Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-июну № 319-т
1. Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы Уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы Уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасы жана Бенилюкс мамлекеттери (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) 1960-жылдын 11-апрелинде түзүлгөн Бенилюкс аймагынын тышкы чек араларына адамдарды контролдоону өткөрүп берүү жөнүндө конвенциянын жоболоруна ылайык биргелешип,
мындан ары "Тараптар" деп аталып,
тараптардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Тараптардын адамдарынын жүрүүсү менен байланышкан мыйзамдарды жана жоболорду кыйла натыйжалуу сактоо максатында алардын ортосундагы байланышты жакшыртууга умтулуп,
өз жарандарынын, ошондой эле үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын мыйзамсыз миграциясына каршы натыйжалуу күрөшүүнү жүзөгө ашырууга жалпы ниетин ырастоого умтулуп,
адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун зарылдыгын таанып, жана ушул Макулдашуу адам укуктарын жана Тараптардын милдеттенмелерин, атап айтканда 1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынан жана башка эл аралык келишимдерден, анын ичинде 1951-жылдын 28-июлундагы Качкындардын статусу жөнүндө конвенциядан, 1967-жылдын 31-январындагы Качкындардын статусуна тиешелүү протоколдон, 1966-жылдын 16-декабрындагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттан жана 1984-жылдын 10-декабрындагы Кыйноого жана башка ырайымсыз, адам жасагыс же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы конвенциядан келип чыккан милдеттенмелерин козгобой турганын баса белгилеп,
өз жарандарын кабыл алуу менен байланышкан эл аралык укуктук ченемдерге, атап айтканда 1966-жылдын 16-декабрындагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 12-беренесинин 4-пунктуна ылайык милдеттенмесин аткарууга умтулуп,
ушул Макулдашууда каралган шарттарга ылайык үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алуу боюнча Тараптардын ортосундагы милдеттенмелерди белгилөөгө умтулуп,
башка Тараптын аймагына уруксатсыз кирген жана/же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жана кабыл алынууга тийиш болгон адамдарды транзиттөө боюнча өз ара көмөктөшүүгө умтулуп,
адам укуктарынын сакталышын кепилдеген жол-жоболорго ылайык тез жана коопсуз реадмиссиялоого кызыкдар болуп,
өз жарандарын реадмиссиялоо жаатында Тараптардын ортосундагы кызматташуу фактысы жалпы кызыкчылыкка ээ экенин көңүлгө алып,
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы колдонуудагы дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууга таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
I бөлүм. Аныктамалар жана алкактар
1-берене. Аныктамалар жана алкактар
Ушул Макулдашуунун максаты үчүн:
1) "Аймак" төмөнкүлөрдү билдирет:
- Бенилюкс мамлекеттери үчүн: Бельгия Королдугунун, Люксембург Улуу Герцогдугунун жана Нидерланд Королдугунун Европадагы бириккен аймагын;
- Кыргыз Республикасы үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагын;
2) "Уруксатсыз кирген жана/же жүргөн адам" кирүү же жүрүү үчүн учурдагы шарттарды аткарбаган же аткара албаган бардык адамдарды билдирет;
3) "Реадмиссиялоо" ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык суроо-талап берген Тараптын аймагына кирүү же жүрүү шарттарын аткарбаган же мындан ары аткара албаган суроо-талап алган Тараптын жаранын, ошондой эле тиешелүүлүгүнө жараша үчүнчү мамлекеттин жаранын же жарандыгы жок адамды суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органы тарабынан өткөрүп берүүнү жана суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органы тарабынан кабыл алууну билдирет;
4) "Суроо-талап алган Тараптын жараны" - Кыргыз Республикасынын же Бенилюкс мамлекеттеринин биринин жарандыгына ээ болгон бардык адамдарды билдирет;
5) "Үчүнчү мамлекет" Кыргыз Республикасы да, Бенилюкс мамлекети да болбогон каалагандай мамлекетти билдирет;
6) "Үчүнчү мамлекеттин жараны" - Кыргыз Республикасынан же Бенилюкс мамлекеттеринин биринен башка жарандыгы бар каалагандай адамдарды билдирет;
7) "Жарандыгы жок адам" Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана анын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттин жарандыгына таандыгы жок адамды билдирет;
8) "Суроо-талап берген Тарап" уруксатсыз кирген жана/же жүргөн адам анын аймагында жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык ошол адамды реадмиссиялоону же аны транзиттөөнү суроо-талап берген Тарапты билдирет;
9) "Суроо-талап алган Тарап" суроо-талап берген Тараптын аймагына уруксатсыз кирген жана/же жүргөн адамды кабыл алуу же ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык ал адамды анын аймагы аркылуу транзиттөөгө уруксат берүү жөнүндө суроо-талап алган Тарапты билдирет;
10) "Суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү" суроо-талап алган Тараптын суроо-талап берген Тарапта аккредитацияланган дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүн билдирет;
11) "Жашап турууга уруксат" Тараптардын бири тарабынан берилүүчү, адамга анын аймагында жүрүү укугун берген ар кандай түрдөгү расмий уруксатты билдирет. Бул түшүнүк башпаанек берүү жөнүндө өтүнүчтү же жашап турууга уруксат берүү жөнүндө өтүнүчтү кароо жол-жобосуна байланыштуу жүрүүгө убактылуу уруксаттарды камтыбайт.
II бөлүм. Реадмиссиялоо боюнча милдеттенмелер
2-берене. Өз жарандарын реадмиссиялоо
1. Ар бир Тарап экинчи Тараптын өтүнүчү боюнча жана ушул Макулдашууда каралгандан башка кошумча формалдуулуктарсыз өзүнүн аймагына суроо-талап берген Тараптын аймагына кирүү же жүрүү шарттарын аткарбаган же мындан ары аткара албаган каалагандай адамды ошол адам суроо-талап алган Тараптын жараны экендиги күбөлөндүрүлгөн же жетиштүү далилдер берилген учурда реадмиссиялоого тийиш.
