Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 11-июну ПЖ № 150
Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281, 2026-жылдын 12-августундагы № 284 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы уюштурулсун.
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2026-жылдын 12-августундагы № 284 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын (мындан ары - Сый акы) изденип алууга жана ыйгарууга конкурстук материалдарды тандоо шарттарын, конкурсту өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Сый акы кесиптик жетишкендиктери жана ата мекендик журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медиа жана журналистика өкүлдөрүн сыйлоонун жогорку формасы болуп саналат.
3. Тандоо, сый акыны ыйгаруу жана уюштуруу боюнча иштерди координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Максаттары жана милдеттери
4. Сый акынын максаты медиа жана журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу жана коомдук маанилүү темаларды чагылдырууда журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү болуп саналат.
5. Сый акынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) медиа жана журналистика өкүлдөрүн сапаттуу контентти түзүүгө шыктандыруу;
2) ата мекендик журналистиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
3) инновациялык медиадолбоорлорду жана чыгармачылык демилгелерди колдоо;
4) медиа жана журналистика чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларды популярдаштыруу.
3-глава. Катышуу шарттары
6. Сый акыны изденип алууга конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган жалпыга маалымдоо каражаттары жана медиауюмдар катыша алат.
7. Конкурска катышуу үчүн басылмалар, редакциялар, чыгармачылык бирикмелер жана айрым авторлор тарабынан жиберилген материалдардын жалпы көлөмү отуз миң символдон (Times New Roman 14-шрифти, 1 сап аралык интервал), радио, телевизиондук материалдар үчүн жалпы хронометраж - 20 мүнөттөн, ал эми айрым видеоматериалдар жана подкасттардын чыгарылыштары үчүн - 30 мүнөттөн ашпоого тийиш.
8. Сый акыны изденип алуучу үчтөн ашпаган номинация боюнча өтүнмө берүүгө укуктуу. Ар бир номинация боюнча тиешелүү номинациянын мүнөзүнө жараша бир конкурстук материал же бир конкурстук долбоор (канал, подкаст, мультимедиялык же санариптик медиа долбоор) берилет.
9. Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде кабыл алынат.
10. Берилген конкурстук материалдардагы автордук жана чектеш укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти толугу менен Сый акыны изденип алууга конкурска катышууга өтүнмө берген катышуучулар тартат.
11. Бир нече автор тарабынан түзүлгөн конкурстук материалдар берилген учурда өтүнмөдө бардык тең авторлор жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Акчалай сыйлык тең авторлорго конкурстун уюштуруучусуна берилген алардын ортосундагы жазуу жүзүндөгү макулдашууда аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөнөт.
12. Конкурстук материалдарды даярдоодо жасалма интеллекттин технологияларын көмөкчү инструмент катары колдонууга жол берилет жана изденүүчүнү автордук салым, материалдардын аныктыгы, оригиналдуулугу жана автордук укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
13. Сый акыны изденип алууга конкурска катышууга адепсиз лексиканы, адамдын кадыр-баркын кемсинткен кордогон мүнөздөгү, саясий, диний, улуттук араздашууну козуткан арыздарды жана иш-аракеттерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка элементтерди камтыган материалдарга жол берилбейт.
4-глава. Документтерди кабыл алуу
14. Сый акыны изденип алуучулар төмөнкү документтерди берет:
1) берилген материалдарга кыскача аннотация жана активдүү гипершилтеме менен эркин формадагы өтүнмөнү (Times New Roman 12-шрифти жана 1 сап аралык интервал менен эки миң беш жүз символдон ашпаган);
2) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн - жеке жак үчүн;
3) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн - юридикалык жак үчүн.
5-глава. Өткөрүү мезгили
15. Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрү, конкурстук материалдарды кабыл алуу мөөнөттөрү жана конкурска катышууга материалдарга уруксат берүү шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
16. Сый акыны изденип алууга конкурстук материалдар электрондук түрдө кабыл алынат.
17. Сый акыны изденип алууга конкурстун жеңүүчүлөрүн жарыялоо бардык номинанттарды чакыруу менен Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө арналган расмий иш-чарада салтанаттуу жагдайда жүзөгө ашырылат.
