Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV- сессиясы
2024-жылдын 24-майындагы № 25
Жети-Өгүз айылындагы Байсеркеев Бекин көчөсүнүн узундугу 1 км 400 метрге электр чубалгыларын жана трансформатор орнотуу жөнүндө.
Жети-Өгүз айылынын Б.Байсеркеев көчөсүнүн №1үйүнөн баштап,№35 үйгө чейинки узундугу 1 км 400 метрге электр чубалгыларын жана трансформатор орнотууга жашоочулардын жазган кайрылуусун карап, Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырлышынын IV-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.2024-жылдын айыл өкмөтүнүн бюджетинен электр зым чубалгыларына жана трансформаторго каралган акчадан Жети-Өгүз айылынын Б.Байсеркеев көчөсүнө электр чубалгыларын жана трансформатор коюуга иш кагаздары жасалып, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жети-Өгүз айылынын Б.Байсеркеев көчөсүнүн №1үйүнөн баштап,№35 үйгө чейинки узундугу 1 км 400 метрге электр чубалгыларын жана трансформаторду койу иштерин тез аранын ичинде бүтүрүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Ургаипов Б