2. Суроо-талап берген Тараптын жарандыгын кабыл алуу процессинде болгон учурларды кошпогондо, 1-пунктта көрсөтүлгөн реадмиссиялоо милдеттенмеси суроо-талап берген Тараптын аймагына киргенден кийин суроо-талап алган Тараптын жарандыгынан ажыратылган же андан баш тарткан адамга карата дагы колдонулат.
3. Ар бир тарап төмөнкү адамдарды реадмиссиялоону жүзөгө ашырат:
1) суроо-талап берген Тараптын аймагында жүрүүгө көз карандысыз укукка ээ болбосо, туулган жерине же жарандыгына карабастан ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жашы жете элек балдарын. Тараптар реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүчтү бергенге чейин жашы жете элек баланын эң мыкты кызыкчылыктарын эске алышы керек;
2) суроо-талап берген Тараптын аймагында жүрүүгө көз карандысыз укукка ээ болгон учурларды кошпогондо, суроо-талап алган Тараптын аймагына кирүүгө жана дайыма жүрүүгө укуктуу болгон же кирүүгө жана/же дайыма жүрүүгө мындай укукту алган шартта ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга караганда башка жарандыгы бар жубайларды.
4. Суроо-талап берген Тараптын өтүнүчү боюнча жана 7-берененин 5-пунктунун жоболоруна ылайык, суроо-талап алган Тарап реадмиссияланууга тийиш болгон адамдардын кайтып келүүсү үчүн зарыл болгон жол жүрүү документтерин кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
3-берене. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо
Экинчи Тараптын суроо-талабын алгандан кийин ар бир Тарап ушул Макулдашууда каралган жоболордон тышкары кандайдыр бир кошумча формалдуулуктарды карманбастан суроо-талап берген Тараптын аймагына кирүү же жүрүү шарттарын аткарбаган же мындан ары аткарбай калган үчүнчү мамлекеттердин каалагандай жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды, эгерде ушул адамдар төмөнкүдөй орчундуу жана ишенимдүү далилдердин негизинде ырастоо же болжолдоо болгон шартта өзүнүн аймагына реадмиссиялоону камсыз кылат:
1) суроо-талап алган Тарап берген жашоого жарактуу уруксатынын болгондугунун же;
2) суроо-талап алган Тарап берген транзиттик визадан тышкары жарактуу визасынын болгондугунун.
III бөлүм. Реадмиссиялоо жол-жобосу
4-берене. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч
1. Ушул Макулдашуунун 2 же 3-беренелеринин негизинде реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органына жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш.
2. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) адам жөнүндө жеке маалыматтарды (фамилиясын, атын, мурдагы атын, каймана атын жана псевдонимин, ойдон чыгарылган атын, жынысын, туулган жылын, эгер мүмкүн болсо туулган жерин жана суроо-талап алган Тараптын аймагында акыркы жашаган жерин);
2) 5 же 6-беренелерде саналып өткөн далилдөөчү каражаттардын көчүрмөлөрүн.
3. Эгерде реадмиссияланууга тийиш болгон адамдын мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген жарактуу документи бар болсо, реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч талап кылынбайт, ал эми бул үчүнчү мамлекеттин жаранына же жарандыгы жок адамга тиешелүү болсо, анда мындай адам жогоруда көрсөтүлгөн документке кошумча катары суроо-талап алган Тараптын жарактуу визасына же жашап турууга уруксатына ээ болууга тийиш.
4. Ушул Макулдашуунун 3-беренесинин негизинде реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч жиберилген учурда, суроо-талап берген Тарап жарандыгына таандык болгон өлкөгө реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүчтү суроо-талап алган Тарапка өтүнүчтү жөнөтүү менен бир мезгилде жөнөтөт.
5-берене. Өз жарандарына карата далилдөө каражаттары
1. Ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык жарандыгынын далили ушул Макулдашууга карата Аткаруу протоколунда саналып өткөн документтер түрүндө берилиши мүмкүн. Мындай документтер берилген учурда Тараптар адамдын жарандыгын андан аркы формалдуулуктарды аткарбастан тааныйт.
2. Ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык жарандыктын айкын далилдери ушул Макулдашууга карата Аткаруу протоколунда саналып өткөн документтер же маалыматтар түрүндө берилиши мүмкүн. Мындай документтер же маалыматтар берилген учурда, эгерде суроо-талап алган Тарап мындай фактыны четке какпаса, Тараптар жарандыкты белгиленген деп эсептешет.
3. Эгерде ушул берененин 1 же 2-пункттарында саналып өткөн документтердин же маалыматтардын биринин да берилиши мүмкүн болбосо, бирок суроо-талап берген Тарап реадмиссияланууга тийиш болгон адамга карата жарандыктын презумпциясы бар деп эсептесе, анда суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органдары мындай адамдын жарандыгын аныктоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде суроо-талап берген Тарап зарыл деп эсептесе, анда ал адам езүнүн жараны экендигин аныктоо үчүн, анын ичинде ошол адам сүйлөгөн тилдин негизинде маектешүү жүргүзүлөт.
4. Ушул берененин 3-пунктунда белгиленген маектешүүнү суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү же суроо-талап берген Тарап чакырган суроо-талап алган Тараптын делегациясы же өз ара макулдашуу боюнча дайындалган кандайдыр бир башка эксперттер жүргүзөт.
6-берене. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга карата далилдөө каражаттары
1. Ушул Макулдашуунун 3-беренесинде каралган үчүнчү мамлекеттердин жарандарын же жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо шарттарынын далилдери ушул Макулдашууга карата Аткаруу протоколунда белгиленген далилдердин негизинде берилиши мүмкүн. Мындай далилдерди Тараптар эч кандай кошумча формалдуулуксуз тааныйт.
