-чачын мезгилинде жылуулук изоляциялоочу катмарды нымдан коргоочу материалдар менен коргоо зарыл.
Жогоруда көрсөтүлгөн эрежеден тышкары, курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүндө нымдуулукту желдетүүчү каналдар системасы аркылуу чыгаруу жолу менен өзүн-өзү кургатуу системасы бар тамбашылар болуп саналат. Мындай тамбашынын мисалы Л тиркемесине ылайык жарым-жартылай желдетилген чатыр болуп саналат.
Толтурулган жылуулагычтын калыңдыгы 100 мм ашкан учурда тегиздемени диаметри 3 мм болгон арматурадан жасалган металл тор менен узунунан жана туурасынан 100 мм кадам менен бекемдөө керек.
5.3 Кыш мезгилинде монолиттүү жана плиталык жылуулагычтар боюнча иштерди жүргүзүү зарыл болгон учурда калыңдыгы 15 мм кумдуу асфальтбетон тегиздемени кароого жол берилет (50°С болгон учурда кысуу күчү 0,8 МПа); асфальтбетонду даярдоо үчүн парафиндин курамы 3,5 %дан ашпаган битум колдонулушу керек; кумдуу асфальтбетондун жылуулукка туруктуулугу курулуш жүрүп жаткан аймактагы абанын максималдуу температурасынан 2 эседен кем болбошу керек. Кум асфальт-бетондон жасалган тегиздемелерди калканчыктардын 25 % жантайышында, толтурулган жана кысылуучу жылуулоолор боюнча, муздак калканчык мастикаларына түрмөк материалдарды чаптоодо кароого жол берилбейт.
Кыш мезгилинде жана экономикалык негиздемеде бекемдиги 0,15 МПа кем болгон жылуулагычтар боюнча каалаган убакта цемент-кум эритмесинен тегиздеменин ордуна калыңдыгы 10 мм (МАМСТ 18124), эки жагына керосиндеги битумдун эритмеси менен кесилген жалпак асбест-цемент листтерди төшөөгө жол берилет; мында листтердин бурчтарына 50×50 см өлчөмүндөгү листтердин кесиндилерин төшөө каралышы керек; листтердин ортосундагы тигиштер 150 мм туурасы айнектен жасалган тилкелер менен чапталышы керек.
Чагылгандан коргоочу тор салынган жерлерде тегиздемени 30 мм чейин коюу керек.
5.4 Тегиздемелерде цемент-кум эритмесинен жасалган тегиздеменин үстүн өлчөмү 6×6 м ашпаган участокторго, ал эми кумдуу асфальт-бетондон жасалган тегиздеменин үстүн 4×4 м ашпаган участокторго бөлүүчү, жазылыгы 5 мм чейинки температуралык-кичирейүүчү тигиштер каралышы керек. Узундугу 6м көтөрүүчү плиталары бар жабууларда бул жерлер 3х3 м болууга тийиш. Тегиздемедеги температуралык-кичирейүүчү тигиштер көтөрүүчү плиталардын акыркы тигиштеринин үстүндө жана монолиттик жылуулук изоляциясынын катмарларындагы температуралык-кичирейүүчү тигиштердин үстүндө жайгашышы керек.
5.5 Монолиттүү төшөлүүчү тегиздемелердеги, жылуулук изоляциялоочу материалдардагы температуралык-кичирейүүчү тигиштер боюнча жана тирөөч плиталардын (жылууланбаган жабуулардын) рубероидге туурасынан 150 мм тилке төшөө жана тигиштин ылдый караган бир жагына чекит кылып жабыштыруу жана аларды тигиштин эки жагына туурасы 25-30 мм кылып жабыштыруу каралууга тийиш, мында суу изоляциялоочу килемдин төмөнкү катмарын тилке же чекит менен жабыштыруу каралбайт.
5.6 Калканчык дубалдарга, шахталарга жана башка конструкциялык элементтерге жанаша жаткан жерлерде суу изоляциялоочу килем үчүн негиз болуп конструкциялардын тегиз вертикалдуу беттери жана бийиктиги 100 мм кем эмес өткөөл жантайма чет энче (45°бурч менен) калканчыктын астында негиз катары колдонулуучу жылуулук изоляциялоочу материалдардан же 3.5-класстагы жеңил бетондон, 50 маркадагы цемент-кум эритмесинен жана кум асфальт-бетон конструкциялары кызмат кылууга тийиш.
Бул жерлерде кирпичтен дубалдарды 50-маркадагы цемент-кум эритмеси менен шыбоо каралышы керек. Панелдерди бекитүү үчүн дубалдын тегиздигинен чыгып турган металл мамылар ширетилген металл тордун үстүнө шыбалат.
5.7 Бетондон, цемент-кум эритмесинен жана башка материалдардан жасалган негиздин бети боюнча цемент бириктиргичте 1:2-1:3 катышында даярдалган керосиндеги битумдун эритмеси менен каптоо каралышы керек.
5.8 Буу тосмосун (жылуулук изоляциялоочу катмарды жана калканчыктын астындагы негизди жайдан кирген ным менен нымдаштыруудан сактоо үчүн) колдонуудагы эрежелердин жана ага К тиркемесинин талаптары боюнча эсептөөлөргө ылайык кароо керек.
Жабуулар дубалдарга, фонарлардын дубалдарына, шахталарга жана жабдууларга жанаша жайгашкан жерлерде буу изоляциясы жылуулук изоляциялоочу катмардын калыңдыгына барабар бийиктикке чейин уланышы керек, ал эми деформациялык тигиштерде буу изоляциясы металл компенсатордун четтерин жабышы керек.
Имараттардын бийиктигинин айырмачылыктарындагы деформациялык тигиштерде компенсаторлор жана цинктелген калканчыктын болот алжапкычтары болушу керек. Деформациялык тигиштердин конструкциясы имараттардын температуралык-чөкмө деформацияларында калканчыктан агып түшүүнү камсыз кылууга тийиш.
Коюлма (компенсаторлору) бар деформациялык тигиштерде күйбөй турган (минераловаттык ж.б.) жылуулагычтарды колдонуу керек.
Бийиктиги 600 ммден ашкан калканчыктардын чукул жерлеринде (сырткы уюшулбаган суу бургучта) ушул эрежелердин 3.21-пунктуна ылайык туурасы 0,75 метрден кем эмес коргоочу катмар каралышы керек.
Курама темир-бетон плиталардан калканчыктар
5.9 Курама темир-бетон плиталарынынкалканчыктары чатыр жабууларында колдонулат жана жүк көтөрүүчү жана гидроизоляциялык функцияларды айкалыштырган толук заводдук даяр панелдерден турат; бирдиктүү структуралык жана монтаждык элемент катары аткарылат.
5.10 Жабуунун темир-бетон элементтери функциялык арналышы боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:
суу агымы үчүн жантайыңкы беттерди (пандустарды) түзгөн каптоочу плиталар (калканчык панелдери);
ички суу агызуу системасына сууну чогултуу жана буруу үчүн лоток плиталары (суу чогултуучу лотоктор);
калканчык панелдеринин бириккен жерлерин бири-бири менен жана алардын башка тосуучу конструкцияларга кошулушун тосуу үчүн кулпу плиталары (жылчык бет).
5.11 Гидроизоляциянын түрүнө же ыкмасына жараша темир-бетон каптоо элементтери жасалат:
мастика, боёк же импрегнациялоочу кошулмаларды колдонуу менен гидроизоляция менен (түрмөксүз калканчык);
кошумча беттик гидроизоляциясыз бардык коргоочу функцияларды аткарган аба ырайына чыдамдуу бетондон (жапмасыз калканчык).
5.12 Түрмөксүз калканчык жабуунун темир-бетон элементтери кысылууга бекемдик классы В25тен кем эмес, сууга туруктуулук классы W6 кем эмес жана үшүккө туруктуулук даражасы Г 200 кем эмес бетондон жасалат. Калканчыктын үстүн жабуу үчүн кысылууга туруктуулугу боюнча В25 классынан кем эмес алдын ала чыңалуудагы же кадимки бетонду, сууга туруктуулугу боюнча W8 маркасындагы, үшүккө туруктуулугу боюнча Г 300 маркасындагы бетонду колдонуу зарыл.
5.13 Чатыр жабуусу, эреже катары, узунунан конструкциялык схема боюнча, панелдерди лотокко карата симметриялуу жайгаштыруу менен калканчык панелдерин суу чогултуучу лотокко жана чатырдын сырткы дубалдарына таянуу менен чечилет.
5.14 Чатырлуу жабуунун конструкциясы температуралык-нымдуулук жана сейсмикалык таасир этүүлөрдө панелдердин бириккен жерлеринде жана таяныч түйүндөрүндө деформациялардын эркиндигин камсыз кылууга тийиш.
5.15 Калканчык панелдери жана суу чогултуучу лотоктор, эреже катары, кырлуу, устундуу схема боюнча ийилген, аралыктын 1/200дөн ашпаган салыштырмалуу ийилүүсү менен иштелип чыккан. Курама каптоодо кесилбеген конструкцияларды колдонууга жол берилбейт.
5.16 Жабуунун темир-бетон элементтери арматура менен бекемделет:
кадимки – кысылган чөлкөмдүн конструкцияларында чылана турган нерселерди жайгаштырууда;
алдын ала-чыңалуу – чылануучу беттер конструкциялардын кесилишинин керилген чөлкөмүндө жайгашканда.
5.17 Жабуунун темир-бетон элементтерин бекемдигине, катуулугуна жана жаракаларга туруктуулугуна эсептөө КР КЧ 52-02 көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлүшү керек.
5.18 Жабуучу элементтердин сырткы (бетондук) катмарынын бетонунда даярдоо, кампалоо, ташуу, монтаждоо жана эксплуатациялоо процесси жүрөт.
Мастикалык, боеочу жана сиӊүүчү курамдар менен гидроизоляциясы бар калканчык элементтеринде жарылуу учурунда жаракалардын кыска мөөнөткө ачылышына жол берилет.
5.19 Жумушчу чиймелерде калканчык панелдери жана суу чогултуучу лотоктор көрсөтүлүшү керек:
6 «бети менен ылдый караган» абалда жасалат. Мында гидроизоляциялык жабуусу бар калканчык элементтеринин алдыңкы бети А2 төмөн эмес МАМСТ 13015 боюнча категорияга жана А1 үстүнкү изоляциясы жок категорияга ылайык келүүгө тийиш;
7 устундуу схемасы боюнча таяныч менен жумушчу абалында гана сакталат, ташылат жана орнотулат.
7.1 Түрмөксүз жана жабуусуз калканчыктарда эңкейиштердин жан-таюусу 5 % кем эмес; суу чогултуучу лотоктордо 2 % кем эмес болууга тийиш.
7.2 Калканчык панелдеринин жана жылчык беттердин текчелеринин калыңдыгы 40 мм кем эмес, ал эми суу топтоочу лотоктордун түбүнүн калыңдыгы 60 мм кем эмес, коргоочу катмардын калыңдыгы 20 мм болушу керек.
7.3 Курама темир-бетон калканчык элементтеринин бардык кошулган жерлери жана туташуулары тосулууга тийиш.
7.4 Курама темир-бетон плиталарынан жасалган калканчык элементтеринин, кошулган жерлердин жана туташуулардын техникалык чечимдеринин мисалдары Г тиркемесинде келтирилген.
7.5 Курама темир-бетон калканчык элементтеринин бардык кошулган жери жана туташуулары 4.9-4.11-пунктчасына ылайык жабылышы керек.
7.6 Калканчык элементтеринин, кошулган жерлердин жана туташуулардын техникалык чечимдери Г тиркемесинде берилген.
Монолиттүү темир-бетон плиталардан калканчыктар
7.7 Монолиттүү темир-бетон плиталардын калканчыктары үчүн 3.39-пункт боюнча физикалык-механикалык касиеттери бар бетон колдонуу керек.
Чыңалган бетонду колдонуу артыкчылыктуу.
7.8 Монолиттүү бетон калканчык катмары жабуу конструкциясынын бир бөлүгү болуп саналат жана негизинен гидроизоляциялык жана пол функцияларын аткарат. Тамбашынын калган конструкциялык элементтери (көтөргүч, теплоизоляциялык ж.б.) белгиленген тартипте кабыл алынат.
7.9 Калканчык катмары-калыңдыгы 40 мм кем эмес монолиттүү темир-бетон плитасы, деформациялык тигиштердин чегинде кесилбейт. Плита 100×100 мм же 100×150 мм ячейка өлчөмү менен ширетилген тордон жасалган конструкциялык арматура менен, диаметри 6 ммге чейинки зымды жана зарыл болгон учурда башка арматура буюмдарын колдонуу менен бекемделет.
7.10 Темир-бетон плиталары 0-1,5 % чектериндеги жантаюу менен тегиз, тепкичтүү контурлуу коюлушу мүмкүн (секи жайыбар ачык оюнзоок имараттарынын трибуналары ж.б.). Кадамдуу плиталардын горизонталдык бөлүктөрү 1 % эңкейиш менен долбоорлонушу керек, плиталардын кээ бир бөлүмдөрү 2,5 %га чейин эңкейиштерге ээ болушу мүмкүн.
7.11 Температуралык-нымдуулук жана сейсмикалык таасирлерде плитанын деформацияларынын эркин пайда болушун камсыз кылуу үчүн анын негиз менен жабышуусун жокко чыгаруу жана деформациялык тигиштерди уюштуруу керек. Тигиштердин ортосундагы аралык төмөнкүдөй:
кадимики темир-бетон үчүн – 6 м көп эмес;
өз алдынча чыңалуудагы темир-бетон үчүн (алдын ала чыңалуудагы бетондун негизинде) – 24 м ашык эмес.
7.12 Тепкичтүү плиталарда радиалдык октор боюнча гана деформациялык тигиштер түзүлүшү керек. Жалпак плиталарда деформациялык тигиштер өз ара перпендикуляр багытта тизилиши керек.
7.13 Деформациялык тигиштерде бетонго чектеш плиталарды салып цинктелген болот плитадан жасалган компенсаторлор каралышы керек.
7.14 Тик беттерге таянычтарды жайгаштырууда плита тосмого вертикалдуу бир тегиздикти түзүүчү тиешелүү конструкциялык арматура менен кеминде 200 мм бийиктикке киргизилиши керек.
7.15 Плиталардын конструкциясы анын үстүндөгү сууну суу чыгаруучу түзүлүштөргө толугу менен алып салууну караштырууга тийиш.
7.16 Монолиттүү темир-бетондон жасалган калканчыктардын, деформациялык тигиштердин жана туташ түйүндөрдүн техникалык чечимдери Д тиркемесинде берилген.
7.17 Жумушчу чиймелерде монолиттүү темир-бетондон калканчыктарды курууга коюлган милдеттүү талаптар келтирилиши керек.
Даана материалдардан калканчыктар
7.18 Даана калканчык материалдары катары төмөнкүлөр колдонулат:
8 асбест-цементтик листтер;
9 керамикалык, цемент-кумдуу, ийкемдүү (битумдуу) черепица ж.б.
9.1 Калканчыктын материалдары эңкейиштерине жараша 6-таблица боюнча каралышы керек.
9.2 Даана материалдардын калканчыгы, эреже катары, тилкелерден жасалган жыгач тордомонун үстүнө орнотулат жана жыгачтан же металл профилдерден жасалган катмарлуу же асма чатырустун түрүндө тирөөч конструкция менен тирелет. Темир-бетондон катмарланган тирөөчтөрдү дагы колдонсо болот.
Чатыр тамбашынын жыгач конструкциялары отко каршы жана антисептик менен тазаланышы керек.
9.3 Толкундуу асбест-цемент листтерден калканчыктаржылышуу жана бурчтарды кесүү жолу менен тыгыз кабатталган листтер менен төшөлөт.
Калканчыктын бийиктиги боюнча, асбест-цемент листтин кабатталган четинин толкуну чектеш барактын кабатталган четинин толкунун капташы керек. Калканчыктын эңкейишинде асбест-цемент листтеринин кабатталышы 150 мм кем эмес жана 300 мм ашпашы керек.
