Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV -сессиясы
2024-жылдын 23-майындагы № 19
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Ынтымак-Сервис» муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоорун болжолдуу жана техникалардын,чыгарып аткан буюмдардын баасын бекитүү жөнүндө
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Ынтымак-Сервис» муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджеттинин долбоорун болжолдуу түрдө жана техникаларынын,чыгарып аткан буюмдарынын бааларын бекитүү боюнча жергиликтүү кеңешинин сессиясынын XXVIII-чакырылшынын кезексиз IV-сессиясы
токтом кылат:
1. «Ынтымак-Сервис» муниципалдык ишканасынын бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 3500,0 (үч миллион беш жүз миң )сом жана чыгаша жагынан аткарылышы 3500,0 (үч миллион беш жүз миң )сом менен чыгарган буюмдардын жана техникалардын баалары тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы «Ынтымак-Сервис» муниципалдык ишканасынын директору Д.Кадыралиевке милдеттендирилсин.
Төрага Б.Ургаипов