6-глава. Конкурстун номинациялары
18. Сый акыны изденип алууга конкурска катышуу үчүн материалдар төмөнкү тогуз негизги номинация жана бир "Мейкин" атайын номинациясы боюнча кабыл алынат:
1) "Мыкты телевизиондук материал"
Бул номинация боюнча материал актуалдуу коомдук маанилүү окуяларды, процесстерди жана көйгөйлөрдү чагылдырган, ошондой эле телевизиондук журналистика жаатындагы кесиптик чеберчиликти, маалыматты берүүнүн сапатын жана визуалдык контенттин ачыктыгын көрсөткөн телевизиондук продукт болуп саналат;
2) "Мыкты радиоматериал"
Бул номинация боюнча материал актуалдуу коомдук маанилүү окуяларды жана темаларды чагылдырган, аныктыгы, журналисттик иштин сапаты, даярдоонун кесиптик деңгээли жана аудиоберүүнүн ачыктыгы менен айырмаланган радиопрограмма, репортаж, маек же башка аудиоматериал болуп саналат;
3) "Басма басылмасындагы эң мыкты материал"
Бул номинация боюнча материал жалпыга маалымдоо каражаттарындагы актуалдуу коомдук маанилүү темаларды чагылдырган, аналитикалуулугу, мазмунунун тереңдиги жана журналисттик чеберчилигинин жогорку деңгээли менен айырмаланган жарыялоо болуп саналат;
4) "Интернет-басылмадагы эң мыкты материал"
Бул номинация боюнча материал заманбап санариптик форматтарды пайдалануу менен актуалдуулугу, оперативдүүлүгү, аныктыгы жана маалыматтын сапаттуу берилиши менен мүнөздөлгөн интернет-басылмадагы жарыялоо болуп саналат;
5) "Мыкты мультимедиалык долбоор"
Бул номинация боюнча материал маалыматты берүүнүн түрдүү форматтарын (текст, сүрөт, аудио, видео, графика) айкалыштырган, коомдук маанилүү темаларды ар тараптуу чагылдырууга багытталган мультимедиалык долбоор болуп саналат;
6) "Мыкты маалыматтык-аналитикалык материал"
Бул номинация боюнча материал коомдук маанилүү процесстерди жана окуяларды ишенимдүү маалыматтарга жана эксперттик баалоолорго негизделген терең талдоону камтыган аналитикалык жарыялоо болуп саналат;
7) "Мыкты YouTube-канал"
Бул номинация боюнча материал YouTube платформасында журналистиканын кесиптик стандарттарына шайкеш келген сапаттуу, анык жана коомдук маанилүү видеоконтентти системалуу жарыялап турган видеоканал болуп саналат;
8) "Жылдын мыкты подкасты"
Бул номинация боюнча материал системалуу негизде чыгарылып турган, актуалдуулугу, аныктыгы, даярдоонун кесиптик деңгээли жана берүүнүн оригиналдуулугу менен айырмаланган, коомдук маанилүү темаларды чагылдырууга багытталган подкаст (аудиодолбоор) болуп саналат;
9) "Мыкты санариптик медиа долбоору"
Бул номинация боюнча материал санариптик чөйрөдө, анын ичинде жасалма интеллекттин технологияларын колдонуу менен түзүлгөн жана (же) жайылтылган, актуалдуулугу, аныктыгы, инновациялык мамилеси жана коомдук маанилүү маалыматты берүүнүн жогорку кесиптик деңгээли менен айырмаланган журналисттик долбоор болуп саналат;
10) "Мейкин" атайын сыйлыгы"
"Мейкин" атайын сыйлыгы акысы ата мекендик журналистиканы өнүктүрүүгө, коомдук маанилүү медиа долбоорлорду ишке ашырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн, ошондой эле медиа жана журналистика чөйрөсүндө көп жылдык ак ниет кесиптик иши үчүн ыйгарылат.
19. "Мейкин" атайын сыйлыгын ыйгарууга талапкерлерди көрсөтүү укугуна жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциялары, медиа уюмдар, кесиптик чыгармачылык бирикмелер жана бирликтер, ошондой эле маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ээ болот.
7-глава. Комиссия
20. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) журналистика, медиа, кинематография, телерадиоберүү, илим, маданият жана искусство жаатындагы кадыр-барктуу, квалификациялуу адистер болуп саналган, өзүнүн ишкердик, жеке жана адеп-ахлактык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан түзүлөт.
21. Комиссия маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен төраганын, төраганын орун басарынын жана Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамында он бир адамдан түзүлөт.
22. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Комиссиянын төрагасы болуп саналат.
23. Комиссиянын мүчөлөрү конкурстук материалдарды кароого, баалоону жүргүзүүгө жана чечимдерди кабыл алууга байланыштуу алынган маалыматтардын купуялуулугун конкурстун жыйынтыктары расмий жарыяланган учурга чейин сактоого милдеттүү.
24. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып бир жылды түзөт. Ар бир конкурсту өткөрүү үчүн Комиссиянын жаңы курамы бекитилет.
25. Маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн өтүнмөлөрдү кабыл алууну жана ушул Жобонун талаптарына шайкештигин алдын ала кароону жүзөгө ашырат жана аларды Комиссияга өткөрүп берет.
26. Комиссия келип түшкөн өтүнмөлөрдүн номинациянын багытына шайкештигин талдоону жүргүзөт жана ушул Жобонун 40-пунктунда аныкталган критерийлерге жараша аларды баалоону жүзөгө ашырат.