9.4 Асбест-цемент листтеринин ортосундагы бирикмелерди жылчыксыздандыруу үчүн жылчыксыз мастикаларды кароо керек.
9.5 Асбест-цемент калканчыктарында катар листтер диагоналдуу-карама-каршы бурчтарга ээ болушу керек. Жээктеме, кырка жана четки листтердин бир кесилген бурчу болушу керек. Бурчтарды кесүү баштапкы жээктеме жана акыркы кырка барактарда гана каралбайт.
6-т а б л и ц а
№ | Калкан-чыктын жантаюусу %, кем эмес | Колдонулуучу материалдар | Листтердин таянычтары-нын ортосундагы аралык, мм, кем эмес |
1 | 10 | Узунунан жана туурасынан бириктирилген СВ-1750 тибиндеги орто профилдеги асбест-цементтик толкундуу листтер | 750 |
2 | 25 | Ошондой эле, бириккен жерлерди жылчыксыздандыруу | 750 |
6-таблицасынын уландысы
№ | Калкан-чыктын жантаюусу %, кем эмес | Колдонулуучу материалдар | Листтердин таянычтары-нын ортосундагы аралык, мм, кем эмес |
3 | 10 | Жылчыксыздандырылып, узунунан жана туурасынан бириктирилген БУК маркаларынын, күчөтүлгөн профилдин асбест-цементтик толкундуу листтер | 1250 |
4 | 20 | Ошондой эле, бириккен жерлерди жылчыксыздандырбастан | 1250 |
5 | 10 | Жылчыксыздандырылып, узунунан жана туурасынан бириктирилген УВ-7,5-К, УВ-6-К тибиндеги, бирдейлештирилген профилдин асбест-цементтик толкундуу листтер | 1500 |
6 | 20 | Ошондой эле, бириккен жерлерди жылчыксыздандырбастан | 1500 |
7 | 33 | Ошол эле, эӊкейиштин узундугу 9 м чейин ВО листтерди колдонуу менен | 525 |
8 | 40 | Штамптуу, нуктуу, керамикалык черепица | 310 |
9 | 45 | Штамптуу, нуктуу, цемент-кумдуу черепица | 310 |
10 | 50 | Тасма сымал, нуктуу, керамикалык | 333 |
11 | 50 | Тасма сымал, жалпак, керамикалык черепица | 160 |
12 | 50 | Жалпак, полимердик-кумдуу черепица | 333 |
13 | 50 | Битумдук жана битумдук-полимердик плиткалар (жумшак черепица) | Туюк төшөмөл |
14 | 30...50 | Ошол эле, кошумча астыңкы катмар менен |
Э с к е р т ү ү
10 УВ-7,5-2500 тибиндеги асбестцемент барактары негизинен өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын өндүрүштүк имараттарынын жана курулмаларынын калканчыктары үчүн; УВ-б-1750 типтери – турак жай, коомдук жана айыл чарба имараттарынын чатыр жабуулары үчүн; ВУ-К тибиндеги өнөр жай ишканаларынын өндүрүштүк жана көмөкчү имараттары үчүн колдонулушу керек.
11 Данды сактоо үчүн кампа имараттарында калканчыгынын эңкейишине карабастан, листтердин ортосундагы бирикмелерди тыгыздоо каралышы керек.
12 Асбест-цементтик листтерди калканчыктын жантаюусуна колдонууда 25-33 %, ал эми листтердин таянычтарынын (тордомонун) ортосундагы эсептик аралыгы 525 мм ашпоого тийиш. Калканчыктын эңкейиши 25 % болсо эңкейиштин боюндагы листтердин бири-бирин капташы 200 мм кем эмес, калканчыктын эңкейишинин узундугу 9 м ашпоого тийиш. Калканчыктын эңкейиши 33 % жана барактары 120 мм кем эмес болсо, калканчыктын эңкейишинин узундугу 15 м ашпоого тийиш.
Калканчыктын жантаймасынын узундугу 9 м чейин жана жантайманын узатасынан 200 мм кем эмес лист кабатталганда бирикмелерди жылчыксыздандыруусуз 10 % жантаюу менен ВО барактарынан жана башка түрдөгү барактардан асбестцементтик калканчыктарды кароого жол берилет.
ВО листтерин бекитүү үчүн цинктелген мыктарды камсыз кылуу керек. Четки листтер бир кесилген бурчка ээ болушу керек. Бурчтарды кесүү баштапкы жээктүү жана акыркы кырка барактарда гана каралбайт.
12.1 Толкундуу листтер шифер мыктары же неопрен (резина) төшөмөлөрү бар бурамалар менен тордомого бекитилиши керек. Мыктын баштары коррозияга каршы капталышы керек.
12.2 Толкундуу асбест-цементтик барактардан жасалганкалканчыктарда деформацияларды компенсациялоо үчүн 12-18 м аркылуу деформациялык тигиштерди курулушу керек. Имараттын узундугу 25мге чейин болсо, асбестцементтик калканчыктарда деформациялык тигиштер талап кылынбайт.
12.3 Листтен жасалган калканчыктын кырка бөлүгүндөгү кырка асбест-цементтик тетиктерди колдонууда толкундар ортосундагы ойдуңдарды 50 маркадагы узундугу 150 мм цемент аралашмасы менен толтурууну кароо керек.
12.4 Калканчыктын кырлуу бөлүгүндө жайгашышы керек болгон желдетүүчү блоктордун, шахталардын жана башка инженердик жабдуулардын өтүүчү жерлеринде өтмө деталдар, цинктелген болоттон жасалган коргоочу алжапкычтар жана аларды блоктордун, шахталардын же жабдуулардын дубалдары менен жылчыксыз бириктирүү каралышы керек.
12.5 Калканчыктын дубалдарга жанаша турган жерлеринде цинктелген калканчык болоттон жасалган коргоочу алжапкычтар каралышы керек, алардын жогорку учу дубалга бекитилип, жылчыксыздандырылууга тийиш. Алжапкычтын төмөнкү учу жок дегенде бир толкун менен дал келиши керек. Калканчыктын эңкейишинде коргоочу алжапкычтар 100 мм кем эмес кабатталышы керек.
12.6 Антенна стенддери жана зымдарын бекитүү үчүн ар кандай таякча такталардын кырындагы тешиктерден өтүп, тирөөч конструкцияларга бекем туташтырылган жана суу агып кетүүсүнөн корголушу керек.
12.7 Калканчыктарда туурасы 400 мм тактайдан же бул максат үчүн касиеттери боюнча ылайыктуу башка материалдан жасалган тактайларды, кырдын бойлорунда, калканчыктын каптал дубалдарынын жантайышында, деформациялык тигиштерде, ошондой эле желдетүүчү жана башка тейленүүчү жабдууларга өтүүчү жерлерде жабууну кароо керек.
12.8 Асбест-цемент листтеринин калканчыгынын чечимдери сунушталган Е тиркемесине ылайык кабыл алынышы керек.
12.9 Асбест-цемент калканчыгы менен жылууланган жабууларда жабуучу тактайлардын ортосундагы тигиштер боюнча, тактайлардын дубалдарга кошулган жерлеринде, деформациялык тигиштерде, шахталардын жана түтүктөрдүн жабуулары аркылуу өтүүчү жерлерде буу изоляциялык катмарды кароо зарыл.
12.10 Асбест-цементтик листтердин кичирейүүсүн жана ийилгенин азайтуу үчүн аларды сыртынан ГКЖ-94 же ГКЖ-11 кремний суюктугу же башка гидрофобдук курамдар менен гидрофобизациялоону кароо керек.
12.11 Асбест-цемент калканчыктары мүмкүн жөнөкөй формада болушу керек. Эгерде калканчыктын жээктеме участоктору күн радиациясынан коңшу курулуштар менен көмүскөдө калса, калканчык листтеринин узунунан жана туурасынан бириктирилишин жылчыксыздандырууну кароо зарыл.
12.12 Асбест-цемент листтеринин тешиктеринин диаметри, алардын бөлүнүшүнө жол бербөө үчүн, бекитүүчү элементтин таякчасынын диаметринен 2-3 мм чоңураак болушу керек.
12.13 Төшөлмөлөрү жылууланган жана асбест-цементтүү калканчыктары бар көп пролеттүү имараттарды долбоорлоодо орто чатыр жылганын участокторунда көрсөтмөлөргө жана 3.11-3.12-пунктка ылайык түрмөктүү материалдардан жасалган калканчыктарды кароого жол берилет.
12.14 Черепица калканчыгын курууда эңкейиштер 6-таблица боюнча черепицалардын түрүнө жараша кабыл алынат.
12.15 Төшөлгөн калканчыктын негизи (тирөөчтөрү) катары 50×60 мм өлчөмүндөгү жыгач блокторун жантайган устундарды бойлото, негизинен жыгачтан жасалган, колдонулган черепицанын узундугуна ылайык өсүш менен караш керек (5-таблица).
Калканчык плиткаларынын (жумшак черепица) калканчыгынын негизи жыгачтан, сууга туруктуу клеефанердик конструкциялардан же жыгач таарынды (жыгач чамынды) тактайлардан оттон корголбогон туташ жабуучу болушу керек. Өрткө каршы иш-чаралар тиешелүү эрежелерге, анын ичинде 7-бөлүмдө келтирилген эрежелерге ылайык каралышы керек.
12.16 Черепицалар тирөөчтөрдүн каптоо тилкесине керме менен бекитилет жана цинктелген зым атайын тешиктен өткөрүлөт.
Металл калканчыктар
12.17 Металл калканчыктар, 3-таблицага ылайык, кабыл алынган конструкцияга жана эңкейишке жараша, профилдик листтен, болот листтен, металл черепицадан же профилдик төшөмөлдөн колдонулушу керек. Цинктелген болот болоттон жасалган калканчык, профилдик лист жана профилдүү төшөмөл үчүн колдонулушу керек. Эки багыттагы профилдүү болот листтер коргоочу декоративдик каптоо менен, адатта, эңкейиштин узундугу катары колдонулат.
12.18 Массалык курулуштук имараттардын калканчыгынын жантаймаларын кадимки жабуу үчүн 4,0-4,5 кг/барак (калыңдыгы 0,51-0,57 мм) болгон болотту колдонуу керек. Капиталдык имараттарды, ошондой эле эң жооптуу конструкцияларды (жээктеме саландамалар, ноолор, фасаддардын архитектуралык деталдары) жабуу үчүн массасы 5-5,5 кг/лист (калыңдыгы 0,63-0,7 мм) бар листтерди колдонуу керек.
12.19 Калканчыкты жабуу үчүн негиз катары калыңдыгы 25 мм кем эмес тактайлардан жасалган сейрек төшөмөлдү же кадамы 250 ммден ашпаган 50×50 мм кырдуу устундан жасалган тордомону камсыз кылуу зарыл. Туурасы 70-75 см болгон жээктеменин участогунда калыңдыгы 25-32 мм тактайлардан туюк төшөмөл орнотулушу керек. Кырдын эки жагына, чатыр жылга жана капталына туурасы бир тактайдан төшөмөл орнотулат.
12.20 Калканчык жабуучу такталарды жабууга бекитүү үчүн, ошол эле болоттон жасалган тилкелерден жасалган кычкачтар колдонулат жана аларды 500 мм кадам менен тик тигиштерге жылдырылат. Жээктеме кырбулууну колдоо үчүн туурасы 25-40 мм, калыңдыгы 4-6 жана узундугу 450 мм болгон тилкелүү болоттон жасалган "Т" түрүндөгү балдактарды колдонуу керек. Ноону бекитүү үчүн калыңдыгы 5-6 мм, туурасы 16-25 мм жана узундугу 420 мм болгон тилкелүү болоттон илгичтер орнотулат. Илгичтерде жана балдактарда үч тешик тешилип, экөөнө мык кагылат, үчүнчүсү, камдалган оюк тешиктердин бири төшөлмөнүн тактайларынын ортосундагы боштукка дал келген учурда колдонулат. Техникалык жактан негизделген башка чечимдерди колдонууга жол берилет.
12.21 Болот листтерди жана тордомону жээктемеге бекитүү үчүн жана кляммерди бекитүү үчүн чоң капкактары бар, диаметри 3,5-4,0 жана узундугу 40-50 мм болгон атайын калканчык мыктарын колдонуу керек. Балдактарды жана илгичтерди кадоо үчүн калыңдыгы 3,5-4,0 жана узундугу 50-100 мм болгон кадимки курулуш мыктары же башка техникалык жактан негизделген бекиткичтер колдонулат.
12.22 Болот листти бекитүү үчүн кляммерлер, ноону бекитүү үчүн илгичтер, жээктеменин ашыктарын колдоо үчүн балдактар жана аларды бекитүү үчүн мыктар, болот бурамалар, өзүн өзү кескичтер жана металл профилдик листти жана металл черепицаны бекитүү үчүн шайбалар коррозияга каршы болушу керек.
Цинктелген болотту колдонууда бардык бекиткичтер цинктелген болушу керек.
12.23 Калканчыктын болот листтерин бири-бири менен бириктирүү бир жана эки тик жана жаткан бүктөмдөр менен жасалышы керек. Турган (кырлуу) тигиштер калканчыктын жантаймасын бойлото, ал эми жаткан тигиштер жантаймадан ылдый ийилип, туурасынан жайгашат. Жалгыз бүктөмдөр эңкейиши 20 % чейинки эңкейиштерде, ал эми эки бүктөмдөр 20 % ашык эңкейиштерде жана суу көп топтолгон жерлерде (арыктар, өрөөндөр ж.б.) колдонулат. Ар бир тигиштин астында сөзсүз түрдө кырдуу устун же төшөмөл тактасы болушу керек.
12.24 Болоттон жасалган калканчыктарды сырткы суу бургуч менен уюштурулбаган же уюштуруу керек. Уюшкан суу бургуч менен калканчыкта суу калканчык менен бирдей болоттон жасалган дубал же асма ноону, лотоктор, куйгучтар жана суу бургуч түтүктөр аркылуу чыгарылат. Суу бургуч түтүктөр бири-биринен 12-20 м аралыкта жайгашкан.
12.25 Болот профилдүү төшөлмөлөр негизинен өнөр жай жана өндүрүш объектилерине, эӊкейиштердин жөнөкөй формасына, ошондой эле коомдук жана өнөр жай имараттарына колдонулат. Заводдун коргоочу жана декоративдик жабуусунан тышкары, монтаждоодо майсыз бети боюнча боёк керек.
Көтөргүч профилдүү төшөмөл В тиркемесине ылайык тетиктери бар жылууланган жабууларда түрмөктөлгөн же мастикалык калканчыктын астындагы көтөргүчтүн колдоочу элементи катары же муздак жабуунун өз алдынча калканчыгы катары колдонулушу мүмкүн.
12.26 Профилдик төшөмөл калканчыктарда үстүнкү лист калканчыктын эңкейиши боюнча астынкы баракты жабышы керек:
- 17,5 % эӊкейиште 100 мм кем эмес;
- 10 %-17,5 % эӊкейиште уламаны жылчыксыздандыруу менен 200 мм.
Уламасы жок листтери бар калканчыктарда 5 % эңкейишке жол берилет.
12.27 Көтөрүүчү профилдик төшөлмө калканчыктын негизи катары да, өз алдынча калканчык катары да прокаттан жасалган металл сундурмага, же металл устундуу фермаларга, же структуралык конструкцияларга шайбалар жана герметизациялоочу төшөндүсү менен өзү бургулоочу бурамалар аркылуу бекитилип жабылат. Бурамалар үчүн тешиктер түздөн-түз орнотулган жерден бургуланат. Өзү бургулоочу бурамалар жана шайбалар коррозияга каршы коргоочу каптамга ээ болууга тийиш.
Төшөлмөнүн астындагы сундурмалардын аралыгы төшөлмөнүн мүнөздөмөсүнө жана жүктөмгө жараша эсептөө жолу менен аныкталат.