2. Ушул Макулдашуунун 3-беренесинде каралган үчүнчү мамлекеттердин жарандарын же жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо үчүн шарттардын айкын далилдери ушул Макулдашууга карата Аткаруу протоколунда белгиленген далилдердин негизинде берилиши мүмкүн. Мындай айкын далилдер берилген учурда, эгерде суроо-талап алган Тарап тескерисин далилдей албаса, Тараптар шарттарды белгиленген деп тааныйт.
7-берене. Мөөнөттөр
1. Тараптын өз жараны суроо-талап берген Тараптын аймагына кирүү же жүрүү шарттарын аткарбагандыгы же сактабагандыгы аныкталган учурда, бул жаранды реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органы тарабынан каалагандай убакта жөнөтүлүшү мүмкүн.
2. Үчүнчү мамлекеттин жараны же жарандыгы жок адамды реадмиссиялоо жөнүндө етүнүч, бул адам суроо-талап берген Тараптын аймагына кирүү же жүрүү шарттарын аткарбагандыгы же мындан ары аткарбагандыгы жөнүндө маалыматты суроо-талап берген Тарап алгандан кийин, суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органдарына максималдуу бир (1) жылдын ичинде жиберилет. Өтүнүчтү өз убагында жиберүү үчүн укуктук же фактылык тоскоолдуктар болсо, суроо-талаптын мөөнөтү бул тоскоолдуктар болбой калган мезгилге чейин узартылат.
3. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүчкө жооп кандай болгон учурда да аны алган күндөн тартып отуз (30) календардык күндөн кечиктирбестен токтоосуз берилүүгө тийиш жана реадмиссиялоодон баш тартуу негизделүүгө тийиш. Бул чектөө мөөнөтү реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч алынган күндөн тартып башталат. Бул чектөө мөөнөтүнүн ичинде жооп жок болгон учурда, өткөрүп берүү макулдашылган болуп эсептелет.
4. Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга жетишилгенден кийин же чектөө мөөнөтү аяктагандан кийин, суроо-талап берген Тарап реадмиссиялоо макулдашылган адамды өткөрүп берүүнү токтоосуз жана кандай болгон учурда да алты (6) айдан кечиктирбестен жүзөгө ашырат. Суроо-талап боюнча бул мөөнөт юридикалык жана практикалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн узартылышы мүмкүн. Суроо-талап алган Тарап реадмиссиялоо макулдашылган адамды эч кандай кошумча формалдуулуксуз реадмиссиялоону жүзөгө ашырууга тийиш.
5. Суроо-талап берген Тараптын өтүнүчү боюнча суроо-талап алган Тарап адамды кайтарып берүү үчүн зарыл болгон, анын атына жазылган жана берилген учурдан тартып кеминде бир (1) айдын ичинде жарактуу болгон жол жүрүү документтерин токтоосуз жана кандай болгон учурда да беш (5) жумуш күнүнөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү. Эгерде суроо-талап алган Тарап реадмиссиялоого макулдукту алган күндөн тартып беш (5) жумуш күндүн ичинде зарыл болгон жол жүрүү документин бере албаса, анда суроо-талап алган Тарап суроо талап берген Тарап тапшырган жол жүрүү документин пайдаланууга макул деп таанылат. Эгерде юридикалык же башка себептер боюнча баштапкы жол жүрүү документинин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин адамды өткөрүп берүүгө мүмкүн болбосо, суроо-талап алган Тарап эки (2) жумуш күндүн ичинде берилген учурдан тартып ушундай эле мөөнөттүн ичинде жарактуу болгон жаңы жол жүрүү документин берүүгө же баштапкы жол жүрүү документинин колдонуу мөөнөтүн узартууга милдеттүү.
8-берене. Өткөрүп берүү ыкмалары жана транспорттун түрлөрү
1. Реадмиссияланууга тийиш болгон адам өткөрүлүп берилгенге чейин суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органдары суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органдарына мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунда берүү датасы жана ыкмасы, коштоону пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого жана өткөрүп берүүгө байланышкан башка тиешелүү маалыматты берүүгө милдеттүү.
2. Өткөрүп берүү жөнүндө билдирүү, эгерде колдонууга мүмкүн болсо, төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) адам буга ачык макулдугун берген шартта адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтарды;
2) өткөрүлүп берилүүчү адам муктаж болгон жардамды;
3) бул өткөрүп берүү учурунда зарыл болгон башка бардык коргоо жана коопсуздук чараларын.
3. Өткөрүп берүүлөр адатта аба транспорту менен жүргүзүлөт, бирок кургактыктагы же деңиз транспорту менен да ишке ашырылышы мүмкүн. Аба транспорту боюнча өткөрүп берүүлөр туруктуу жана өкмөттүк каттамдар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
4. Үчүнчү мамлекеттин жарандарын же жарандыгы жок адамдарды өткөрүп берүү визанын же жашап турууга уруксаттын мөөнөтү өткөрүп берүү күнүнө карата аяктаган учурда жүргүзүлбөйт.
9-берене. Жаңылыш реадмиссиялоо
1. Эгерде өткөрүп берилгенден кийин үч (3) айдын ичинде ушул Макулдашуунун 2 жана 3-беренелеринде көрсөтүлгөн шарттар аткарылбагандыгы аныкталса, суроо-талап алган Тарап реадмиссиялоону колдонгон каалагандай адамды суроо-талап берген Тарап кайра кабыл алат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда баяндалган учурларда ушул Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун процессуалдык жоболору зарыл болгон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен колдонулат жана кайтарылып жаткан адамдын өздүгү жана жарандыгы жөнүндө бардык маалыматтар берилет.