27. Комиссия изденүүчүлөрдөн конкурстук материалдын авторлугун, аны жарыялоо (жайгаштыруу) фактысын, жарыяланган (эфирге чыккан) датасын ырастоочу кошумча маалыматтарды жана документтерди, статистикалык көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле конкурстук материалдарды объективдүү баалоо үчүн зарыл болгон башка маалыматты суроого укуктуу.
28. Конкурстук материалдар Комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан беш баллдык шкала боюнча жекече бааланат.
29. Конкурстук материалдын жыйынтыктоочу баасы аны баалоого катышкан Комиссия мүчөлөрү тарабынан коюлган баллдарды кошуу жолу менен аныкталат.
30. Конкурстук материалдар катышуучу баалоого катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн иш жүзүндөгү санына жараша аныкталган максималдуу мүмкүн болгон баллдардын санынын 40 пайызынан кем эмесин алган шартта жеңүүчүлөрдү аныктоого киргизилет. Белгиленген босоголук баллдан аз алган катышуучулар жеңүүчүлөрдү аныктоого киргизилбейт.
31. Эки же андан ашык катышуучу бирдей сандагы баллдарды алган же алардын жыйынтыктоочу бааларынын ортосундагы айырма 10 баллдан ашпаган учурда, Комиссия тиешелүү номинациянын байге фондун 1, 2 же 3-орундарды ээлеген жеңүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
32. Комиссиянын мүчөсү автор, теңавтор болуп саналса же конкурстун катышуучусу менен кабыл алынып жаткан чечимдин объективдүүлүгүнө таасир этүүгө жөндөмдүү түз же кыйыр кызыкчылыктагы мамилелерде байланышса, конкурстук материалдарды баалоого катышууга укуксуз жана өзүнүн баш тартуусун билдирүүгө милдеттүү.
33. Комиссиянын жыйналышы анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
34. Конкурстун жеңүүчүлөрү болуп ушул Жобонун 31-пунктунда каралган комиссиянын чечимин эске алуу менен конкурстук материалдары эң көп сандагы балл алган катышуучулар аныкталат.
35. Комиссия мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
36. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага төрага, төраганын орун басары жана жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрү кол коёт.
37. Ушул Жобонун талаптарын бузуулар, ошондой эле автордук жана (же) чектеш укуктарды бузуулар аныкталган учурда Комиссия конкурстун катышуучусун дисквалификациялоого жана ал берген конкурстук материалдарды кароонун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
38. Ушул Жобонун 37-пунктунда каралган чечим жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, протокол менен таризделет жана ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде конкурстун катышуучусуна маалымдалат.
39. Комиссиянын чечими акыркы болуп саналат жана конкурстун жыйынтыктарына таасир этүүчү ушул Жобонун талаптарын бузуулар аныкталган учурларды кошпогондо, кайра каралууга тийиш эмес.
40. Конкурстук материалдар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
1) теманын максаты, масштабы жана маанилүүлүгү;
2) маалыматтын уникалдуулугу жана теманы ачуунун тереңдиги;
3) маалыматтын тактыгы жана аныктыгы;
4) теманы чагылдыруунун маалыматтык мазмундуулугу, сапаты жана объективдүүлүгү;
5) автордун журналисттик чеберчилиги (кесипкөйлүгү);
6) материалды берүүнүн оригиналдуулугу жана жаңычылдыгы;
7) санариптик технологияларды колдонуунун натыйжалуулугу;
8) маалыматты жайылтуунун заманбап мультимедиялык форматтарын колдонуу;
9) аудиторияны тартуу деңгээли (санариптик платформаларда жайгаштырылуучу материалдар үчүн).
41. Ушул Жобонун 31-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, баалоонун белгиленген критерийлерине шайкеш келген конкурстук материалдар жок болгон учурда комиссия өзүнчө номинация боюнча сый акыны ыйгарбоого укуктуу. Ошол эле учурда тиешелүү номинация боюнча каралган байге фондунун каражаттары бөлүштүрүлүүгө тийиш эмес жана Сый акынын байге фондунун курамында калат.
8-глава. Каржылоо
42. Сый акынын байге фондун уюштуруу жана түзүү боюнча чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
43. Атайын сый акы боюнча акчалай сыйлыкты кошкондо Сый акынын жалпы байге фонду 10000000 (он миллион) сомду түзөт:
1) байге фондунун жалпы суммасынан 9000000 (тогуз миллион) сом конкурстун тогуз негизги номинациясы боюнча жеңүүчүлөргө ар бир номинацияга 1000000 (бир миллион) сом эсебинде сый акы берүүгө багытталат. Негизги номинациялардын жеңүүчүлөрү "Мейкин" статуэткасы жана 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акчалай сый акы менен сыйланат. Ушул Жобонун 31-пунктунда каралган учурда акчалай сыйлык Комиссиянын чечими менен аныкталган тартипте катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
2) "Мейкин" атайын сыйлыгын ыйгарууга 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө каражат каралат. Атайын сый акынын жеңүүчүсү "Мейкин" статуэткасы жана 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү акчалай сый акы менен сыйланат.