Жергиликтүү материалдардан жасалган калканчыктар
3.97 Жергиликтүү материалдардан жасалган калканчыктар суунун сыртка агуусу уюштурулбаган убактылуу имараттарда жана курулмаларда төмөнкүдөй материалдардан орнотулат:
- чопо-саман аралашмасынан;
- камыштын, пахтанын сабактарынан (гузапая) жана башка ушул сыяктуулардан бооланган, же төшөмөлөрдөн.
3.98 Чопо-самандуу калканчык негизинен жергиликтүү материалдардан, көбүнчө дубалдары топурактан тургузулган имараттардын чатыры жок тамбаштарынын курамында орнотулат. Мындай калканчыктын негизи катары жергиликтүү төмөнкү сорттогу жыгачтан жасалган жабуучу устундарынын үстүнө туташ төшөлгөн узун сабактуу өсүмдүктөрдөн төшөмөлөрколдонулат. Калканчыктын 1–3 % жантаюусучопо-саман аралашмасынан төшөмөлөрдүн үстүнө ар кандай калыңдыкта жабуунун эсебинен түзүлөт. Калканчыктын суу өткөрбөстүгүн жогорулатуу үчүн жаңы төшөлгөн чопо-саман аралашмасы бир аз нымдалып, тапталат, ал эми анын үстүнкү бети жарым суюк чопо эритмеси менен шыбалып, тегизделип жылмаланат. Өсүмдүк сабактарынан жасалган боолор жана төшөмөлөр өрткө каршы иштетүүдөн өткөрүлүшү керек.
3.99 Жантаюусу 10-20 % болгон боолордон же төшөмөлөрдөн жасалган калканчыктар сейрек ташталган тактайларга торчо түрүндө жайгаштырылат, ал тактайлар жергиликтүү төмөнкү сорттогу ичке жыгачтардан жасалып, ошол эле жыгачтын диаметри чоңураак түрүнөн даярдалган чатыр устундардын үстүнө орнотулат.
Өрткө каршы иш-чаралар тиешелүү эрежелерге, анын ичинде 7-бөлүмдө келтирилген талаптарга ылайык каралышы керек.
Эксплуатациялануучу калканчыктар
3.100 Эксплуатациялануучу калканчыктардын төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу керек:
- жөө жүргүнчүлөрдүн жүктөмдөрүнө ылайыкталган;
- автоунаалардын жүктөмдөрүнө ылайыкталган;
- жашылдандыруусу менен (жашыл газондор жана бакчалар менен).
Эксплуатациялануучу калканчыктардын техникалык чечимдери В тиркемесинин 6-сүрөтүндө жана Д тиркемесинде берилди.
3.101 Жөө жүрүүчүлөрдүн, же автоунаалардын жүктөмдөрүндө, ошондой эле жашылдандыруусу менен эксплуатациялануучу калканчыктардын жантаюусу (суу изоляциялоочу каптамдын) 1 % – 5 % чейин кабыл алынууга тийиш. Жашылдандыруусу менен калканчыктын бетин горизонталдык абалга келтирүү зарыл болгон учурда тегиздөө иштери калканчыктын үстүндөгү дренаждык жана кыртыштык катмарларынын калыңдыгын өзгөртүү аркылуу жүргүзүлөт.
Суу изоляциялоочу катмардын негизги жана кошумча катмарлары үчүн түрмөк битум-полимердик, бекемдөөчү (армирлөөчү) синтетикалык негизи бар битумдук жана эластомердик пленка материалдарды колдонуу керек.
3.102 Эксплуатациялануучу жана жашылдандыруусу менен калканчыктарды орнотууда суу изоляциялоочу төшөлмөнүн биринчи катмары түрмөк материалдан негизди тегиздебестен эркин түрдө төшөлөт. Ошону менен бирге эксплуатациялануучу жана жашылдандыруусу менен калканчыктар үчүн атайын иштелип чыккан түрмөк битум-полимердик материалдардан бир катмарлуу суу изоляциялоочу төшөлмө катмарын орнотууга жол берилет.
3.103 Эксплуатациялануучу калканчыктардын курамы көтөрүүчү конструкциялардын түрүнө, калканчыктын багытталышына, андагы жүктөмдөргө, өрткө каршы коргоо талаптарына, курчап турган чөйрөнүн агрессивдүүлүк даражасына, атмосфералык жаан-чачындарга жана калканчыкка түшкөн технологиялык калдыктарга жараша кабыл алынышы керек. Калканчык катмарларынын ар кандай вариантында анын курамында бөлүүчү, дренаждык жана демпфердик катмарларды сактоо милдеттүү болуп саналат.
Эксплуатациялануучу жана жашылдандыруусу менен калканчыктарда минералдык пахтадан жасалган жылуулук изоляциялоочу материалдарды, анын ичинде катуу минералдык пахтадан плиталарды колдонууга тыюу салынат.
3.104 Аянты чектелген ачык верандалар жана байкоо аянтчалары үчүн жөнгө салынуучу таянычтардагы жыгач, же майда өлчөмдөгү темир-бетон плиталарынан жасалганжөө жүрүүчүлөрдүн жүктөмдөрү катары колдонулган калканчыкты жасоо зарыл.
Мындай учурда жөнгө салынуучу тирөөчтөр суу изоляциялоочу төшөлмөнүн үстүнө орнотулат. Калканчыктын бардык түйүндөрү жана тетиктери жүрүүгө чек коюлган калканчыктарга окшош эле жасалат. Зарыл учурда жөнгө салынуучу тирөөчтөрду жана калканчтарды жылдын жылуу мезгилинде сезондук орнотуууга жана суук мезгилде кайра алып салууга болот.
3.105 Эксплуатациялануучу калканчыктарды курууда суу изоляциялоочу төшөлмөнүн үстүнө бөлүүчү-дренаждык демпфердик катмарды төшөө керек, ал төмөнкү материалдардан жасалат:
- комплекстүү көп катмарлуу полимер материалдан;
- салмагы 350 г/м² кем эмес геотекстиль катмарынан жана ири бүртүкчөлүү кум катмарынан;
- калыңдыгы 3 мм кем эмес синтетикалык кийиз жана шагыл катмарынан.
Суу изоляциялоочу төшөлмөнүн үстүнкү катмары үчүн заводдук ири бүртүкчөлүү себилмеси жок битум же битум-полимер материалдар колдонулса, анда геотекстилдин, же синтетикалык кийиздин астына калыңдыгы 100 мкм кем эмес синтетикалык пленка төшөлүшү керек. Бул дренаждык катмарды битумга толуудан коргоо үчүн жасалат.
Бетондон (темир-бетондон), же аралашмадан жасалган астынкы монолит катмарларда, ошондой эле монолит бетондон (темир-бетондон) жасалган үстүнкү катмарда эксплуатациялануучу калканчыктарды орнотууда бири-бирине перпендикулярдуу багыттарда ар бир 4 м 6 м чейинки аралыкта туурасы 5 мм 20 мм чейинки деформациялык жиктерди аткаруу зарыл. Мындан тышкары монолит катмарлардын деформациялык жиктери имараттын деформациялык жиктери менен дал келиши керек, алар дубалдарга жана тосмо дубалдарга кошулган жерлерден 0,25 м 0,5 м чейинки аралыкта жайгаштырылып, герметизациялоочу кошулмалар менен толтурулууга тийиш.
- Түйүндөр жана кошулган жерлер
4.1 Ар кандай типтеги калканчыктардын түйүндөрүн жана кошулган жерлерин долбоорлоонун жалпы принциби түйүндөр менен кошулган жерлердин конструкциялары кабыл алынган жабуулардын жана калканчыктын конструкцияларына толук шайкеш келиши керек.
Анткени толук курама тамбашынын жана даана материалдардан жасалган калканчыктардын түйүндөрү менен кошулган жерлери негизинен атайын кон-фигурациядагыкурама жана даана элементтерден жасалышы керек, ал эми туташ суу изоляциялоочу катмардан турган калканчыктардын түйүндөрү менен кошулган жерлери да калканчык катмарынын конструкциясын улантуучу туташ түзүлүштөр түрүндө аткарылып, зарыл учурларда тийиштүү түрдө бекемделиши шарт.
4.2 Бийиктиги 450 мм ашкан дубалдарга калканчыктын кошулган жерлерин В тиркемесинин 2-сүрөтүнө ылайык аткаруу зарыл.
4.3 Жабуулардын дубалдарга, фонарь дубалдарына, шахталарга жана жабуу аркылуу өтүүчү жабдууларга кошулган жерлеринде буу изоляциясы жылуулук изоляциялоочу катмардын калыңдыгына барабар бийиктикке көтөрүлүшү керек, ал эми деформациялык жиктери бар жерлерде металл компенсаторунун четтерин жаап турушу шарт.
4.4 Имараттардын бийиктиги кескин өзгөргөн жерлериндеги деформациялык жиктерде компенсаторлор жана цинктелген калканчык болотунан жасалган коргоочу фартуктар болушу керек. Деформациялык жиктердин конструкциясы имараттын температуралык-чөгүүчү деформациялары учурунда калканчыктан суу өтпөөсүн камсыз кылууга тийиш.
Коюлмасы бар деформациялык жиктерде жумшак минералдык пахта плиталарын же төшөмөлөрдү колдонуу зарыл.
4.5 Түрмөктүк жана мастикалык материалдардан жасалган калканчыктардагы деформациялык жиктердин түзүлүшүн В тиркемесинин 3-сүрөтүнө ылайык, калыңдыгы 3–4 мм лист болоттон кароо зарыл.
4.6 Түрмөктүк жана мастикалык материалдардан жасалган калканчыктар аркылуу түтүктөрдү өткөрүү чечимдери В тиркемесинин 4-сүрөтүндө берилген мисалды колдонуу менен каралышы зарыл.
4.7 Коргоочу катмар катары темир-бетон, же асбест-цемент плиткалары колдонулган эксплуатациялануучу калканчыгы бар жабууларда суу агызуучу куйгучтар жайгашкан жерлердеги калканчыктын чечимин В тиркемесинин 5-сүрөтүндөгү мисалга ылайык кабыл алуу зарыл.
4.8 Түрмөксүз жана жабуусуз калканчыктын толук чогултма плиталарынын темир-бетон суу топтоочу лотокторменен биригишин Г тиркемесинин 4-ж сүрөтүндө берилген мисалга ылайык кабыл алуу зарыл.
4.9 Темир-бетондон жасалган калканчык плиталарынын бири-бири менен кошулган жерлерин Г тиркемесинин 4 а, б, в-сүрөттөрүнө ылайык орнотуу зарыл. Бул учурда ички суу агызуу тутуму каралган болсо, калканчык плиталарынын чатырдын дубал тосмолоруна таянуу схемасын Г тиркемесинин 4-д сүрөтүнө ылайык плиталардын жогорку кырын тосмо дубалдын кырынан 100-500 мм аралыкка чыгаруу менен, же Г тиркемесинин 4-г сүрөтүнө ылайык кошулган жерди Г-түрүндөгү жарака жапкыч менен жабуу аркылуу кабыл алуу керек.
4.10 Толук курама темир-бетон калканчык плиталарынан жасалган там баштарында бардык кошулган жана тийишкен жерлер Г тиркемесинин 4. а-в сүрөтүнө ылайык, же атайын кошумча элементтер – жарака жапкычтар, же бекитүүчү плиталар менен, же чектеш элементтердин биринин консолдук кырын экинчисинин капталына чыгарып жабылат.
4.11 Курама темир-бетон калканчык плиталарынын фронтон дубалдарына кошулган жерлерин Г тиркемесинин 4-е сүрөтүнө ылайык плитанын четин фронтон дубал панелинин атайын кесилген жерине киргизүү менен аткаруу зарыл.
5 Суу агызуучу түзүлүштөр
5.1 Калканчыктардан жаандын жана эриген сууларды агызып чыгаруу тиешелүү имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо эрежелеринин талаптарын, ошондой эле имараттардын канализациясын жана суу агызуу тутумдарын долбоорлоо ченемдерин эске алуу менен каралышы зарыл.
5.2 Ички суу агызуу тутумдарынын суу кабыл алуучу куйгучтарын колдонуудагы ченемдердин талаптарына ылайык калканчыктын аянты боюнча бир калыпта жайгаштыруу зарыл. Чатыр жылга (ендова) боюнча жантаюуларды караштыруунун кажети жок. Куйгучтар бүтөлүп калган учурда босогосу 150 мм ашпаган авариялык суу төгүүчү түзүлүштөрдү (сууну сыртка агызуу) орнотуу керек.
5.3 Суу агызуу куйгучтарынын табактары көтөрүүчү төшөмөлөргө, же жабуу плиталарына камыттар менен бекитилиши жана ички суу агызуу тик түтүктөр менен компенсаторлор аркылуу туташтырылышы зарыл.
Болот профилденген төшөлмөсү жана жука темир-бетон плиталары бар жабууларга болоттон жасалган цинктелген табакчалар каралышы зарыл.
5.4 Суунун деңгээлин кармап туруу максатында зарыл учурда калканчыкты суу менен муздатуу үчүн алынма ашыкча сууну агызуучу келте түтүктөрдү орнотуу каралышы зарыл.
5.5 Суу кабыл алуучу куйгучтардын санын жана суу агызуучу түтүктөрдүн туурасынан кесилишинин аянттарын КЧжЭ 2.04.01 талаптарын эске алуу менен кабыл алуу зарыл.
5.6 Сырткы дубалдардын ички калыңдыгына суу агызуучу тик түтүктөрдү орнотууга жол берилбейт. Чатырлуу жана желдетилүүчү аба катмарлары бар жабууларда суу кабыл алуучу куйгучтардын келте түтүктөрү жана суу агызуучу тутумдун муздай турган тилкелери жылуулук изоляциясына ээ болушу керек. Суу кабыл алуучу куйгучтардын келте түтүктөрүн жана тик түтүктөрдүн муздай турган тилкелеринин чегинде аларды жылытуу каралышы зарыл.
5.7 Суу агызуучу куйгучтар орнотулган жерлерде куйгучтун кайырма кырына (фланец) чапталуучу негизги суу изоляциялоочу катмарды В тиркемесине ылайык эки катмар айнек кендир кездеме же айнек торчо менен арматураланган үч мастикалык катмар менен күчөтүү зарыл. Негизги суу изоляциялоочу катмарды күчөтүүнү калканчыкты курууда колдонулуучу эки катмар түрмөк материал жана мастикага каныккан бир катмар мүшөк кездемеси менен аткарууга жол берилет. Кысуучу шакекче куйгучтун табагына бекем бекитилиши керек.
5.8 Ноолор жана суу агызуучу түтүктөр аркылуу калканчыктардан тышкы уюштурулган суу агызууну долбоорлоодо тышкы суу агызуу тутумдарынын деталдарын жана суу агызуучу түтүктөрдүн өлчөмдөрүн колдонуудагы ченемдердин талаптарына ылайык аткаруу зарыл.
- Калканчыктардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чаралар
6.1 Түрмөк жана мастикалык калканчыктардын 1,5–2,5 % жантаюусу менен каралышы артыкчылыктуу болуп саналат. Чоң арыштуу (12 м ашык) конструк-циялардын жантаюусу эксплуатациялоо процессиндеги толук жүктөмдөн улам пайда болуучу конструкциянын ийилүүсүн эске алуу менен аныкталышы керек (аралыгы 18 м жана андан ашык болгон аз жантаюусу менен калканчыктардын металл конструкцияларына өзгөчө көңүл буруу талап кылынат).
6.2 Түрмөк калканчыктарды орнотууда чекиттик чаптоону ишке ашыруу үчүн жабуулардын негизине кургак бойдон (калканчыктын биринчи катмарынын астына чапталуучу мастиканы сүйкөбөстөн) перфорацияланган калканчык материалын төшөө зарыл. Андан кийин перфорацияланган материалдын бетине мастика сүйкөлүп, анын үстүнө кадимки (перфорацияланган) түрмөк материалдын тилкеси жайылып жана чапталат. Бул учурда төшөлүп жаткан катмарларды чекиттик чаптоо жүргүзүлөт. Калканчыктын кийинки катмарлары кадимки ыкма менен чапталат.
