ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2024-жылы 19-февралы №5
“Дмитровка айылындагы аты жок көчөгө Хаджиматов Усмандын атын коюу жөнүндө”
Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дмитровка айылынын тургуну Хаджиматов Холдорвойдун жазган арызын жана 2024-жылдын 8-февралындагы өткөрүлгөн чогулуштун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, түндүк чыгыш тарабынан У.Собиров көчөсү менен, ал эми түштүк батыш тарабынан суу агып өтүүчү канал менен чектешкен аты жок көчөгө “Хаджиматов Усман”дын аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдү номерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу жагы Хаджиматов Холдорвойго жүктөлсүн.
3.Хаджиматов Усмандын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме, уюмдарга маалымдоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго милдеттендирилсин.
4.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |