Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV-сессиясы
2024-жылдын 24-майындагы № 21
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
“ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасына Таза сууга төлөнүүчү субсидия жөнүндө
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасына Таза сууга төлөнүүчү 51 сомдун 36 сомун эл,15 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсүн деп 2023-жылы каралган сессиянын чечими менен Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырлышынынIV-кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2024-жылдын алты айлыгында “ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасына субсидия катары
1 652 611(Бир млион алты жүз элүү эки миң алты жүз он бир) сом акча каражаты каралып,бөлүнүп берилсин.
2. Жети-Өгүз Таза суунун субсидия боюнча иштерин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жана “ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сулаймановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төарагасы Э.Белековко тапшырлсын.
Төрага Б.Ургаипов