6.3 Перфорацияланган түрмөк материалдын диаметри 20-30 мм болгон тешиктери болуп, алардын борборлорунун ортосундагы кадамы 100х100 мм болушу керек.
6.4 Жабуунун ичиндеги жылуулук изоляциясынын үстүндөгү желдетилүүчү аба катмарынын талап кылынган бийиктиги бир жылдык эксплуатациялоо мезгилиндеги анын кургатуучу таасирин эсептөөнүн негизинде аныкталат жана ал 50 мм кем болбоого тийиш.
6.5 Жеңил, же көзөнөктүү бетон плиталарынан жасалган жабуулардагы каналдарды, эгерде жеңил бетондун баштапкы нымдуулугу 15 % (массасы боюнча) ашса жана жайдын ичиндеги абанын салыштырмалуу нымдуулугу 60 % жогору болгон учурда каралышы зарыл.
6.6 Колдонулуучу жаңы материалдар жана калканчыктардын конструкциялары ченемдик көрсөткүчтөрдөн төмөн болбошу керек жана шайкештик сертификаты менен материалдарды даярдоочу фирмалардын кепилдиктерине ээ болуга тийиш.
6.7 Калканчыктардын сапатын жогорулатуу жана имараттардын тамба-шында муз тоңуунун алдын алуу үчүн (чатыр жылга, ноолордо жана түтүктөрдө) кабелдик тоңууга каршы чатырды жылытуу тутумдарды орнотууга болот.
Тутумдун негизги элементтери катары өз алдынча жөнгө салуучу жылытуучу кабелдер кызмат кылат. Жылытуу тутумунда (электр түзүлүштөрүн орнотуу эрежелери) ЭТОЭнин бардык талаптарына жооп берген, ишенимдүү жана коопсуз энергия бөлүштүрүүчү тутумдар гана колдонулушу керек.
- Өрткө каршы талаптар
7.1 Калканчыктарды жана тамбаштарын долбоорлоодо жайларды, имараттарды жана курулмаларды өрткө каршы коргоого тиешелүү колдонуудагы ченемдердин жана эрежелердин талаптарын сактоо зарыл.
7.2 Өндүрүштүк имараттардын жана бийиктиги 10 м ашкан бардык имараттардын тышкы дубалдарынын периметри боюнча күйбөөчү тосмолор каралышы зарыл.
Ички суу агызуучу тутуму бар имараттарда тосмо катары тосмо дубалдарды колдонууга жол берилет. Тосмо дубалдын бийиктиги 0,6 м аз болгон учурда аны калканчыктын бетинен тартып 0,6 м бийиктикке чейин торчолуу тосмо менен толуктоо зарыл.
Эксплуатациялануучу калканчыктарда имараттын, же курулманын бийиктигине карабастан, тосмолорду орнотуу милдеттүү болуп саналат. Тосмолор балкондордунтосмолоруна коюлган талаптарга ылайык аткарылышы керек.
7.3 Отко туруктуулуктун бардык даражасындагы имараттарда калканчыкты, чатыр устунду жана чатыр жабууларынын торчолорун Г1–Г4 топторундагы материалдардан аткарууга жол берилет.
Мында чатыр устун менен чатыр жабууларынын торчолорун (өрт коркунучунун С2 жана С3 классындагы отко туруктуулук IV даражадагы имараттардан тышкары) өрткө каршы иштетүүдөн өткөрүү зарыл. Өрткө каршы иштетүүнүн сапаты конструкциянын Г3 тобунун талаптарына жооп берген деңгээлде болушу керек.
Чатырлуу имараттарда (отко туруктуулук IV даражадагы имараттарды кошпогондо), чатыр устун жана торчолору Г3, Г4 топторундагы материалдардан жасалган учурда, Г3, Г4 топторундагы материалдардан турган калканчыктарды колдонууга жол берилбейт.
7.4 Көтөрүүчү болот профилденген төшөлмөлөрү бар жабууларда күйүүчү материалдары, тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктары, ошондой эле газдары бар аппараттарды жана жабдууларды орнотууга жол берилбейт.
7.5 Шагыл толтурулбаган калканчыктын максималдуу жол берилген аянтын, ошондой эле өрткө каршы алкактар менен бөлүнгөн тилкелердин аянтын 7-таблицага ылайык кабыл алуу зарыл.
7-т а б л и ц а
Калканчыктын суу өткөрбөөчү төшөлмөсүнүн күйүүчүлүк топтору (К) жана жалындын таралуу топтору (ЖТ) төмөн болбоого тийиш | Калканчыктын астындагы негиз материалдардын күйүүчүлүк тобу төмөн эмес болууга тийиш: | Калканчыктын максималдуу жол берилген аянты шагыл толтурулбаган учурда, чарчы метрден ашпоого тийиш |
Г2, РП 2 | НГ, Г1 | Чектөөсүз |
Г2, Г3, Г4 | 10000 | |
Г3, РП2 | НГ, Г1 | 10000 |
Г2, Г3, Г4 | 6500 | |
Г3, РП3 | НГ, Г1 | 5200 |
| Г2 | 3600 |
| Г3 | 2000 |
| Г4 | 1200 |
Г4 | НГ, Г1 | 3600 |
Г2 | 2000 | |
Г3 | 1200 | |
Г4 | 400 |
7.6 Көтөрүүчү металл профилденген төшөлмөсү жана Г2–Г4 күйүүчү топтогу материалдардан турган жылуулук изоляциялоочу катмары бар калканчыктарда төшөлмөлөрдүн дубалдарга, деформациялык жиктерге, фонарлардын дубалдарына кошулган жерлеринде, ошондой эле калканчыктын кырынын жана ички кайырмасынын (ендоваларынын) ар бир тарабында төшөлмө гофраларынын боштуктарын 250 мм узундукта НГ тобундагы материалдар менен толтуруу каралышы керек. Эгерде калканчыкты жылуулоо үчүн ар кандай күйүүчүлүк көрсөткүчтөрү менен эки же андан көп жылуулоо катмарлары колдонулса, төшөлмө гофраларын толтуруу зарылдыгы жылуулук изоляциялоочу материалдын төмөнкү катмарынын күйүүчү тобу менен аныкталат. Гофра боштуктарын себелеме жылуулагыч менен толтурууга жол берилбейт.
7.7 Көп функционалдуу имараттарда үстүнкү жарык берүүчү чырактар (зениттик чырактар) түтүн чыгаруу тутумунда колдонулган учурда өрт чыккан кабар берилгенде ачылуу үчүн автоматтык, аралыктан башкарылуучу жана кол менен башкарылуучу жетекке (привод) ээ болушу керек. Ал эми силикат айнеги колдонулган учурда – асты жагынан коргоочу тор менен да жабдылышы зарыл.
7.8 Өндүрүштүк имараттарда орнотулуучу чырактар (зениттик, П-түрүндөгү жарык берүүчү, жарык-аэрациялык ж.б.) түтүн толбогудай болушу керек. Чырактардын узундугу 120 м. ашпоого тийиш. Чырактардынчеттеринин ортосундагы аралык, ошондой эле чырактын чети менен тышкы дубалдын ортосундагы аралык 6 м. кем болбошу зарыл. Чырактардын капкактарын ачуу механикалаштырылган (ачуу механизмдерин жайлардан чыга бериштеги которгучтар аркылуу кошуу) жана кол менен башкаруу тутуму менен кайталанган болушу керек. Түтүн чыгарууну эсептөөдө эске алынуучу ачылма зениттик чырактар калканчыктын аянты боюнча бир калыпта жайгаштырылууга тийиш.
7.9 Полимер материалдардан (органикалык айнек, полиэфирдик айнек-пластиктер ж.б.) жасалган жарык өткөрүүчү элементтери бар зениттик чырактарды отко туруктуулуктун биринчи жана экинчи даражасындагы имараттарда, Г жана Д категориясындагы жайларда гана колдонууга жол берилет, мында жабуулары күйбөс же кыйынчылык менен күйүүчү материалдардан жасалып, түрмөк калканчыгы шагылдан коргоочу катмарга ээ болушу шарт. Мындай чырактардын жарык өткөрүүчү элементтеринин жалпы аянты жабуунун жалпы аянтынын 15 % ашпоого тийиш, бир чырактын оюк аянты 10 чарчы метрден ашпоого тийиш, ал эми жарык өткөрүүчү элементтердин салыштырма салмагы 20 кг/чарчы метрден ашпоосу керек.
Полимер материалдардан жасалган жарык өткөрүүчү элементтери бар зениттик чырактардын ортосундагы аралык (жарык жерден) төмөнкүдөй болушу керек:
- жарык оюктарынын аянты 5 чарчы метрге чейин болсо – 4 м кем эмес;
- жарык оюктарынын аянты 5 чарчы метрден 10 чарчы метрге чейин болсо – 5 м кем эмес.
Чырактарды топторго бириктирген учурда алар бир чырак катары кабыл алынат жана жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр ошол топко карата колдонулат.
Полимер материалдардан жасалган жарык өткөрүүчү элементтери бар зениттик чырактардын ортосунда имараттын жабуусунун узунунан жана туурасынан кеткен багыттары боюнча ар бир 54 м сайын чоңдугу 6 м кем болбогон өрткө каршы ажырымдар каралышы керек. Өрткө каршы дубалдардан полимер материалдардан жасалган жарык өткөрүүчү толтургучтары бар зениттик чырактарга чейинки горизонталдык аралык 5 м кем болбошу зарыл.
7.10 Лист силикат айнектен, айнек-пакеттерден, профилдик айнектен жасалган зениттик чырактардынайнектеринин астына, ошондой эле тик бурчтуу жарык-аэрациялык чырактардын айнектеринин ички тарабын бойлой коргоочу металл торчолорду орнотуу каралышы керек.
7.11 Турак имараттардын турак эмес кабаттарында имараттын ичине курулган жана ага уланып курулган бөлүгүнүн жабууларынын көтөрүүчү конструкциялары кеминде КЕ145 мүнөт өрткө туруктуулук чегине жана өрттүн жайылышынын нөлдүк чегине ээ болушу керек.
Имараттын ичине курулган жана ага уланып курулган бөлүгүнүн калканчыгынын деңгээли имараттын негизги бөлүгүндөгү жогору жайгашкан турак жайлардын жертаманынын белгисинен жогору болбоого тийиш.
Жабууларды жылуулагыч күйбөс болушу керек. Жабуу күндөн ысышынан коргоочу катмарга ээ болуусу керек.
7.12 Турак жай имараттарынын чатыр кабаттарында жайгашкан жеке чыгармачылык студиялар (сүрөтчүлөрдүн жана архитекторлордун өнөрканалары) жашоочулар менен жалпы тепкич аянтына жана лифттерге чыгуучу бир эвакуациялык чыгуу менен долбоорлонушу керек.
Калканчыкка чыгуулардын саны жана алардын жайгашуусу имараттын функционалдык өрт коркунучуна жана өлчөмдөрүнө жараша каралышы керек, бирок кеминде бирден чыгуу төмөнкүдөй шарттарда болууга тийиш:
- чатырлуу жабуусу бар имараттын узундугунун ар бир толук жана толук эмес 100 м кеминде бирден чыгуу, ал эми Ф1, Ф2, Ф3 жана Ф4 классындагы имараттар (адамдар туруктуу жана убактылуу болуучу имараттар; оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелери; калкты тейлөө ишканалары; окуу жайлары; илимий жана долбоорлоо уюмдары) үчүн чатырсыз жабуусу бар имараттын калканчыгынын ар бир толук жана толук эмес 1000 чарчы метр аянтына кеминде бирден чыгуу кароо;
- Ф5 классындагы имараттардын (өндүрүштүк жана кампа имараттар менен курулмалар) периметри боюнча ар бир 200 м сайын өрт тепкичтери аркылуу кеминде бирден чыгуу каралышы керек.
Төмөнкүлөрдү карабай коюуга жол берилет:
- имараттын туурасы 150 м ашпаса, анын башкы фасадына өрт тепкичтерин;
- жабуусунун аянты 100 чарчы метрден ашпаган бир кабаттуу имараттар-дын калканчыгына чыгууну.
7.13 Тепкичаянттарынан калканчыкка, же чатырга чыгуулар кире бериштин алдындагы аянтчалары бар тепкич марштары аркылуу, өлчөмү 0,75×1,5 м кем болбогон экинчи типтеги өрткө каршы эшиктер аркылуу каралышы керек. Имараттардын чатырларында өлчөмү 0,6×0,8 м кем болбогон эшиктер, люктар, терезелер аркылуу стационардык тепкичтер менен жабдылган калканчыкка чыгуу жолдору каралышы зарыл.
Чатыр кабаттары бар имараттарда чатырлардын каптал боштуктарынын тосмо конструкцияларында люктарды орнотуу каралышы керек.
Калканчыктардын бийиктиги боюнча 1 м ашык айырмасы бар жерлеринде (анын ичинде жарык-аэрациялык чырактарды калканчыккакөтөрүү үчүн) өрт тепкичтери каралышы керек.
Эгерде 100 чарчы метрден ашкан калканчык аянтынын бир участогу 8.8 талаптарына жооп берген өзүнчө чыгусуна ээ болсо, же калканчыктын төмөнкү участогунун бийиктиги 8.8 боюнча аныкталган 10 м ашпаса, анда бийиктиги 10 м ашкан калканчыктардын деңгээлдеринин алмашуусунда өрт тепкичтери каралбайт.
7.14 10 м 20 м чейинки бийиктикке чыгуу үчүн жана калканчыктардын бийиктиги 1 м 20 м чейин алмашкан жерлеринде П1 тибиндеги өрт тепкичтери колдонулат. 20 м ашык бийиктикке чыгуу үчүн жана бийиктиги 20 м ашык алмашкан жерлеринде П2 тибиндеги өрт тепкичтери колдонулат.
Өрт тепкичтери күйбөс материалдардан жасалышы керек жана терезелерден 1 м жакын эмес аралыкта жайгашуусу керек.
7.15 Темир-бетон жабуулар жана профилдик төшөлмөлөрдүн үстүнө күйүүчү жылуулагычты колдонууга өрттөн коргоонун төмөнкүдөй эки чеги камсыз кылынган учурда жол берилет:
- аянты 50чарчы метр күйүүчү жылуулагыч анын периметри боюнча күйбөс жылуулагычтардан жасалган өрткө каршы тилкелер менен тосулат, ал эми жылуулагычтын үстүнөн калыңдыгы 30 мм кем болбогон цемент-кум шыбагы, же жеңил бетон менен капталат.
- аянты 500 чарчы метр болгон күйүүчү жылуулагыч имаратты туурасынан кесип өтүүчү, кеңдиги 6 м кем болбогон күйбөс жылуулагычтардан жасалган өрткө каршы алкактар менен кошумча тосулат.
Өрт коопсуздугунунколдонуудагы эрежелерине ылайык күйүүчү жылуулагычтардын аянты 1000 чарчы метр болгон учурда күйбөс жылуулагычтардан жасалган туурасы 6 м өрткө каршы бөлүүчү алкактарды гана орнотуу зарыл.
Өрткө каршы алкактарды (3.21-п. боюнча) эксплуатациялануучу калканчыктардын коргоочу катмарлары катары аткаруу керек, алар күйүүчүлүк тобу Г3 жана Г4 болгон материалдардан жасалган калканчыктын астындагы негизди (анын ичинде жылуулук изоляциясын) кесип өтүүгө тийиш, бирок бул материалдардын бүткүл калыңдыгы боюнча эмес.
7.16 Күйүүчү материалдардан калканчыктарды орнотууда төмөндө берилген өрт коопсуздугунун атайын эрежелерин сактоо зарыл.
7.16.1 Тез күйүүчү түрмөк материалдарын жана жылыткычтарды колдонуу менен байланышкан курулуш иштерине иш жүргүзүлүүчү орунду, технологиялык ырааттуулукту, ишти аткаруу ыкмаларын жана өрт коопсуздугун камсыз кылуучу конкреттүү өрткө каршы иш-чараларды көрсөтүү менен наряд-уруксат берилүүгө тийиш.
