Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV-сессиясы
2024-жылдын 23-майындагы № 16
Көк-Жайык жайлоосунун экологиясын жана жер кыртышын сактоо жөнүндө
Жети-Өгүз айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосунун экологиясын жана жер кыртышын сактоо максатында алты километр жерди курчоо боюнча Көк-Жайык арендаторлорунун кайрылуусунун негизинде Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин
XXVII-чакырлышынын IV -кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Көк-Жайык арендаторлорунун кайрылуусунун негизинде Көк-Жайык жайлоосундагы курчалып аткан 500 метр жерге жетпей калган габион сетка алып берүү үчүн 30000 (отуз миң )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Көк-Жайык жайлоосундагы курчалып аткан 500 метр жерге жетпей калган габион сетка алып берүү үчүн 30000 (отуз миң )сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Б.Ургаипов