IV бөлүм. Транзиттик операциялар
10-берене. Транзиттөө эрежелери
1. Тараптар үчүнчү мамлекеттердин жарандарын өз аймагы аркылуу транзиттөөгө, эгерде мындай өтүнүч менен экинчи Тарап кайрылса, мындай адамдар ар кандай башка транзиттик мамлекеттер аркылуу ташылса жана бара турган мамлекет тарабынан реадмиссияланганы ырасталган шартта уруксат беришет.
2. Тараптар үчүнчү мамлекеттердин жарандарын бара турган мамлекетке түздөн-түз кайтарып берүү мүмкүн болбогон учурда мындай адамдарды транзиттөөнү чектөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.
3. Тараптар транзитти берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартышы мүмкүн:
1) эгерде үчүнчү мамлекеттин жаранына акыры бара турган мамлекетте же башка транзиттик мамлекеттерде расалык, диний, улуттук таандыктыгы, белгилүү бир социалдык топко таандыктыгы же саясий ынанымдарынын белгиси боюнча кыйноолорго, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазага, өлүм жазасына же куугунтукка кабылуу коркунучу жаралса;
2) эгерде үчүнчү мамлекеттин жараны суралып жаткан Тараптын аймагында жазык тартибинде куугунтукка алынса же ага карата жазык санкциялары колдонулса.
4. Эгерде кийин ушул берененин 3-пунктунда саналып өткөн жагдайлар транзиттөөгө тоскоолдук кылса, же болбосо адамдын транзиттик мамлекеттер аркылуу жүрүүсү мындан ары мүмкүн болбосо же бара турган мамлекет реадмиссиялоону ырастабаса, Тараптар мурда берилген ар кандай уруксатты жокко чыгарууга укуктуу. Мындай учурларда суроо-талап берген Тарап мындай адамды өз аймагына токтоосуз кабыл алууга милдеттүү.
11-берене. Транзиттөө жол-жобосу
1. Транзиттөө жөнүндө өтүнмө компетенттүү органдарга жазуу жүзүндө берилиши керек жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) транзиттөө түрү (аба, кургактык же деңиз аркылуу), мүмкүн болуучу башка транзиттик мамлекеттер жана акыры бара турган мамлекет;
2) адам жөнүндө жеке маалыматтар (фамилиясы, аты, туулган датасы жана мүмкүн болсо туулган жери, жарандыгы, жол жүрүү документинин түрү жана номери);
3) мамлекеттик чек арадан өтүүнүн болжолдуу пункту, адамды өткөрүп берүү убактысы жана аны коштоп баруу мүмкүндүгү;
4) суроо-талап берген Тараптын пикири боюнча ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган шарттар аткарылганы жана ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 3-пунктуна ылайык баш тартуунун себептери белгисиз экендиги жөнүндө арыз.
Суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органы суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органына мамлекеттик чек арадан өтүү пунктун жана кабыл алуунун пландаштырылган убактысын көрсөтүү менен адамды кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндө токтоосуз маалымдоого же баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Эгерде транзиттөе аба транспорту менен жүзөгө ашырылса, анда транзиттөө жүзөгө ашырылып жаткан адамга суроо-талап алган Тараптын аэропортунун улуттук же эл аралык зонасына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу максатында коштоп жүрүү менен катар зарыл шарттар түзүлүшү керек;
5) Суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органдары өз ара консультацияларды жүргүзүү жолу менен, атап айтканда, ташылып бара жаткан адамдарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле тейлөө боюнча тиешелүү кызматтарды көрсөтүү жолу менен транзиттөөгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
V бөлүм. Чыгымдар
12-берене. Чыгымдар
Реадмиссиялоо жана транзиттөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууда же жаңылыштык менен кабыл алынган адамдарды акыры бара турган мамлекеттин чек арасынын өткөрүү пунктуна чейин кайтарууда келип чыккан бардык чыгымдар реадмиссиялануучу жактардын же үчүнчү жактардын эсебинен компетенттүү органдардын мындай чыгымдардын ордун толтурууга укуктары үчүн зыян келтирбестен суроо-талап берген Тарап тарабынан жабылат.
VI бөлүм. Маалыматтарды коргоо жана башка милдеттенмелер менен катышы
13-берене. Маалыматтарды коргоо
Жеке маалыматтарды берүү ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон учурда гана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жеке маалыматтарды берүүдө, иштеп чыгууда жана пайдаланууда ар бир конкреттүү учурда Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык иш алып барат, ал эми иштеп чыгуу жана пайдалануу Бенилюкс мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан ишке ашырылган учурларда, 1995-жылдын 24-октябрындагы 95/46/ЕС (Жалпы маалыматтарды коргоону жөнгө салуучу жобо) Директивасын жокко чыгарган Европа парламентинин жана Кеңешинин 2016-жылдын 27-апрелиндеги 2016/679 (EC) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана колдонууга жана мындай маалыматтардын эркин жүрүүсүнө байланыштуу жеке адамдарды коргоо жөнүндө токтомунун жоболоруна жана Бенилюкс мамлекеттеринин ушул Токтомго ылайыкташтырылган улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Буга кошумча катары төмөнкү принциптер колдонулушу керек:
1. Жеке маалыматтар адилеттүү жана мыйзамдуу негизде, маалымат субъектине карата адилеттүү жана ачык-айкын түрдө иштелип чыгышы керек ("мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана ачык-айкындык");
2. Жеке маалыматтарды топтоо ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан белгилүү, ачык-айкын жана мыйзамдуу максатта ишке ашырылууга тийиш жана ал көрсөтүлгөн максатка туура келбегендей жүргүзүлбөшү керек; коомдун, илимий же тарыхый изилдөөлөрдүн же статистикалык максаттардын кызыкчылыгында архивдөө максатында андан ары иштетүү баштапкы максаттарга шайкеш келбейт ("максатты чектөө") деп эсептелбейт.
