КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-марты № 5
Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде бекитилүүсү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Мыйзамынын 10-беренесинин 3, 4 жана Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 6-мартында кабыл алынган депутаттардын жаңы редакциядагы типтүү регламентинин III-бөлүмүнүн, 36-главасынын, 36.5-пунктун жетекчиликке алып, Күмүштак айылдык КеңешининI чакырылышындагы депутаттардын II сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңешиндеги депутаттардын сессияларында кабыл алынган токтомдору мамлекеттик тилде бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |