Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV- сессиясы
2024-жылдын 24-майындагы № 24
Жети-Өгүз айылындагы муниципалдык имаратты бузуп, ордуна “Аксакалдар,санжыра маданий борборун” куруу жөнүндө.
Жети-Өгүз айылынын Б.Байсеркеев көчөсүндө жайгашкан “Клубту”бузуп, ордуна Эл Мурас коомдук бирикмесинин кайрылуусунун негизинде“Аксакалдар,санжыра маданий борборун” куруу максатында долбоор менен таанышып, Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырлышынын IV-кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Жети-Өгүз айылынын Б.Байсеркеев көчөсүндө жайгашкан “Клуб” бузулуп ,(Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 06.12.2016 жылы түзүлгөн актынын негизинде), ордуна “Аксакалдар,санжыра маданий борборун” курууга уруксаат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Ургаипов Б