3. Жеке маалыматтар адекваттуу, ишке тиешелүү болушу керек жана аларды иштеп чыгуу максаттары үчүн зарыл болгон нерселер менен чектелиши керек ("маалыматтарды минималдаштыруу") жана аларды чогултуу жана/же андан ары иштеп чыгуу максатында ашыкча болбошу керек; атап айтканда, берилүүчү жеке маалыматтар төмөнкүлөргө гана тиешелүү болушу мүмкүн:
1) өткөрүлүп бериле турган адам жөнүндө жеке маалыматтар (фамилиясы, аты, мурунку аттары, каймана аттары же жашыруун аттары, туулган датасы жана жери, жынысы, учурдагы жана мурдагы жарандыгы);
2) өздүгүн аныктоочу күбөлүк же паспорт (сериялык номери, жарактуу мөөнөтү, берилген датасы, берген орган, берилген жери);
3) токтоочу жерлер жана жол каттамы;
4) реадмиссияланууга тийиш болгон адамды идентификациялоо үчүн же ушул Макулдашууга ылайык реадмиссиялоо үчүн негиз болуп саналган шарттардын бар экени жөнүндө маселени изилдөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.
4. Жеке маалыматтар так болууга тийиш жана зарылдыгына жараша жаңыртылышы керек; так эмес жеке маалыматтар аларды иштеп чыгуу максаттарын эске алуу менен дароо жок кылынышы же оңдолушу ("тактык") үчүн бардык жөндүү чаралар көрүлүшү зарыл.
5. Жеке маалыматтар бул маалыматтардын субъекттерин идентификациялоого мүмкүндүк берген формада жана жеке маалыматтарды чогултуу жана андан кийин иштетүү үчүн талап кылынгандан узак эмес сакталууга тийиш; эгерде жеке маалыматтар коомдун, илимий же тарыхый изилдөөлөрдүн же статистикалык максаттардын кызыкчылыктарында архивдөө максаттары үчүн гана жана маалыматтар субъектинин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн талап кылынган тиешелүү техникалык жана уюштуруу чараларын ишке ашыруу шартында ("сактоону чектөө") иштелип чыкса, жеке маалыматтар узак убакыт бою сакталышы мүмкүн.
6. Жеке маалыматтарды берген компетенттүү орган жана жеке маалыматтарды алган компетенттүү орган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу ушул берененин жоболоруна ылайык келбеген учурларда, атап айтканда бул маалыматтар адекваттуу эмес, ишке тиешелүү эмес, так эмес болгон же аларды иштеп чыгуу максатында ашыкча болуп саналган учурларда аларды оңдоо, жок кылуу же бөгөт коюу боюнча бардык жөндүү чараларды көрөт. Бул экинчи Тарапка аталган маалыматтардын ар кандай оңдолушу, жок кылынышы же бөгөт коюлушу жөнүндө кабарлоону талап кылат.
7. Тараптардын жеке маалыматтарды алган компетенттүү органы суроо-талап боюнча жеке маалыматтарды берген компетенттүү органга берилген маалыматтардын пайдаланылышы жана алардын негизинде алынган натыйжалар жөнүндө маалымдайт.
8. Жеке маалыматтар компетенттүү органдарга гана берилиши мүмкүн. Аларды андан кийин башка органдарга берүү жеке маалыматтарды берүүчү органдын алдын ала макулдугун талап кылат.
9. Жеке маалыматтарды берүүчү жана алуучу компетенттүү органдар жеке маалыматтарды берүүнү жана алууну жазуу жүзүндө каттоого милдеттүү.
10. Жеке маалыматтар тиешелүү техникалык же уюштуруучулук чараларды ("бүтүндүк жана купуялуулук") колдонуу менен санкцияланбаган же мыйзамсыз иштеп чыгуудан жана кокустан жоготуудан, жок кылуудан же бузулуудан корголушун, анын ичинде жеке маалыматтардын тиешелүү коопсуздугун камсыз кыла тургандай иштелип чыгышы керек.
14-берене. Башка эл аралык милдеттенмелер менен катышы
Бул Макулдашуу Тараптардын эл аралык укуктук ченемдерден келип чыккан укуктарына, милдеттенмелерине жана жоопкерчиликтерине зыян келтирбөөгө тийиш.
VII бөлүм. Ишке ашыруу жана колдонуу
15-берене. Эксперттер комитети
1. Тараптар ушул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө бири-бирине өз ара жардам берүүнү камсыз кылышат. Бул максатта алар төмөнкү милдеттерди аткара турган Эксперттер комитетин түзүшөт:
1) ушул Макулдашуунун колдонулушуна мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу;
2) ушул Макулдашууну колдонууга тиешелүү маселелерди чечүү боюнча сунуштарды берүү;
3) ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштоо;
4) мыйзамсыз миграция менен күрөшүү үчүн тиешелүү чараларды иштеп чыгуу жана сунуштоо.
2. Тараптар Эксперттер комитети сунуш кылган чараларды кабыл алуу же четке кагуу укугун өздөрүнө калтырышат.
3. Комитет Бельгия Королдугунан бир өкүл, Люксембург Улуу Герцогдугунан бир өкүл, Нидерланд Королдугунан бир өкүл жана Кыргыз Республикасынан үч (3) өкүл менен толукталууга тийиш. Тараптар төраганы жана анын орун басарларын дайындашы керек. Мүчөлөрдүн орун басарлары дайындалышы керек. Эгерде зарыл болсо, Комитеттин ишине башка эксперттер да тартылышы мүмкүн.
4. Комитеттин жыйналыштары Тараптардын биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
16-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу маселелери, анын ичинде ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар Тараптардын ез ара макулдугу боюнча консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
17-берене. Түзөтүүлөр
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор өзүнчө протоколдор менен таризделет жана Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
18-берене. Аткаруу протоколу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча бардык зарыл практикалык жоболор Аткаруу протоколунда каралат. Аткаруу протоколу башкалар менен катар төмөнкүлөрдү жөнгө салууга тийиш:
1) тараптардын компетенттүү органдарын аныктоо;
2) мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын аныктоо;
3) далилдөө каражаттарын белгилөө;
4) адамдарды реадмиссиялоо же транзиттөө коштоп жүрүү менен жүзөгө ашырылуучу шарттар жана тартип.
Аткаруу протоколу ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
19-берене. Аймактык колдонуу
Нидерланд Королдугуна карата ушул Макулдашууну колдонуу Бенилюкс Башкы катчылыгына жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу Европанын чегинен тышкары жайгашкан бөлүктөрүнө жайылтылышы мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун башка Тараптарына маалымдоого тийиш.
VIII бөлүк. Корутунду жоболор
20-берене. Депозитарий
Бенилюкс Башкы катчылыгы ушул Макулдашуунун депозитарийи болот. Депозитарий күбөлөндүрүлгөн жана анык көчүрмөлөрүн бардык кол койгон мамлекеттерге жөнөтөт.
21-берене. Күчүнө кириши
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө кол койгон мамлекеттин акыркы билдирүүсүн депозитарий алган күндөн кийинки экинчи айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
2. 1-пункттагы шарттарга карабастан, эгерде акыркы билдирүү колдонуудагы дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Макулдашуу күчүнө киргенге чейин сактоого өткөрүлүп берилсе, бул Макулдашуу жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кирген күнгө чейин күчүнө кирбейт.
3. Бенилюкстун кол койгон ар кандай башка мамлекетине карата ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө билдирүүнү депозитарий алган күндөн кийинки экинчи айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
4. Депозитарий кол койгон мамлекеттердин ар бирине ушул берененин 1 жана 2-пункттарында эскертилген билдирүүлөрдү алгандыгы жана Тараптардын ар бири үчүн ушул Макулдашуунун күчүнө кирүү даталары жөнүндө маалымдайт.
22-берене. Колдонулушун токтотуп туруу жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
2. Тараптардын ар бири депозитарийге билдирүү жөнөтүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун олуттуу себептер боюнча, атап айтканда мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти же калктын ден соолугун коргоого байланыштуу себептер боюнча токтото алат, ал экинчи Тарапка бул тууралуу билдирет. Мындай чараны жокко чыгаруу жөнүндө Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз маалымдашат.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул берененин 2-пунктунда эскертилген билдирүүнү депозитарий алган айдан кийинки биринчи айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
4. Тараптардын ар бири депозитарийге маалымдоо менен ушул Макулдашуунун колдонулушун олуттуу себептер боюнча токтото алат, ал экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.
5. Ушул Макулдашуу ушул берененин 4-пунктунда эскертилген билдирүүнү депозитарий алган айдан кийинки алтынчы айдын биринчи күнүндө өзүнүн аракетин токтотот.
Муну күбөлөндүрүү үчүн ушул максатта тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген Тараптардын өкүлдөрү ушул Макулдашууга кол коюшту.
202___-жылдын "___" ______________________ шаарында кыргыз, орус, англис, голланд жана француз тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Бельгия Королдугу үчүн |
|
|
|
|
| Люксембург Улуу Герцогдугу үчүн |
|
|
|
|
| Нидерланд Королдугу үчүн |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы Уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга (Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу) аткаруу ПРОТОКОЛУ
1-берене. Компетенттүү органдарды аныктоо (Макулдашуунун 18-беренесинин 1-пункту)
1. Тараптар ушул Протокол түзүлгөн датадан тартып отуз (30) күндүн ичинде Макулдашууну ишке ашыра турган компетенттүү органдардын, экинчи Тарапта аккредитацияланган алардын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрүнүн тизмеси менен алмашат.
2. Тараптар ушул берененин 1-пунктунда эскертилген тизмедеги ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине токтоосуз маалымдайт.
2-берене. Чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын аныктоо (Макулдашуунун 18-беренесинин 2-пункту)
1. Ушул Макулдашуунун алкагында колдонулуучу чек арадан өтүү пункттары ушул Протоколдун 1-тиркемесинде белгиленген.
2. Тараптар ушул Протоколдун 1-тиркемесинде эскертилген чек арадан өтүү пункттарынын тизмесиндеги ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине токтоосуз маалымдайт.
3. Компетенттүү органдар ар бир конкреттүү учурда ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында чек арадан өтүүнүн башка өткөрүү пункттарын пайдалануу жөнүндө макулдашышы мүмкүн.
3-берене. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүчтү жиберүү (Макулдашуунун 4-беренеси)
1. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч жазуу жүзүндө электрондук почта, факс же электрондук байланыштын башка каражаттары аркылуу суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органына жиберилет.
2. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч ушул Протоколдун 2-тиркемесинде келтирилген бланкты колдонуу менен жиберилет.
3. Реадмиссиялоо жөнүндө берилген өтүнүч боюнча кененирээк маалыматтарды берүү же алуу үчүн суроо-талап берген Тарап суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органына кайрылууга тийиш.
4-берене. Өз жарандарына карата далилдөө каражаттары (Макулдашуунун 5-беренесинин 1-пункту)
1. Макулдашуунун 2-беренесине ылайык жарандыктын далили төмөнкү документтердин кайсы бири менен камсыз кылынышы мүмкүн:
1) жарактуу улуттук паспорт же анын ордуна колдонулуучу сүрөтү бар жол жүрүү документи (laissez-passer);
2) инсандыгын ырастоочу жарактуу улуттук күбөлүк;
3) жарактуу аскердик билет же ээсинин сүрөтү бар инсандыгын ырастоочу куралдуу күчтөрдүн башка күбөлүгү;
4) инсандыгын ырастоочу деңиз күбөлүгү;
5) тиешелүү адамдын жарандыгын көрсөткөн, суроо-талап алган Тарап берген жана сүрөтүн камтыган башка расмий документтер;
6) реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч берилген датага карата жарактуулук мөөнөтү бүткөн, жогоруда аталган документ;
7) визалык маалымат системасында издөөнүн жыйынтыктарынын негизинде инсандыгын ырастоо.
2. Макулдашуунун 2-беренесине ылайык жарандыктын ачык далили төмөнкү документтердин же маалыматтардын негизинде камсыз кылынышы мүмкүн:
1) ушул берененин 1-пунктунда аталган документтердин биринин көчүрмөсү;
2) тиешелүү адамдын жарандыгын аныктоого жардам бере турган башка документтер же маалыматтар, анын ичинде биометрикалык маалыматтар (деңиз китеби, айдоочунун күбөлүгү ж.б.);
3) консулдук каттоону көрсөткөн документ, жарандыгы жөнүндө маалымкат же туулгандыгын, никесин же өлгөндүгүн каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген маалымкат;
4) компаниянын күбөлүгү;
5) ушул пункттун 2-4-пунктчаларында айтылган документтердин көчүрмөлөрү;
6) күбөнүн арызы;
7) тиешелүү адамдын арызы.
5-берене. Үчүнчү мамлекеттердин жарандарына же жарандыгы жок адамдарга карата далилдөө каражаттары (Макулдашуунун 6-беренесинин 1-пункту)
1. Ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн үчүнчү мамлекеттердин жарандарын же жарандыгы жок адамдарды реадмиссиялоо суроо-талап алган Тарап далилдөө каражаты катары берген жарактуу визалардын же жашап турууга уруксаттардын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Эгерде 1-пунктта белгиленген документтердин берилиши мүмкүн болбосо, бирок суроо-талап берген Тарап үчүнчү мамлекеттин жараны же жарандыгы жок адам Макулдашуунун 3-беренесинде баяндалган реадмиссиялоо шарттарына туура келет деп олуттуу эсептесе, айкын далилдер төмөнкүдөй далилдөө каражаттары аркылуу берилиши мүмкүн:
а) 1-пунктта белгиленген документтердин көчүрмөлөрү;
б) үчүнчү мамлекеттин жаранынын же жарандыгы жок адамдын суроо-талап алган Тарап берген жарактуу визасы же жашап турууга уруксаты бар деген божомолду тастыктаган ар кандай документ, маалымат же арыз.
6-берене. Өтүнүчкө жооп (Макулдашуунун 7-беренесинин 3-пункту)
1. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүчкө жооп суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органына жазуу жүзүндө электрондук почта, факс же электрондук байланыштын башка каражаттары аркылуу жөнөтүлөт. Бул жооптун көчүрмөсү бир эле мезгилде суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө жөнөтүлөт.
2. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүчкө жооп мындай өтүнүчтү берүү үчүн колдонулуучу ушул Протоколдун 2-тиркемесинде келтирилген бланкта берилүүгө тийиш.
7-берене. Жол жүрүү документтери (Макулдашуунун 7-беренесинин 5-пункту)
1. Реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүчкө оң жооп берилген учурда Макулдашуунун 7-беренесинин 5-пунктуна ылайык кайтып келүү үчүн зарыл болгон жол жүрүү документтери реадмиссияланууга тийиш болгон адамдын атына берилиши жана суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү тарабынан беш (5) жумуш күнүнөн кечиктирбестен суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органына токтоосуз жеткирилиши керек.
2. Жол жүрүү документинин жарактуу мөөнөтү бир (1) айды түзөт.
3. Макулдашуунун 7-беренесинин 5-пунктунун негизинде, эгерде суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү оң жооп алынган датадан тартып беш (5) жумуш күнүнүн ичинде зарыл болгон жол жүрүү документтерин бербесе, анда суроо-талап алган Тарап суроо-талап берген Тарап тапшырган жол жүрүү документин пайдаланууга макул болду деп эсептелет. Тараптар бул максатта колдоно турган документтер ушул Протоколдун 3 жана 4-тиркемелеринде берилген.
8-берене. Маектешүү (Макулдашуунун 5-беренесинин 3 жана 4-пункттары)
1. Эгерде маектешүү суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлсө, анда маектешүү реадмиссиялоо жөнүндө өтүнүч алынган датадан тартып жети (7) күндүн ичинде кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
2. Эгерде маектешүүнү суроо-талап алган Тараптын делегациясы же эки тараптын макулдугу боюнча дайындалган башка эксперт жүргүзсө, анда маектешүүнү пландаштыруу башка суроо-талап берген Тарап суроо-талап алган Тараптын делегациясынын кызматын колдоно алышы үчүн өз ара макулдашылышы мүмкүн.
3. Суроо-талап алган Тарап маектешүүнү өткөргөндөн кийин үч (3) жумуш күнүнөн кечиктирбестен анын жыйынтыгы жөнүндө суроо-талап берген Тарапка маалымдоого тийиш.
9-берене. Өткөрүп берүү (Макулдашуунун 8-беренеси)
1. Суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органы суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органына пландаштырылган өткөрүп берүү жөнүндө электрондук почта, факс же электрондук байланыштын башка каражаттары аркылуу үч (3) жумуш күнүнө чейин жазуу жүзүндө маалымдоого тийиш. Бул максат үчүн ал ушул Протоколдун 5-тиркемесинде келтирилген форманы колдонот. Бул форманын көчүрмөсү суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө жөнөтүлүшү керек.