7.16.2 Күйүүчү жылуулагыч жана/же жумшак калканчык колдонулган жабууларды орнотууда иш башталганга чейин курулуш аянтында өрткө каршы суу менен камсыздоо системасын ишке киргизүү, имаратка тышкы өрт тепкичтерин орнотуу жана телефон байланышын (калканчыктын ар бир 5000 чарчы метр аянтына бир аппараттан кем эмес эсеп менен) орнотуу зарыл. Жеңилдетилген жабуулары бар имараттар чагылгандан коргоо тутуму менен камсыз кылынышы керек.
7.16.3 Калканчыктарды жабуу иштерин жүргүзүүдө (жабуулардын аянты 1000 чарчы метр жана андан көп болгондо) күйүүчү жана кыйычылык менен күйүүчү жылуулагычтарды жана түрмөк калканчыкты колдонуу менен өрт өчүрүү үчүн убактылуу суу өткөргүчү каралышы зарыл. Өрт крандарынын ортосундагы аралык калканчыктын бардык чекитине ар биринин өндүрүмдүүлүгү 5 л/с болгон экиден кем эмес агым менен суу берүү шартында кабыл алынат.
7.16.4 Күйүүчү материалдарды төшөө аянты 500 чарчы метрден ашпаган участоктор менен жүзөгө ашырылат.
7.16.5 Калың битум катмары менентүрмөк материалдарды колдонуп калканчыктарды орнотууга темир-бетон жабуу плиталарына гана жол берилет, мында күйбөс жылуулагычты жана жумуш органынын аймагында көзөмөлсүз күйүүнү болтурбай турган конструкциядагы түрмөк битумду эритүүчү агрегаттарды колдонуу керек.
7.16.6 Ширетүү жана ачык жалынды колдонуу менен байланышкан башка өрт иштерин курулуштун ушул участогунда өрт коопсуздугуна жооптуу адамдардын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүүгө жол берилет.
- Тамбашыларды реконструкциялоо
8.1 Тамбашыларды реконструкциялоо төмөнкү негизги ыкмалардын бири менен жүргүзүлүшү керек:
- учурдагы чатыр жайларды же техникалык кабаттарды кайра пландаштыруу (тамбашынын конструкциялык схемасын өзгөртпөстөн);
- Л тиркемеси боюнча жарым-жартылай желдетилген тамбашыны андан ары колдонуу менен жалпак, желдетилбеген, чатырсыз тамбашыларды реконструкциялоо;
- техникалык кабаттарды чатырлуу жайларга алмаштыруу (анын ичинде чатыркабат).
8.2 Тамбашыларды реконструкциялоонун бардык түрлөрү учурдагы конструкцияларды изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлүшү керек.
Изилдөө төмөнкүлөрдү камтышы керек (бирок чектелбейт):
13 учурдагы тамбашынын конструкциялык схемасын аныктоо;
14 реконструкциялоо процессинде демонтаждала турган конструкциялар-дын салмагын өлчөө;
15 реконструкциялоо процессинде демонтаждалбай турган конструкциялар-дын техникалык абалын текшерүү; үстүнкү конструкциялардын таянышы каралган тирөөч конструкцияларга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
8.3 Тамбашыларды реконструкциялоодо имараттардын коопсуздугун азайтууга жол берилбейт, анын ичинде:
16 өрт коопсуздугунун абалын начарлатууга;
17 учурдагы тирөөч конструкцияларга, негиздерге жана пайдубалдарга статикалык жүктөрдү аларды эсептик текшерүүсүз жана тийиштүү күчөтүүсүз көбөйтүү;
18 сейсмикалык туруктуулук (сейсмикалык коопсуздук) даражасын азайтуу.
8.4 Сейсмикалык райондордогу чатыр кабаттарды орнотуу үстүнкү түзүлүштөрдүн элементтеринен жана жаткан конструкциялардан төмөн турган жаңы түзүлгөн системанын динамикалык параметрлерине үстүңкү түзүлүштөрдүн таасирин эске алуу менен аткарылган эсептөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде жүргүзүлүшү керек.
Мындай таасирди минималдаштыргыдай кылып, чатыр кабаттар үчүн мейкиндикти пландаштыруу жана долбоорлоо чечимдерин кабыл алуу зарыл.
8.5 Техникалык ж.б. пайдаланылып жаткан жайларды (машыгуу залы, бильярд ж.б.) жайгаштыруу үчүн чатырды пайдаланууда чатыр жабуунун жылуулук изоляциясынын үстүнө полдорду (армоцементтик тегиздеме боюнча монолиттүү, жыгач кырка боюнча тактай ж.б.) төшөө, ошондой эле чатыр жабуунун жылуулук изоляциясын орнотуу зарыл.
Мында ушул эрежелердин 8.3-талаптары аткарылууга тийиш.
- Калканчыктарды оӊдоо
9.1 Калканчыкты оңдоо эки негизги жолдун бири менен жасалышы керек:
19 эски калканчыктын үстүнө жаңы калканчык конструкциясын коюу;
20 учурдагы калканчыкты алмаштыруу.
Эки учурда тең, конструкциясы же материалы боюнча жаңы калканчык болушу мүмкүн:
21 окшош эски;
22 башка типтеги.
Калканчыкты оңдоонун бардык түрлөрү 8.3 ылайык имараттардын коопсуздугун азайтпашы керек.
Төмөнкү шарттардын жок дегенде бири аткарылса, жаңы калканчыкты учурдагы калканчыктын үстүнө коюуга болбойт:
9 жаңы катмарлардын жүктөмү жол берилгис чоң (тирөөч конструкцияларды бекемдөөнүн чыгымдарын эске алуу менен);
10 нымдуулукка каныккан учурдагы калканчык;
11 жаңы калканчыктын негизи катары иштей албаган абалга чейин эскирген учурдагы калканчык;
12 колдонуудагы калканчыктар – майда бөлүктүү, конструкциялык кыймылдуу (мисалы – черепица ж. б.);
13 учурдагы калканчык жаңы калканчыкты эки же андан көп жолу колдонуу менен оңдолгон.
А.1 тиркемеси
Ченемдик шилтемелер
«Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» техникалык регламенти, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген;
«Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген;
«Тез тургузулчу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштардагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-августундагы №143 токтому менен бекитилген;
Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтому менен бекитилген;
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобо, Мамкурулуштун 2028-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа буйругу менен бекитилген;
КР КЭ 11-03:2018 Кыргыз Республикасындагы имараттардын, курулмалар-дын жана комплекстердин долбоордук документтеринин курамы, иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби;
КР КЭ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу;
КР КЭ 31-01:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;
КР КЭ 52-02:2024 Бетон жана темир-бетон конструкциялары. Негизги жоболор;
КР КЭ 53-01:2024 Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери;
КР КЭ 22-104:2024 Курулуш конструкцияларын жана курулмаларын коррозиядан коргоо;
КР КЭ 54-101:2023 Жыгач конструкциялары;
КРКЧжЭ 23-01:2009 Курулуш жылуулук техникасы.
КРКЧжЭ 23-02-00 Курулуш климатологиясы;
КЧжЭ 2.01.07-85 Жүктөмдөр жана таасирлер;
КЧжЭ 3.05.04-85* Суу менен камсыздоонун жана канализациянын тышкы тармактары жана курулмалары;
ӨКЧ 153-2000 Өрткө каршы жабдуулар үчүн бириктирүүчү баштар. Жалпы техникалык талаптар жана сыноо ыкмалары.
МАМСТ 6617-76*Мунайдан алынган курулуш битумдары. Техникалык шарттар;
МАМСТ 9573-2012 Синтетикалык байланыштыргычы менен минералдык кебезден жасалган жылуулук өткөрбөөчү плиталар. Техникалык шарттар;
МАМСТ 10499-95 Штапель айнек буласынан жасалган жылуулук өткөрбөөчү булалар. Техникалык шарттар;
МАМСТ 13015-2003 Курулуш үчүн темир-бетон жана бетон буюмдары. Кабыл алуу, маркалоо, ташуу жана сактоо эрежелери;
МАМСТ 15588-2014 Жылуулук өткөрбөөчү пенополистирол плиталары. Техникалык шарттар;
МАМСТ 18124-95 Жалпак асбест-цемент листтери. Техникалык шарттар;
МАМСТ 24045-2011 Курулуш үчүн трапеция түрүндөгү гофралары бар ийилген болот лист профилдери. Техникалык шарттар;
МАМСТ 24064-80 Каучуктуу желимдөөчү мастикалар. Техникалык шарттар;
МАМСТ 25621-83 Курулуш үчүн полимердик герметизациялоочу жана тыгыздоочу материалдар жана буюмдар. Классификация жана жалпы техникалык талаптар;
МАМСТ 25772-2021 Тепкичтердин, балкондордун, чатырлардын, тепкич марштарынын жана аянтчаларынын металл тосмолору. Жалпы техникалык шарттар;
МАМСТ 26633-2015 Оор жана майда бүртүктүү бетондор. Техникалык шарттар;
МАМСТ 26816-86 Цемент-кырынды плиталары. Техникалык шарттар;
МАМСТ 28013-98*Курулуш аралашмалары. Жалпы техникалык шарттар;
МамСТ 30340-2012 Толкундуу хризотил-цемент листтери. Техникалык шарттар;
МАМСТ 31015-2002 Асфальт-бетон аралашмалары жана шагыл-мастикалуу асфальт-бетон. Техникалык шарттар.
МАМСТ 31357-2007 Цемент байланыштыргычы менен курулуштун кургак аралашмалары. Жалпы техникалык шарттар;
МАМСТ 32310-2012 (ЕN 13164:2008) Курулушта колдонулуучу өнөр жай өндүрүшүндөгү экструзиялык пенополистиролдон жасалган ХР8 жылуулук өткөрбөөчү буюмдар. Техникалык шарттар;
МАМСТ 32314-2012 (ЕN 13162:2008) Курулушта колдонулуучу өнөр жай өндүрүшүндөгү минералдык кебезден жасалган жылуулук өткөрбөөчү буюмдар. Жалпы техникалык шарттар.
А.2 тиркемеси
Терминдер жана аныктамалар
Түрмөксүз калканчык: Сырдалган, мастикалуу, же сиңирүүчү гидроизоляциясы менен толук заводдук даярдыктагы курама темир-бетон плиталарынан жасалган калканчык.
Жабуусуз калканчык: Үстүнкү гидроизоляциясы жок, толук заводдук даярдыктагы курама темир-бетон плиталарынан жасалган калканчык.
Чатырсыз желдетилүүчү (желдетилбөөчү) тамбашы: Өтмө боштугу жок, жылуулук өткөрбөөчү катмардын үстүндө, же анын жогорку бөлүгүндө сырткы аба менен желдетилүүчү көңдөйү, же каналдары бар (же жок) тамбашы.
Чатырсыз жарым-жартылай желдетилүүчү тамбашы: Акыркы кабаттын жапкычы көтөрүп туруучу негиз болуп саналган жана жылуулоочу катмардын жогорку бөлүгүндө желдетүүчү жана диффузиялык (желдетүүнүн аэратордук тутумунда) каналдары бар чатырсыз тамбашы.
Битумдуу жалпак черепица: Битумдуу же битум-полимердик түрмөк материалынын тилкесинен жасалган, листтин бир чети фигуралуу кесилген жалпак лист түрүндөгү калканчык жабуучу буюм.
Битумдуу толкундуу черепица: Толкундуу картон листти битумдуу курам менен сиңирүү жана анын бетине жасалгалоочу катмарды сүйкөө жолу менен даярдалган калканчык жабуучу буюм.
Желдетүүчү канал: Жылыткычтын жогорку бөлүгүндөгү, калканчык аэраторлорунун тутуму, тосмо дубал же четки торчолор аркылуу анын желдетилишин камсыз кылуучу канал.
Суудан коргоочу пленка: Эки вентиляциялык каналы (жылчыктар) бар тамбашынын чатырустун конструкциясында колдонулуучу калканчык алдындагы полимердик түрмөк материал, ал жылуулук изоляциясын жана конструкцияны атмосфералык жаан-чачындардан коргойт, ошол эле учурда суу буусу канал ичиндеги абанын конвекциялык кыймылы аркылуу чыгарылат.
Суу бургуч: Калканчыктын бетинен сууну өз агымы менен буруп кетүү үчүн түзүлүштөр тутуму.
Суу топтоочу лоток: Курама темир-бетон чатыр астында боштугу бар тамбашынын ноотүрүндөгү элементи; ал атмосфералык жаан-чачындарды калканчыктан чогултуу жана уюштурулган суу бургуч тутумуна багыттоо үчүн кызмат кылат.
Суу агызуучу куйгуч: Ички суу бургучта калканчыктын бетине, же тышкы суу бургучта – асма суу агызуучу түтүктүн жогорку учуна, анын ичинде суу топтоочу лотокко орнотулуучу конструкциялык тетик.
Диффузиялык шамал жана суудан коргоочу пленка: Тамбашынын чатыр устун конструкциясы үчүн бир желдетүүчү каналы (жылчык) бар диффузиялык-ачык калканчык алдындагы полимер түрмөк материал; ал жылуулук изоляциясын жана конструкцияны атмосфералык жаан-чачындардан, конденсаттан коргойт, жылуулук изоляция аркылуу абанын конвекциялык кыймылын чектейт жана жылуулук изоляциядан буунун чыгып кетишине шарт түзөт.
Диффузиялык канал: Аэратордуквентиляция системасында тамбашынын бүткүл аянты боюнча бир калыптагы желдетүүнү камсыз кылуу үчүн желдетүү каналдарын өз ара байланыштырган жылуулагычтын жогорку бөлүгүндө жайгашкан канал.
Кошумча суу изоляциялоочу төшөлмө (түрмөк, же мастикалык): Суу изоляциялоочу катмарды күчөтүү үчүн чатыр жылгаларда, карниз бөлүктөрүндө жана ар кандай конструкциялык элементтерге туташкан жерлерде аткарылган түрмөк калканчык материалдарынан, же мастикалардан жасалган, анын ичинде айнек материалдар менен армирленген катмарлар .
Дренаждык катмар: Калканчыктан сууну агызуу үчүн колдонулуучу гранит шагылынан, профилденген дренаждык мембранадан, дренаждык төшөмөлдөн жана башка ушуга окшош материалдардан түзүлгөн катмар.
Чатыр жылга: Жабуунун суу агып түшө турган төмөн карай бириккен жантаймаларынын кесилиш жери.
Ноо: Калканчыктан сууну чогултуу, тышкы уюштурулган суу агызуу системасы аркылуу алып кетүү үчүн кызмат кылган, көбүнчө лист болоттон ийилип жасалган элемент.
Коргоочу катмар: Калканчыктын негизги суу изоляциялоочу катмарын механикалык бузулулардан, атмосфералык факторлордун түз таасиринен, күн радиациясынан жана калканчык бетинде оттун жайылышынан коргой турган элемент.
Инверсиялык калканчык: Суу өткөрбөөчү төшөлмөнүн үстүнө жылуулук өткөрбөөчү катмар төшөлгөн калканчык жабуусу.
Карниздик кырча: Дубалды жамгыр, же эриген кардын сууларынан коргоочу имараттын дубалынан сыртка чыгып турган тамбашынын бөлүгү.
Кыр: Тамбашынын суу бөлгүч сызыгын түзгөн эң жогорку горизонталдык кыры.
Каршы тосмо: Желдетүүчү каналды (жылчыкты) пайда кылуучу жана диффузиялык, же суудан коргоочу пленканы бекитүүчү чатыр устундун үстүнө орнотулган конструкциялык элемент.
Калканчык картинасы: Бири-бирине туташтыруу үчүн капталдары жана туурасынан кеткен кырлары бүктөлгөн металл листтен, анын ичинде түрмөк материалдардан жасалган камдык.
Калканчык плитасы: Түрмөк, же мастикалуу калканчык үчүн негиз, же көтөрүүчү жана тосмо катары колдонулуучу, жетолук заводдук даярдыктагы элемент боло турган (түрмөксүз жана каптоосуз калканчыктар) курама темир-бетон тамбашынын (жабуунун) негизги көтөрүүчү элементи .
Калканчык: Имаратты атмосфералык жаан-чачындардын киришинен коргоочу үстүнкү жабуунун эң жогорку элементи.
Тамбашы: Имараттарды жана курулмаларды климаттык факторлордон жана башка таасирлерден коргоого багытталган жогорку көтөрүүчү жана тосмо конструкциясы.
Чатыр кабат: Чатыр астындагы боштуктун ичинде жайгашкан турак жана/же турак эмес жайлары бар кабат, анын фасады толугу менен же жарым-жартылай жантайыңкы, же сынган тамбашынын бети (беттери) аркылуу түзүлөт, мында тамбашынын тегиздиги менен фасаддын кесилишүү сызыгы чатыр кабатынын полунун деңгээлинен 1,5 метрден ашпаган бийиктикте болууга тийиш.
Мастикалуу калканчык: Бир нече мастикалуу катмардан, анын ичинде армирленген (бекемделген) катмарлардан турган калканчык.
Мембрана: Эреже катары, калканчык жабуучу полимердик материал; ал негизге чапталат, механикалык түрдө бекитилет, же суу өткөрбөөчү катмардын астына эркин төшөлүп, кийин үстүнөн жүк менен бастырылат.
Жарака жапкыч: Толук курама тамбашыларынын негизги элементтеринин ортосундагы кошулган жерлерди жабуу үчүн колдонулуучу темир-бетон, же лист материалдардан жасалган кошумча курама элемент.
Токулбаган геотекстиль: Багытталган жана (же) багытталбаган (иретсиз жайгашкан) булалардан, жиптерден, филаменттерден жана башка элементтерден турган, механикалык, термикалык, физика-химиялык ыкмалар жана алардын ар кандай айкалыштары менен бекитилген материал.
Жашылдандырылган калканчык: Кыртыш катмарынан жана отургузуучу материалдан өсүмдүктөрдөн (чөптөрдөн), анын ичинде өз алдынча калыбына келтирүүчү түрлөрдөн (кургакчылыкка, үшүккө, шамалга туруктуу), бадалдардан жана дарактардан турган, өсүмдүктөргө туруктуу кам көрүүнү (чабуу, жер семирткич берүү, сугаруу, отоо ж.б.) талап кылган калканчык.
Негизги суу өткөрбөөчү катмар (түрмөктөлгөн жана мастикалуу калканчыктардын курамында): Калканчыктын негизине ырааттуулук менен төшөлүүчү, мастикадагы түрмөк материалдардын катмарлары, же айнек материалдар менен армирленген мастика катмарлары.
Ачык чатыр: Имараттын соруп чыгаруучу желдетүүсүндө абаны чатырдын ичине чыгаруу каралган чатырдын түрү. Мында чатырдын ичи дубалдардагы эсептелген кесилиштеги тешиктер аркылуу сырткы аба менен интенсивдүү түрдө желдетилип турат. Жылуулук изоляциясы чатырдын жабуусунун үстүнө орнотулат.
Буу изоляциялоочу катмар: Тосуучу конструкцияны тосулган жайдын абасындагы суу бууларынын таасиринен сактоо үчүн ошол конструкциянын ичине жайгаштырылуучу түрмөк, же мастикалык материалдардан турган катмар.
Жалпак тамыр системасы: Бадалдардын жана бактардын атайын даярдалган коюу топурагы менен болгон жалпак тамыр системасы (тамырлар чым-көң субстратында иштетилип, кендир кездеме менен оролушу керек).
Астыңкы катмар (астыңкы төшөлмө): Калканчыктын туташ төшөлмөсүн нымдан коргоо жана калканчыктын суу өткөрбөөчү касиетин жогорулатуу үчүн анын үстүнө төшөлүүчү түрмөк материалдын катмары.
Жабуу: Чатырлуу жана чатырсыз тамбашылардын эң үстүнкү тосуучу конструкциясы; ал бир эле учурда көтөрүүчү, гидроизоляциялоочу, ал эми жылуу чатыр болгон учурда жылуулук изоляциялоочу функцияларды аткарат.
Сактоочу катмар: Төшөлмөнү механикалык бузулуулардан сактоо үчүн негизги суу изоляциялоочу төшөлмө, же жылуулук изоляциясынын жана коргоочу катмардын же жүктүн ортосуна жайгаштырылуучу катмар.
Тамырга каршы катмар: Суу изоляциялоочу төшөлмөнү өсүмдүктөрдүн тамырлары тарабынан бузулуудан сактоо үчүн анын үстүнө төшөлүүчү катмар.
Бөлүүчү катмар: Жылуулук изоляциясынын нымдануусун жоюу үчүн анын жана цемент байланыштыргычтагы монолит тегиздөөнүн ортосуна, же бири-бирине шайкеш келбеген материалдардын тийишүүсүн болтурбоо үчүн алардын ортосуна төшөлүүчү түрмөк материалдын катмары.
Өсүмдүктүү катмар: Жашоого жөндөмдүүлүгү жогору болгон атайын тандалган өсүмдүктөр, жалпак тамырлуу системасы менен бадалдар жана бактар.
Негизги суу изоляциялоочу төшөлмөнү күчөтүүчү катмарлар: Чатыр жылгадагы, кыркадагы, карниздеги, ички суу агызгыч куйгучтардагы негизги суу изоляциялоочу төшөлмөнүн үстүнө, же астына төшөлүүчү түрмөк калканчык материалдарынын жана мастикалардын, анын ичинде айнек материалдар, же полимер булалуу катмарлар менен арматураланган катмарлар.
Болоттон жасалган толкундуу профилдүү лист: Листти профиль ийүүчү станда (жабдуулар топтому) муздак прокаттоо процессинде пайда болгон үзгүлтүксүз жайгашкан узунунан кеткен толкундары (гофралары) бар металл лист.
Болоттон жасалган профилдүү төшөлмө: Профилдердин толкундарына туурасынан жайгаштырылган, тамбашынын тирөөчү конструкцияларына бекитилген, өз ара узунунан кеткен четтери менен туташтырылган толкундуу лист профилдери.
Тегиздөөчү катмар: Төмөнкү бетти тегиздөө, же эңкейиш жаратуучу катмарды түзүү үчүн колдонулган монолиттик, же курама катмар.
Өсүмдүктөр үчүн субстрат: Өсүмдүктөрдүн өсүшү жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон негизги азык элементтеринин оптималдуу көлөмүн камтыган жана дренаждык жөндөмгө ээ болгон топурак аралашмасы.
Штапелдик булалардан жасалган термо-бекитилген геотекстиль: Штапелдик булалардан термикалык бекитүү жолу менен алынган түрмөк материал.
Калканчыктын жантаюусу: Салыштырмалуу мааниде пайыз менен туюнтулган, же калканчыктын жантаюу сызыгы менен анын горизонталдык тегиздиктеги проекциясынын ортосундагы градус менен туюнтулган бурч менен көрүнгөн калканчык тилкесинин бийиктик айырмасынын анын горизонталдык проекциясына болгон катышы.
Чыпкалоочу катмар: Өсүмдүктөр үчүн субстраттын майда бөлүкчөлөрүнүн дренажга түшүп кетүүсүнө тоскоол болууучу дренаж катмарындагы элемент.
Муздак чатыр: Соруп чыгаргыч желдетүү каналдарынын чатыр аркылуу сыртка өткөрүүсү каралган чатырдын түрү, мында жылуулук изоляциясы чатырдын жабуусуна орнотулат, ал эми тышкы тосуучу конструкциялары жылууланбайт.
Кырка: Тамбашынын бири-биринен ажыраган жантаймаларынан пайда болгон кыр.
Чатыр: Жабуу, дубал тосмолору жана чатырдын жабуусу менен чектелген өтмө боштук.
Эксплуатациялануучу калканчык: Жайларды атмосфералык таасирлерден коргоо өзүнүн негизги милдетинен тышкары жалпысынан пайдалуу аянтты кеңейтүү максатында башкамаксаттар үчүн да колдонулуучу калканчык.
Энергия үнөмдөө: Энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, илимий, өндүрүштүк, техникалык жана экономикалык чараларды ишке ашыруу.
Энергиялык натыйжалуулук (энергия ресурстарын натыйжалуу пайдалануу): Техниканын өнүгүүсүнүн учурдагы деңгээлинде жана курчап турган чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо менен энергетикалык ресурстарды пайдалануунун экономикалык жактан негизделген натыйжалуулугуна жетүү.
Натыйжалуу жылуулук изоляциялоочу материалдар: КР КЧжЭ 23-01 ылайык кургак абалындагы жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициенти 10 Вт/(м∙°С) ашпаган жылуулук изоляциялоочу материалдар.
Бул эрежелерде төмөнкү кыскартылган аталыштар колдонулду:
ЖБТК – жеңил болоттон жасалган жука дубалдуу конструкция;
КДМ – көлөмдүү диффузиялык мембрана;
БКП – багытталган-кырындылуу плита;
ПВХ – поливинилхлорид;
ТПО – термопластикалык полиолефиндер;
ЦКП – цемент-кырындылуу плита.
Б тиркемеси
Тамбашынын конструкциясынын принципиалдык схемасы
1-сүрөт – Түрмөксүз калканчык менен чатырлуу темир-бетон тамбашыларынын конструкциялык схемасы: а) муздак чатыр менен; б) ачык чатыр менен
1 – чатыр жабуусу; 2 – жылуулагыч; 3 –чатырдын сырткы дубалы; 4 – желдеткич блоктун башы; 5 – жабуунун калканчык плитасы; 6 – суу чогултуучу лоток
2-сүрөт –Чатырсыз тамбашылардын желдетпөөчү (а) жана желдетүүчү (б) жабуулары
1 – көтөргүч плита; 2 – буу изоляциясы; 3 – жылуулоо плиталарын чаптоо; 4 – жылуулук изоляциялоочу плиталар; 5 – желдетүүчү канал; 6 – арматураланган тегиздеме; 7 – акыркы фольга катмары менентүрмөктөлгөн материалдардан суу изоляциялоочу килем; 8 – темир-бетон плитасы; 9 – көтөргүч темир-бетон плита
3-сүрөт – Жылуулоонун үстүндө бир (а) жана эки аба боштуктары бар жантайыңкы тамбашыларды (чатыркабаттын үстүндө) жабуунун конструкциясынын техникалык чечимдери
1 – калканчык жабуулары; 2 – тордомо; 3 – шамалдан- жана гидро коргоочу пленка; 4 – аба жылчыгы; 5 –бөлгүч кырдуу таш; 6 – жылуулук изоляциясы; 7 – чатыр устун; 8 – буу изоляциясы; 9 – ички жасалга
В тиркемеси
Түрмөктүк жана мастикалык калканчык менен жабуу элементтеринин чечими
а)
б)
1а-сүрөт – Пайдаланылбаган калканчыктардын конструкциялык чечимдери
1– металл лист бүктөмөлөнгөн профиль; 2 – буу изоляциясы; 3 – минералдык кебезден (МАМСТ 9573, МАМСТ 32314) же айнек-була (МАМСТ 10499) 40 кПадан кем эмес линиялык деформацияда кысуу бекемдиги менен жылуулук изоляциялоочу плиталар; 3а – көбүк полистирол (МАМСТ 15588) же минералдык кебезден 10 % сызыктуу деформацияда кысуу бекемдиги тийиштүүлүгүнө жараша 100 же 60 кПа кем эмес плиталар; 4 – бекитүүчү элемент; 5 – жердиктегич; 6 – суу изоляциялык килем (Б тиркемени караӊыз); 7 – пресстелген хризотилцементтүү жалпак листтерден (МАМСТ 18124) же цемент-таарынды такталардан турган курама тегиздеме (МАМСТ 26816); 7а – тактайлардан, сууга чыдамдуу фанерден же ОСП-3, ОСП-4, 1050 кг/м3 кем эмес тыгыздыктагы фибролит плиталардан туюк төшөмөл; в – жыгач салынма менен көбүк полиуретан плитасынын жылуулук изоляциясы; 9 – битум катмары; 10 – полимердик (эластомердик же термопластикалык) түрмөк материалдардан жасалган суу изоляциялоочу килем; 11 – көбүк-айнектен жылуулук изоляциясы; 12 – плита жылуулагычы; 13 – контртордомо, 14 – тордомо; 75 – чатыр устун; 16 – каптоо үчүн каркас; 16а – жыгач кырдуу устун; 17 – ички каптоо; 18 – диффузиялык шамалдан коргоочу пленка; 19 – суудан коргоочу пленка; 20 – эки каналдуу жылчык; 21 – цемент-кум эритмесинен (МАМСТ 28013, МАМСТ 31357), майда бүртүкчөлүү бетондон (МАМСТ 26633) же асфальтбетондон (МАМСТ 31015)жасалган монолиттүү тегиздөөчү тегиздеме; 22 – бөлүштүрүүчү катмар; 23 – монолиттик жылуулагыч (мисалы, полистиролбетон боюнча МАМСТ Р 51263 же жеңил бетон боюнча МАМСТ 25820); 24 – бир каналдуу жылчык; 25 – курама же монолиттүү плиталар
1б-сүрөт – Эксплуатацияланган, инверсиялык жана жашылдандырылган калканчыктардын конструкциялык чечимдери
1 – курама же монолиттүү темир-бетон плиталар; 2 – цемент-кум эритмесин тегиздөөчү тегиздеме же куюлган асфальт-бетон катмары; 3 – буу изоляциясы; 4 – жантайма катмар; 5 – жылуулук изоляциясы; 6 – бөлүштүрүүчү катмар; 7 –цемент-кум тегиздемеси; 8 – суу изоляциялык килеми; 9 – фильтрлөөчү катмар (токулган эмес геотекстиль); 10 – жөнгө салуучу таяныч; 11 – тротуар плиткасы; 12 – калыңдыгы 150 мм кем эмес гранит шагылы; 13 – бетондон, граниттен плитка же таманташ; 14 – цемент-кум аралашмасы; 15 – асфальт-бетон; 16 – арматураланган бетон плитасы; 17 – коопсуздук катмары, мисалы, геотекстильден кеминде 1300 статикалык басуу күчү менен; 18 – арматураланган цемент-кумдуу тегиздеме; 19 – шагыл таш катмары; 20 – тамырга каршы пленка; 21 – дренаждык-суу топтоочу мембрана; 22 – топурак катмары; 23 – өсүмдүк катмары; 24 – ным топтоочу мат же дренажды кармоочу элемент (3 % дан жогору жантайыңкы калканчык үчүн); 25 – экструзиялык көбүкполистирол (МАМСТ 32310); 26 – дренаждык катмар (мат); 27 – орточо же ири кум же граниттин 2-5 мм фракциясында калыңдыгы 30-50 мм; 28 – резина жабуусу; 29 – терраса тактайы; 30 – терраса тактайы үчүн төшөлмө устун; 31 – жөнгө салынуучу тирөөчтөрдүн ортосунда калыңдыгы 20мм-40мм 50мм кем эмес гранит шагылы менен толтуруу; 32 –эңкейиште керамзит шагылы
2-сүрөт – Калканчыктын кошулуу мисалдары
а) – бийиктиги 450 ммден ашкан дубалдарга;
б) – ошол эле, 4.2-пункт боюнча иш-чараларды аткарууда
1 – негизги суу изоляциялоочу килем; 2 – ири бүртүкчөлүү себилме менен үстүнкү катмардагы рубероиддерден кошумча суу изоляциялык килем катмары; 3 – коргоочу катмар; 4 – цинктелген калканчык болотунан коргоочу алжапкыч; 5 – жылчыксыздандыруучу мастика; 6 – бекиткич-тердин октору (суу изоляциялоочу килемдин, коргоочу алжапкычтардын катмарларын бекитүү үчүн; 7 –сырткы аба менен байланышуучу диффузиялык катмар
а)
б)
3-сүрөт – Деформациялык тигиштерди чечүү мисалдары
а) – тигиштин туурасы 60 ммге чейин, цинктелген болоттон жасалган жарым тегерек компенсаторлор менен (кыстаруу туурасы 500-1000 мм болгондо, компенсатор калыңдыгы 3-4 мм болот лист менен жасалат);
б) – курама бетон бөлүктөрүнүн дубалдары менен
1 – негизги суу изоляциялоочу килем; 2 – кошумча суу изоляциялоочу килемдин катмарлары; 3 – рубероид тилкеси (кургак); 4 – коргоочу катмар; 5 – буу изоляциясы (эсеп боюнча); 6 – жылуулоодон кошумча элемент; 7 – цинктелген болоттон жасалган 80 мм радиустагы компенсатор; 8 – цинктелген калканчык болоттон тазалап салуу; 9 – күйбөй турган минерал кебезден жылуулагыч; 10 –бекиткич элементтердин огу; 11 – битум менен чаптоо; 12 – сууну изоляциялоочу килемдин үстүңкү катмары; 13 – цинктелген болоттон жасалган алжапкыч; 14 – 4×40 мм аркылуу 600мм болот тилкелери; 15 – V– образдуу компенсатор
4-сүрөт – Түтүктөрдү өткөрүп жиберүү чечиминин мисалы
1 – негизги суу изоляциялоочу килем; 2 – коргоочу катмар; 3 – кошумча суу изоляциялоочу килемдин катмарлары; 4 –бекитүүчү элементтердин огу; 5 – цинктелген калканчык болоттон кол чатыр; 6 –фланец менен тегерек же тик бурчтуу болот түтүк; 7 – чайырланган кендир кебез; 8 – кыскыч камыт; 9 – жылчыксыздандыруучу мастика; 10 – өткөрүүчү түтүк.
