ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2024-жылы 19-февралы №2
«Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Маматов Абдикарим Абдыманаповичтин короосунун жанындагы 0,01га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине ылайык Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Живпром участогунун тургуну Маматов Абдикарим Абдыманаповичтин короосунун жанындагы 0,01га жер аянты атайын депутаттык комиссиясынын актысынын негизинде өткөрүү боюнча сунуштамасы эске алынсын.
2. Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Маматов Абдикарим Абдыманаповичтин короосунун жанындагы 0, 01га жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын жана баалоонун негизинде Маматов Абдикарим Абдыманаповичке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Маматов Абдикарим Абдыманаповичтин иш кагаздарын мыйзам негизинде тактап, атайын төлөмдөрдү төлөөсүн камсыз кылып, жер тилкесин өлчөп өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
4. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.
5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |