КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2021-жылдын 24-августу № 5-6-1
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетиндеги 2021-жылы салык агенти төлөөчү киреше салыгы (ст.11111100) жергиликтүү бюджетке 100 пайыз өткөндүгүнө байланыштуу кошумча план суроо жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин бюджетиндеги 2021-жылдын агенти төлөөчү киреше салыгы (ст.11111100) жергиликтүү бюджетке 100 пайыз өткөндүгүнө байланыштуу жыл ичинде 638,0 миң сом кошумча түшө тургандыктан кошумча план суроо максатында Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши,токтом кылат:
1.2021-жыл ичинде салык агенти төлөөчү киреше салыгынын 638,0 миң сом кошумча каражат түшө тургандыктан төмөндөгү кошумча план суралсын.
№ | Айыл өкмөт | Статья элементи | Аталышы | Бекиген план | Кошумча план | Такталган план |
1 | Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү | 11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 638.0 | 408 | 1046.0 |
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Дүйшенбек уулу Амантурга милдеттендирилсин.
Төрага | Жолдошбек уулу Жоодар |