а) б)
5-сүрөт – Суу акма куйгучтарын орнотуу жерлериндеги калканчыкты чечүүнүн мисалдары
а) – эксплуатацияланган калканчыктарда;
б) – эксплуатацияланбаган калканчыктарда
1 – негизги суу изоляциялоочу килем; 2 – коргоочу катмар; түрмөктөлгөн материалдардан 3-2 катмар; 4 –таар катмары; 5 – тегиздеме; 6 – суу акма куйгучтун чубуртма түздөөчү капкагы; 7 – суу акма куйгучтун чечме капкагы; 8 – кысуучу шакек; 9 – 15 мм кем эмес фракциядагы шагыл таш; 10 – цемент-кум эритмеси же кварц куму; 11 – бетон же армоцемент плиткалары; 12 – цемент- кумдуу эритме; 13 – эбелек менен жапкыч бурама;
14 – минералдык кебез; 15 – кысуучу камыт; 16 – термокоюлмалар;17 – суу акма куйгуч чөйчөкчөсү
6-сүрөт –100 мм диаметрдеги аэраторлордун жайгашуу планы
1 – чатыржылга; 2 – чатыр чокусу; 3 – аэраторлор
7-сүрөт – 100 мм диаметрдеги калканчык аэраторун орнотуу мисалы (желдеткич келте түтүк)
1 – жылчыксыздооч; 2 – кошумча суу изоляциялоочу килем; 3 – негизги суу изоляциялоочу
килем; 4 – ЦЖП курама тегиздеме; 5 – минерал кебез плитасы; 6 – колдонуудагы монолиттүү тегиздеме; 7 – нымдалган көбүк бетон; 8 – көтөргүч темир-бетон плитасы; 9 – желдетүүчү канал; 10 –100 мм диаметрдеги аэратор
Г тиркемеси
Курама темир-бетон тамбашыларынын элементтеринин чечилиштери
1-сүрөт – Ички суу бургучу бар тамбашылар үчүн узартылган чөлкөмдөгү текчеси бар калканчык плитасынын мисалы
2-сүрөт – Сырткы суу бургучу бар тамбашылар үчүн кысылган чөлкөмдө текчеси бар бүктөлгөн кесилишкалканчыкплитасынын мисалы
3- сүрөт – Темир-бетон суу чогултуучу лотоктун мисалы
4-сүрөт – Курама темир-бетон калканчык элементтеринин улануу жана туташуу схемалары
а – ичке жылчык бет менен жабу менен негизги улама; б – «чубап басу менен» жабу менен улама; в – кеӊейтилген жылчык бет менен жабуу менен улама; г – Г образдуу жылчык бет менен жабуу менен чатыр дубалга калканчык плитасын туташтыруу; д – ошол эле, плита менен уламаны жабуу; е – чатырбет дубалга калканчык плитаны туташтыруу; ж – суу чогултуучу лоток менен негизги калканчык плитасын улаштыруу
Д тиркемеси
Монолиттүү темир-бетон плиталарын жабуу элементтеринин чечилиши
Белгилер:
14 – негизги калканчык плитасы;
15 – тар жылчык бет;
16 – пороизолдон тыгыздоо;
17 – кеӊейтилген жылчык бет (кулпу плитасы);
18 – Г-образдуу жылчык бет;
19 – чатыр бет дубалды кесүү (эӊкейиш оюк);
20 – сырткы дубал;
8 – цинктелген болоттон алжапкыч;
9 – суу чогултуучу лоток.
1-сүрөт
а) Тик тосмолорго монолиттүү темир-бетон калканчыгынын деформациялык тигишинин чечилиштери
21 Туташуу түйүнүнүн чечилиши
22 – монолиттик плита;
23 – полиэтилендик пленка;
24 – тегиздөөчү тегиздеме;
25 – жылуулагыч;
26 – көтөргүч конструкция;
27 – жылчыксыздооч;
28 – герниттик шнур;
29 – компенсатор.
2-сүрөт – Түрмөктүк гидроизоляция (а) жана монолиттүү аба ырайына туруктуу бетондон (б) жасалган тепкичтүү жабуунун (мисалы, стадиондун трибуналарынын) конструкциялык чечилиши
3-сүрөт – Эксплуатацияланган калканчыктын тепкичтүү жабуусунда болоттон жасалган компенсатор менен деформациялык тигиштин чечилишинин мисалы
Е тиркемеси
Бир бөлүктөн турган материалдар, толкундуу листтер жана бүктөмөлөнгөн лист профилдери
1-сүрөт – Муздак жана ачык чатыр менен тамбашынын конструкциялык чечилиштери жана калканчык жабуулары
1 – контртордомо; 2 – тордомо; 3 – төшөлүүчү килем менен БЖП-3 жн БЖП-4 туюк төшөмөл; 4 – металлдык профилдүү лист (МАМСТ 24045); 5 – толкундуу хризотил- цемент (МАМСТ 30340) же цемент-була писг; 6 – битумдуу толкундуу лист; 7 – металл черепица же композиттик черепица; 8 – сууну коргоочу пленка; 9 – битумдуу жалпак черепица; 9а – битумдуу толкундуу черепица; 10 – чатыр устун; 11 – ЖБЖК термопрофилден чатыр устун; 12 – желдетүүчү канал; 13 – цемент-кумдуу же керамикалык черепица
2 – Калканчыктардын конструкциялык чечилиштери жана жантайыӊкы тамбашылардын (чатыркабат) жабылышы
1 – курама же монолиттүү темир-бетон плитасы; 2 – ички каптоо; 3 – буу изоляциясы; 4 – басаӊдатуучу плита; 5 – каптоодогу каркас; 6 – эки каналдуу желдетүүчү жылчык; 7 – контртордомо; 8 – тордомо; 9 – металл профилдүү лист (МАМСТ 24045 боюнча лист профили); 10 – толкундуу хризотил-цемент (МАМСТ 30340) же цемент-була лист; 11 – битумдуу толкундуу лист; 12 – металл черепица же композиттик черепица; 13 – суудан коргоочу пленка; 14 – битумдуу жалпак черепица; 14а – битумдуу толкундуу черепица; 15 – төшөлүүчү килем менен БЖП-3 жн БЖП-4 туюк төшөмөл; 16 – чатыр устун; 16а – ЖБЖК термопрофилден чатыр устун; 16б - жыгач бурус; 17 – цемент-кумдуу же керамикалык черепица; 18 – кошумча жылуулук изоляциясы; 19 – диффузиялык шамалдан коргоочу пленка; 20 – бир каналдуу желдетүүчү жылчык; 21 – битум менен чапталган металл тиштүү жартак; 22 – битум; 23 – катуу төшөмөлгө кадалган битум түрмөктөлгөн материал; 24 – буу өткөрбөгөн көбүк айнек жылуулук изоляциясы; 25 – болот профилдүү төшөмөл; 26 – битум-түрмөктөлгөн же битум-полимердик материал; 27 –калыңдыгы кошумча жылуулук изоляциясынын калыңдыгына барабар кайрак таш
Ж тиркемеси
Калканчыкты жана көрктөндүрүү объекттерин жашылдандыруунун элементтери
1 Калканчыктагы өсүмдүктөр үчүн субстрат катары отоо чөптөрдөн, зыянкеч-терден жана патогендерден таза органикалык жана минералдык компоненттердин атайын даярдалган аралашмасын колдонушат, ал төмөнкү касиеттерге ээ болушу керек: химиялык нейтралдуулук жана инерттүүлүк, жеңил механикалык түзүлүш, нымдуулукту сактоонун жогорку коэффициенти, аэрация-нын жогорку даражасы. Ал өсүмдүктөрдүн ийгиликтүү өсүшү жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон негизги тамак-аш элементтеринин оптималдуу санын камтууга, жогорку дренаждык жөндөмгө ээ болууга, ажыроо деңгээли төмөн органикалык заттарды камтууга, курамында майда бөлүкчөлөргө ээ болбоого тийиш.
Субстрат ошондой эле жетиштүү түшүмдүү болушу керек, б.а. 20 г үчүн жок дегенде 6 мг оңой гидролиздене турган (жеткиликтүү) азот жана 20 г кеминде 10 мг фосфор ангидриди (P2O5) жана калий оксиди (K2O) болушу керек. Субстраттын түшүмдүүлүгү ага минералдык жана органикалык жер семирткичтерди жана кошумчаларды (кум, чым, керамзит, перлит ж. б.) киргизүү менен жогорулайт.
2 Субстрат үчүн колдонулган компоненттер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
30 алар инерттүү болушу керек, топурактын эритмесинин химиялык курамын өзгөртпөшү жана өсүмдүктөргө уулуу таасирин тийгизбеши керек;
31 сугарууда топурактын субстратындагы суу менен абанын катышы өсүмдүктөрдүн нормалдуу жашоо тиричилиги үчүн жагымдуу болушу керек, бул субстрат бөлүкчөлөрүнүн тиешелүү өлчөмдөрү менен жетишилет. Диаметри 3-6 мм болгон бөлүкчөлөр оптималдуу деп эсептелет, 1 см чейинки бөлүкчөлөрдүн болушуна жол берилет;
32 топурактын субстраты аз көлөмдөгү салмак менен айкалышканда жетиштүү механикалык күчкө жана бышыктыкка ээ болушу керек.
3 рН шкаласы менен аныкталган топурактын кычкылдуулугу чоң мааниге ээ:
33 өтө кычкыл топурактар – 4 төмөн;
34 орто кычкыл топурактар – 4,1-4,5;
35 бир аз кычкыл топурактар – 4,6-5,2;
36 нейтралдуу топурактар – 6,7-7,4;
37 щелочтуу топурактар – 7,5 жана андан жогору.
Калканчыкка терс таасирин тийгизбөө үчүн щелочтуу реакцияга ээ жер семирткичтерден оолак болуу керек.
4 Өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрү үчүн сунушталган субстраттын кубаттуулугу: жер кыртыштары (очитка, седумдар) – 7-10 см; гүлдөр (бир жылдык, көп жылдык) – 15-20 см; газон – 20-25 см; бадалдар – 30-40 см; дарактар – 7090 см.
5 Калканчыкта жашыл аянттардан тышкары жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор, балдар же спорт аянтчалары, эс алуу зоналары уюштурулат. Жолдор жана эс алуу жайлары үчүн жабуунун негизги түрү болуп 50×50 өлчөмүндөгү 400-класстагы бетондон жасалган тротуар плиталары 300 циклден кем эмес үшүккө туруктуулук менен, ал эми балдар жана спорт аянтчалары үчүн – ири бети бар серпилгичтүү ийкемдүү тигишсиз каптоо болуп саналат (мисалы, күкүм резинадан).
6 Калканчыкта чоңдор үчүн эс алуучу зоналар тосмонун парапетиндеги тешиктер аркылуу тегерек-четтерди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандай түзүлүшү керек. Аларга отургучтар жана столдор орнотулган, ал эми альпинизм өсүмдүктөрү менен капталган перголаларды орнотууга болот. Балдар тосмонун парапетине чыгышына жол бербөө үчүн столдор жана отургучтар парапеттен кеминде 1,5 м алыс болушу керек. Балдар аянтчаларына Ж таблицага ылайык чакан архитектуралык формаларды орнотууга болот.
Ж – т а б л и ц а с ы
Чакан архитектуралык формалардын аталышы | Материалдар | Узуну, м | Туурасы, м | Бийиктиги, м |
Түтүктөрдөн жасалган селкинчек | Металл, жыгач отургучтар | 1,50 | 1,50 | 1,66 |
Селкинчек | Металл, жыгач | 3,00 | 3,00 | 0,64 |
Лиана | Жыгач | 2,76 | - | 1,83 |
Кумда ойноочу жай | Жыгач | 1,47 | 1,47 | 0,18 |
Отургучтар менен стол | Жыгач | 2,00 | 1,40 | 0,82 |
Отургучтар | Металл, жыгач | 2,08 | 0,80 | 0,80 |
Тапшырыкчыныны каалоосуна ылайык, чакан архитектуралык формалардын топтому номенклатуранын төмөндөшүнө жана кеңейишине ылайыкташтырылышы мүмкүн.
7 Калканчыкта өсүмдүктөр өскөн жерлердин төмөнкү түрлөрү болушу мүмкүн:
- седум сыяктуу жөнөкөй өсүмдүктөрдү отургузуу;
38 бир жылдык жана көп жылдык гүлдөр менен гүлзарларды орнотуу;
39 газондорду орнотуу (даярдалган субстратка газон чөптөрүнүн үрөнүн себүү же тоголок газонду колдонуу);
40 бак-дарактар, бадалдар, декоративдүү көлмөлөр ж.б. менен бакчаларды куруу.
Көчөт материалдарына коюлуучу талаптар – тиешелүү ченемдик же башка колдонуудагы документтер.
Субстраттын кубаттуулугу жогорулашы керек болгон жерлерде, участоктун четтерине жеңил материалдарды сактоочу дубалдар тургузулуп, аларды түздөн-түз дренаждык бөлүктө жасалган бетон даярдоого орнотушат.
8 Бардык чакан архитектуралык формалар, балдар шаарчалары, тосмо мамылары, кооздук көлмөлөрү үчүн ванналар, жарыктандыруу үчүн мамылар жана кошумча бекитүүнү талап кылган башка элементтер сууну эркин агызууну камсыз кылуу үчүн дренаждык элементке түздөн-түз аткарылган керектүү өлчөмдөрдү жана түптөөнүн бекемдигин бетон даярдоого орнотулат.
41 Калканчыктыжашылдандыруу үчүн бадалдарды жана жалпак тамыр системасы бар дарактарды колдонуу керек.
42 Калканчыктыжашылдандыруунун дагы бир формасы – өсүмдүктөрдү идиштерге-вазондорго отургузуу; тигинен жашылдандыруу колдонулушу мүм-күн. Кичинекей өсүмдүк контейнерлери ыңгайлуу, бир жерден экинчи жерге оңой жылып, өсүмдүктөрдүн ар кандай композицияларын түзүүгө мүмкүндүк берет.
43 Түздөн-түз эксплуатацияланган калканчыкта жайгашкан чөнөктөрдү жана газондору бар өзүнчө турган чакан архитектуралык формалар үчүн кенен (1-2 м) 0,3-0,4 м тереңдиктеги узун идиштерди колдонсо болот. Ампелдүү өсүмдүктөр үчүн (асма, жайылма же жерге жайылып чыга турган сабактары бар) гүл идиштеринин кээ бирлери жер бетинен 0,3-0,4 м бийиктиктеги коймого коюлат. Идиштер темир-бетон, бетон, хризотилцемент, полимердик материалдар, керамика, жыгач, пенопласт, ошондой эле ушул материалдардын айкалышынан жасалышы мүмкүн.
Жыгач идиштерди (ящиктерди, челектерди ж.б.) антисептизациялоо жана ички жагынан ашыкча сууну агызууну уюштуруу менен суу изоляциялоочу материал менен коргоо керек.
44 Жер астындагы курулмалардын (гараждардын ж. б.) үстүндөгү калканчыктарды көрктөндүрүү жанаша жаткан аймактардын курамына кирет.
Аймактын бир бөлүгү жол плиталарын колдонууга жана асфальт төшөөгө мүмкүндүк берүүчү жер астындагы курулмалардын күчөтүлгөн тирөөч конструкцияларын талап кылган автотоктотмо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
45 Жер үстүндөгү бакчанын аймагы автотранспорттун кирүүсүн болтурбоо үчүн бийик (бийиктиги 0,5 м) тосмо менен чектелиши керек. Спорт аянтчалары бийиктиги 4 метрге чейинки тор менен тосулушу керек.
46 Балдар жана спорт аянтчаларын жер астындагы курулмалардын калканчыгында аткарууда дренаждык катмарга фракциялардын 2-20 мм катмарларында 3-4 мм жалпы калыңдыгы 100 мм чейин гранит шагыл төшөлөт, мында ар бир катмарга суу төгүлөт жана тоголотулат, андан кийин шагылга ири бүртүкчөлүү кум төшөлөт жана тапталат, ал эми ага 5 мм калыңдыгы 50 мм чейинки фракция менен гранит ташталат, ал ошондой эле төгүү менен тоголотулат. Үстүнө спорттук аянтча же жаракат алуудан коргоочу балдар аянтчасы орнотулат.
47 Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу менен пайдаланылып жаткан тамбашыларды орнотуу (скверлер, жолдор, авто токтотуучу жайлар, гүлзарлар, балдар жана спорт аянтчалары, тротуарлар ж.б.) колдонуудагы ченемдик документтерге жана коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык аткарылышы керек.
И тиркемеси
Жылуулук изоляциясынын түрү жана жылуулук изоляциялоочу материалдар
Жылуулук изоляция- сынын тиби | Жылуулук изоляциялоочу материалдар | Бышыктыгы, МПа | |
Кысы-лууга | Ийилүү-гө | ||
Т1 | Өрткө каршы каражаттардын, пенополистиролдун же пенополиуретандын, же полистирол негизиндеги композиттүү пенопласттардан жасалган тактайлардын кошумчалары менен | 0,15 | 0,18 |
Т2 | Өрткө каршы заттардын, пенопласт полистиролдун же пенополистиролдун негизиндеги композиттик пенополиуретандын монолиттүү катмарынын кошумчалары менен | 0,15 |
|
ТЗ | Фенол-формальдегид пенопласттар (ФРП-1 толтуруу) | 0,15 | - |
Т4 | Синтетикалык бириктиргичтери бар минерал кебез тактайлары, бирдей, 200-300 (катуу) | 0,04 0,12 | - |
Т5 | Битум байланыштыргычтагы минерал кебездеги тактайлар | - | - |
Т6 | Жеӊил бетондон тактайлар | 0,5 | - |
Уюлдук бетон плиталары | 0,8 | - | |
Фибролит плиталары | - | 0,4 | |
Көбүк айнек плиталары | 0,5 | - | |
Көбүк бетондон плиталар | 0,63 | - | |
Пенолиттен плиталар | 0,2 | - | |
Т7 | Монолиттүү төшөлүүчү жеңил жылуулук изоляциялоочу бетондор (анын ичинде комплекстүү плиталардын курамында) | 0,2 | - |
Т8 | Керамзит жана шунгизит шагыл | - | - |
Перлит кум жана майдаланган таш, көбүртүлгөн | - | - | |
600 кг/с3 чейинки көлөмдүк салмагы менен кеңейтилген вермикулит жана башка жылуулук изоляциялоочу толтургучтар (комплекстүү плиталардын курамында) |
|
| |
Таблицанын аягы
Жылуулук изоляция- сынын тиби | Жылуулук изоляциялоочу материалдар | Бышыктыгы, МПа | |
Кысы-лууга | Ийилүү-гө | ||
Т9 | Фенол-формальдегид чайырларынын негизиндеги пенопласт плиталары | 0,2 | 0,26 |
Т10 | Жылуулук изоляциялык материалдар (жеӊил мат жана плиталар) | - | - |
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Т1-Т5 жана Т9 жылуулук изоляциясынын кысуу күчү 10 % сызыктуу деформацияда аныкталат.
2 Т8 тибиндеги жылуулук изоляциясында үстүнө майда фракциялардын бүртүкчөлөрү салынып, ныкталышы керек.
3 Т7 тибиндеги монолиттик төшөөнүн жылуулук изоляциялоочу катмарлары температуралык-кичирейүүчү тигиштер менен 3×3 мден ашпаган өлчөмдөгү участокторго бөлүнүшү керек. Профилдүү болот төшөлмөлөрүндө бул тигиштер сундурмалардын жана фермалардын үстүндө, ал эми темир-бетон плиталар менен жабууларда-тирөөч плиталардын акыркы кошулган жерлеринин үстүндө жайгашышы керек.
4 Т9 тибиндеги жылуулук изоляциясы болот профилдүү төшөмөл менен түздөн-түз байланышта болбошу керек.
5 Т1 типтеги жылуулук изоляциясында 0,1 МПа кысуу бекемдиги менен плиталарды түртүп басканда бекемдигин жогорулатуу үчүн аларды рубероид менен алдын ала чаптаган шартта жол берилет.
К тиркемеси
Буу изоляциясынын тиби жана материалдары
Буу изоляциясынын тиби | Буу изоляциясынын материалы | Болжолдуу буу өткөрүмдүүлүк каршылыгы м²·с·м·см. м./г |
В-1 | Ысык битумга чапталган жана үстү битум менен жабылган рубероид (жылуулук изоляциялоочу материалдарды чаптоо үчүн) | 12,3 |
В-2 | Ысык битумга чапталган рубероид | 10,3 |
В-3 | Ысык битум-кукерсолдук мастикасына чапталган жана үстүнө ошол эле мастика менен капталган рубероид | 16,4 |
В-4 | Битум-кукерсолдук мастикасына чапталган рубероид | 13,1 |
В-5 | Рубероид | 8,3 |
В-6 | 1 жолу ысык битум менен боёо | 2,0 |
В-7 | Битум-кукерсолдук мастика менен 1 жолу боёо | 4,8 |
В-8 | Ошол эле 2 жолу | 8,1 |
В-9 | Поливинилхлорид лак менен 2 жолу боёо | 29,0 |
В-10 | 2 жолу хлор каучук лак менен боёо | 26,0 |
В-11 | Калыңдыгы 200 мкм битум-кукерсолдук мастикасына чапталган полиэтилендик пленка | 1000,0 |
В-12 | Изол | 40,0 |
Э с к е р т ү ү л ө р
48 Буу изоляциялоо үчүн РКМ-350Б, РКМ- 350В маркалардагы рубероид каралат.
2 Темир бетон плиталардын бетон беттери боюнча В1-В4 буу изоляциясын долбоорлоодо аларды 3,5 (50-маркадагы) долбоордук класстагы 5 мм калыңдыктагы цемент-кум эритмеси менен аралаштыруу каралат.
3 Каптоодо панелдердин ортосундагы узунунан жана туурасынан бириккен жерлерди буу изоляциялоо үчүн ушул эрежелердин 5,20 менен жылчыксыз мастикаларды колдонуу каралышы керек.
Л тиркемеси
Өзүн-өзү кургатуу жөндөмү менен чатырсыз (жарым-жартылай желдетилген) тамбашы системасы
Өзүн-өзү кургатуучу чатырсыз тамбашынын курамы жана сунуштары:
1) Кургак, кирсиз жана чаңсыз монолиттүү субстратка бүт бетине битум камтыган жердиктегич колдонулушу керек.
2) Тосулган темир-бетон негизине тамбашынын бардык бетине жанаша вертикалдуу конструкцияларга бурулушу менен оролгон буу изоляциялоочу битум камтыган материал төшөлөт.
3) Буу изоляциялоочу битум камтыган материалды колдонуп, тамбашынын бардык бетине 300 гр/м2 геотекстиль коюлат.
4) Үстүңкү бөлүгүндө ВР1 100×100×3 мм МАМСТ 23279-85 арматуралуу сеткасын колдонуу менен инерттүү материалдардын (керамзит, майдаланган таш же башка инерттүү материал) жантайыңкы катмарын түзүңүз, андан кийин тамбашынын бардык бетине суюлтулган цементти куюу керек.
5) Тамбашынын аянтын адамдардын санына, материалдын болушуна, аба ырайынын шарттарына жараша аныктаңыз, ал тамбашынын гидроизоляциялык килеминин биринчи катмарын орнотуу деңгээлинде курулушка даярдык этабына чейин жеткирилет.
6) Калканчыктын тандалган участогунда мүмкүн болгон суук көпүрөлөрдүн пайда болушуна жол бербөө үчүн тигиштердин ийилгенин сактоо менен натыйжалуу жылуулук изоляциялоочу катмарды (жылуулук техникалык эсеби боюнча кабыл алынат) төшөөнү жүзөгө ашыруу керек.
Көп катмарлуу жылуулук изоляциясындагы төмөнкү катмарлар үчүн минералдык кебезден жасалган плиталар жана цемент-сүрүндү плиталардан (ЦКП) курама тегиздеме үчүн жылуулагыч (1250-1400 кг/м3), 10 % линиялык деформацияда 40 кПадан кем эмес кысуу күчүнө ээ болушу керек. Калканчыкка механикалык таасир тийгизгенде (мисалы, тамбашында жабдууларды үзгүлтүксүз тейлөөдө же карды кетирүүдө, б.а. калканчыкка жумасына 1 жолудан ашык чыгууда) минерал кебез жылуулук изоляциясы боюнча суу изоляциялоочу килем, анын ичинде көп катмарлуу килем менен, аны 10 % линиялык деформацияда 60 кПадан кем эмес кысуу күчү менен бардык катмарларда кароо зарыл.
7) Диффузиялык жана аэрациялык каналдарды түзүү менен үстүңкү катмардагы минерал кебез плиталарды төшөөнү калканчыктын тандалган участогуна жүргүзүү (Л.1 жана Л.2-сүрөт).
1 – 140×50 мм желдетүүчү канал; 2 – нымдуулуктун жүрүшү; 3 – желдетүүчү коллектор; 4 –четки тор; 5 – чатыр дубал
Л.1-сүрөт – Чатыр дубалдагы четки тор же чатыр дубал аркылуу аэрациялоодогу схема
1 –140×50 мм желдетүүчү канал; 2 – нымдуулуктун жүрүшү; 3 – желдетүүчү коллектор; 4 –четки тор; 5 – чатыр дубал
Л.2-сүрөт – Чыгуучу аэраторлор аркылуу аэрациядагы схема
1 – 140×50 мм желдетүүчү канал; 2 –50×50 мм диффузиялык канал; 3 – нымдуулуктун жүрүшү
Л.3-сүрөт – Фрагмент конструкциясынын кесилиши
1 – негиз; 2 –жантайыӊкы катмар; 3 – минерал кебез жылуулагычтан жылуулук изоляциялоочу катмар; 4 – желдетүүчү канал; 5 – 2 катмардан ЦКП курама тегиздеме; 6 –ээрүүчү гидроизоляция
8) Калканчыктын тандалган аймагына ЦКП биринчи катмарынын төшөмөлүн салуу.
9) Биринчи катмар катары төшөлгөн ЦКП битум камтыган төшөмөлдү салуу.
10) Курамында битум бар топурактын кургашын күтпөстөн, үстүңкү катмарга салыштырмалуу (Л.4-сүрөт) төмөнкү катмардын жайгашуу диаграммасына ылайык, цемент менен бириктирилген ЦКП экинчи катмарын төшөп, тигиштерин ½ листке жылдырып, биринчи катмарга бурама менен бекитиңиз (Л.5-сүрөт).
Л.4-сүрөт– Төмөнкү катмардын жогоркуга салыштырмалуу жайгашуу схемасы
Л.5-сүрөт – Курама тегиздемени бекитүү схемасы
11) Төшөлгөн ЦКП битум камтыган топурактын экинчи катмары колдонулат.
12) Битум камтыган топурак кургатылгандан кийин, гидроизоляциялык килемдин биринчи жана экинчи катмарына орнотулат.
Сунуш: жылуулоону нымдап албаш үчүн калканчыктын тандалган участогунун калканчыгын монтаждоо, аны тамбашынын гидроизоляциялык килеминин биринчи катмарын орнотуу этабына жеткирүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.
13) Желдетүүнү чатыр дубал же аэратор аркылуу камсыздоо.
- Түрмөктөлгөн битум камтыган калканчык материалы (РП 1, В2);
- Түрмөктөлгөн битум камтыган калканчык материалы;
- Битумдуу топурак;
- Битумдуу топурактын ортоңку катмары менен 2 катмарлуу ЦКП тегиздемеси;
- Минерал кебез жылуулагычтын жылуулук изоляциялоочу катмары (МАМСТ EN 826-2011 боюнча 60 кПа жана МАМСТ EN 12430-2011 боюнча 600 Н);
- Үстүңкү бөлүгүндө ВР1 100×100×3мм МАМСТ 23279-85 арматуралуу торду колдонуу менен, андан кийин чыланган цемент менен куюлган инерттүү материалдардын жантаюучу катмары (кеңейтилген чопо шагыл же майдаланган таш);
- Геотекстиль 300 гр/м2;
- Түрмөктөлгөн буу изоляциялык битум камтылган материал;
- Темир-бетондук негиз.
Л.6-сүрөт – Өзү кургатуучу кубаттуулугу бар чатырсыз (жарым-жартылай желдетилген) тамбашы системасын кесүү
Л.7-сүрөт – Чатыр дубал аркылуу желдетүү түйүнү
1 – негиз; 2 – жантайыӊкы катмар; 3 – минерал кебез жылуулагычтан жылуулук изоляциялык катмар; 4 – желдетүүчү канал; 5-2 каттан ЦЖП курама тегиздеме; 6 – эрүүчү гидроизоляция; 7 – кошумча гидроизоляция; 8 – базальттык галтель; 9 – ЦЖП; 10 – желим; 11-цинктелген болоттон чатыр дубалдын капкагы; 12 – 15 мм жылуулук жылчыгы
Л.8-сүрөт –Чатыр дубалдагы четки тордомо аркылуу желдетүүнүн түйүнү
1 – негиз; 2 – жантаюучу катмар; 3 – минерал кебезинен жылуулагычтан жылуулук изоляциялоочу катмар; 4 – желдетүүчү канал; 5 – 2 катмардан ЦКП курама тегиздеме; 6 – эрүүчү гидроизоляция; 7 –кошумча гидроизоляция;8 – базальттык галтель; 9 – ЦКП; 10 – желим; 11 – цинктелген болоттон чатыр дубал капкагы; 12 –15мм жылуулагыч жылчык; 13 – четки тордомо; 14 – желдетүүчү келте түтүк
Л.9-сүрөт – Калканчык аэраторунун улоо түйүнү
1 – негиз; 2 – жантаюучу катмар; 3 – минерал кебезинен жылуулагычтан жылуулук изоляциялоочу катмар; 4 – желдетүүчү канал; 5 – 2 катмардан ЦКП курама тегиздеме; 6 – эрүүчү гидроизоляция; 7 –кошумча гидроизоляция; 8 –герметик; 9 – кысуучу камыт; 10 – диаметри 110 мм кем эмес калканчык аэратору