Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 11-июну № 94
2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө иордан тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 15-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |