Редакцияот 04.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Алга айылдык кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы

 

 

2018-жылдын 4-декабры № 38

 

Алга айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салттарды кыскартуу, ашыкча  ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Алга айыл өкмөтуңун иштелип чыккан иш-чарасын бекитүү жөнүндө

 

Алга айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салттарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Алга айыл өкмөтүнүн иштелип чыккан иш-чарасын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алга айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салттарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча Алга айыл өкмөтүнүн иштелип чыккан иш-чарасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Алга айылдык кеңешинин төрагасы:

Ш. Акбаров

 

 

 

 

 

 

 

Алга айылдык кенешинин Алга айылдык кенешинин

VI- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясынын

2018-жылдын 4-декабрындагы № 35 токтомуна

тиркеме.

 

 

Алга айыл өкмөтүнүн аймагында каада салттарды кыскарту жана ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча аткарыла турган жумуштардын долбоору

Сүннөт той

1. Сүннөт той откоруудо ата-энелерге , бир туугандарына сарпай берүү, себет тартуу , сүннөт тойго эмеректерди алып келүүсү токтотулсун.

2. Сүннөт тойдо тууган уругуна, досторуна, коно берүү токтотулсун, коно бир гана куда тарапка берилсин.

3. Сүннөт тойдо тойго союлган бир эле согумдун эти менен 6 даана нан 70 жаштан ашкан аксакалдарга гана тартылсын.

4. Тойлорго аялдардын дасторкон көтөрүүсү токтотулсун. Алга айыл аймагы боюнча.

5. Той откоргон үй ээлерине калпак кийгизүү, жоолук салмай үрп адаттар токтотулсун, көнүлдөн чыгарган акча каражатын беришсин.

6. Жамаатарды чакыруу ыктыяр өзүндө ( коно берилбейт)

7. Сүннөт той өткорүлгөн баланын классташтары тойго чакырылбасын.

8. Той ичимдиксиз өткөрүлсүн.

Үйлөнүү той

1. Үйлөнүү тойдо ЗАГСка чыгуу машинанын саны женил машина, спринтер менен чыгылсын.(кафеге чакырылгандар гана барылсын, спирт ичимдектерисиз өткөрүлсүн).

2. Кыздын калыны 100 000 (жуз минден) ашпасын

3. Кыз тарапка 100 кг пахта, 1000 даана нан берилсин.

4. Мал жандык берүү 4 төн ашпасын.

5. Куда тарапка берилүүчү кант каропкадан ашпасын.

6. Күйөө балдар кыз тарапка барганда күйөө баланын түшүрүп алуу жана акардион менен ырдоо токтотулсун.

7. Үйлөнүү тойунда жаштардын ата-энелеринин досторуна, коллективдерге коно берүү токтотулсун.

8. Кудаларга себет берүү 4 төн ашпасын.

9. Куйоо чакырды, кыз көрдүгө ата-энелери гана 5 киши болуп барышсын.

10. Тойго барган кошуналарга нан тартылбасын.

Бешик той

1. Бешик берүүдө жаны төрөлгөн балага сарпай берилип, ата-энелерине сарпай берилбесин жана мал союулбасын.Ата-энеси өздөрү гана барышсын.

Ажы той

1. Ажы менен учурашып, ажыга барган адамгачепкен, калпак, чарчы беруу жана элдерге нан тартуу , ажыдан келген тасви, жайнамаз ж.б. белектерди берүү токтотулсун.

Аш берүү

1. Тойго союлган согумдун эти менен 3 төн нан 60 жаштан ашкан аксакалдарга гана тартылсын

Ар кандай оюн зооктор

1. Студенттер тарабынан өткөрүлүүчү шеринелер токтотулсун.

2. Мектептерде акыркы конгуроо, алиппе майрамы кечелерин өткөрүүдө мугалимдерге белек берүү токтотулсун.

3. Мектептерде алиппе майрамы, акыркы конгуроо майрамы салтанаттуу түрдө мектепте гана өткөрүлү п, кафелерде жана уйлордо уюштурулуп өткөрүү жагы токтотулсун,

Суук мааракелер

1. Кайтыш болгон адамдарга жашына карап мал союулсун.( пенсия жашына жетегендерге кой, эчки, пенсия жашындагыларга 1 жаштагы кара мал)

2. Аялдардын материал берүүсу токтотулсун.

3. Айт эки айт менен токтотулсун.

 

 

Алга айылдык кенешинин

жооптуу катчысы:

 

Г.Батырова