Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV- сессиясы
2024-жылдын 24-майындагы № 22
Жети-Өгүз айыл аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Жети-Өгүз» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысын угуп Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «СПА» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын
Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы:
«СПА» суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрдө мүлктү кабыл алуу-берүү актысын түзсүн.
«СПА» суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.
2.Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
Ушул Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы №22 токтому юстициянын Ысык-Көл облустук башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Ургаипов