2. Эгерде суроо-талап берген Тарап реадмиссияланууга тийиш болгон адамды Макулдашуунун 7-беренесинин 4-пунктунда каралган алты (6) айлык мөөнөттүн ичинде өткөрүп берүүгө мүмкүн эмес деп тапса, анда ал суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органына бул жөнүндө токтоосуз маалымдайт. Адам иш жүзүндө өткөрүлүп берилгенден кийин дароо эле суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органы бул жөнүндө суроо-талап алган Тарапка ушул берененин 1-пунктунда каралган тартипте жана мөөнөттө жана өткөрүп берүү мөөнөттөрүнө ылайык маалымдайт.
3. Эгерде суроо-талап берген Тарап ташууну кургактыктагы же деңиз транспорту менен жүзөгө ашыруу зарыл деп эсептесе, анда суроо-талап берген Тараптын компетенттүү органдары ушул берененин 1-пунктунда келтирилген формага бул жөнүндө өзүнчө белги коёт.
4. Суроо-талап алган Тараптын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү зарыл болгон учурда коштоп жүргөн адамдарга ушул Макулдашуунун алкагында өз милдеттерин аткаруу үчүн алардын өз аймагына кирүүсүн камсыз кылуу үчүн дароо виза берет.
10-берене Транзиттөө жол-жобосу (Макулдашуунун 11-беренеси)
1. Суроо-талап берген Тарап транзиттөөгө суроо-талапты пландаштырылган транзиттөөгө чейин кеминде жети (7) жумуш күнүнөн мурда электрондук почта, факс же электрондук байланыштын башка каражаттары аркылуу суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органына жазуу жүзүндө жөнөтөт. Суроо-талап ушул Протоколдун 6-тиркемесинде келтирилген форманы колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
2. Суроо-талап алган Тараптын компетенттүү органы жоопту токтоосуз жана кандай болгон күндө да төрт (4) жумуш күнүнөн кечиктирбестен транзиттөөгө өзүнүн макулдугун, пландаштырылган убакытты, чек арадан өтүү пунктун, транспорттун түрүн жана коштоону пайдаланууну көрсөтүү менен электрондук почта, факс же электрондук байланыштын башка каражаттары аркылуу жазуу жүзүндө берет. Бул жооп ушул берененин 1-пунктунда каралган форманы колдонуу менен берилет.
3. Негизинен транзиттөө аба транспорту аркылуу ишке ашырылат.
11-берене Транзиттөө учурунда колдоо (Макулдашуунун 11 -беренесинин 4-пункту)
1. Эгерде суроо-талап берген Тарап транзиттөө үчүн суроо-талап алган Тараптын органдарынын колдоосун алуу зарыл деп эсептесе, ал ушул Протоколдун 6-тиркемесиндеги тиркелген форманын 4-пунктуна ылайык каалаган колдоонун түрүн жана мазмунун көрсөтүү менен суроо-талап жиберет.
2. Суроо-талап алган Тарап транзиттөөгө суроо-талапка берген өзүнүн жообунда суралып жаткан колдоону бере алышын көрсөтөт.
3. Эгерде тиешелүү адам суроо-талап алган Тараптын аймагына коштоп жүргөн адамдардын коштоосунда бара турган болсо, анда аны кайтаруу жана мүмкүн болгон түшүрүү бийликтин контролу астында, ошондой эле мүмкүн болгон даражада ошол Тараптын колдоосу менен жүзөгө ашырылат.
12-берене. Коштоочулардын милдеттенмелери (Макулдашуунун 11-беренесинин 3-пункту)
1. Коштоочу адамдарды суроо-талап берген Тарап дайындайт жана алар реадмиссияланууга же транзиттелүүгө тийиш болгон адамды коштоп жүрүү үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Коштоочу адамдар суроо-талап алган Тараптын аймагында жүргөн учурда кандай жагдайлар болбосун суроо-талап алган Тараптын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
3. Реадмиссиялоону жана транзиттөөнү жүзөгө ашырууда, эгерде бул суроо-талап алган Тараптын аймагында болуп жатса, коштоп жүрүүчү адамдардын ыйгарым укуктары өзүн коргоо менен чектелет. Андан тышкары, суроо-талап алган Тараптын зарыл чараларды көрүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жок болгон учурда же мындай адамдарга колдоо көрсөтүү максатында коштоп жүргөн адамдар тиешелүү адамдын качып кетүүсүн, өзүнө же үчүнчү жактарга кол салуусун же мүлккө зыян келтирүүсүн болтурбоо үчүн түздөн-түз жана олуттуу коркунучка жөндүү жана өзүнө тиешелүү түрдө жооп берүүгө укуктуу.
4. Коштоочу адамдар өз милдеттерин куралды алып жүрбөстөн жана колдонбостон, жарандык кийимчен аткарат. Аларда коштоп жүрүүгө уруксат, реадмиссиялоого же транзиттөөгө уруксатты тастыктаган документтер жана инсандыгын ырастоочу күбөлүк болушу керек.
5. Суроо-талап алган Тараптын органдары коштоочу адамдарга ушул Макулдашуунун алкагында өз милдеттерин аткарууда мындай аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу болгон өздөрүнүн кызмат адамдарына көрсөткөндөй коргоо жана колдоо көрсөтөт.
13-берене. Чыгымдар (Макулдашуунун 12-беренеси)
1. Макулдашуунун 12-беренесине ылайык суроо-талап берген Тарап тартууга тийиш болгон реадмиссиялоого жана транзиттөөгө байланыштуу суроо-талап алган Тарап тарткан чыгымдарды суроо-талап берген Tapaп берилген инвойстор боюнча компенсациялайт. Мындай инвойс суроо-талап алган Тараптын банктык маалыматтарын да камтууга тийиш.
2. Суроо-талап берген Тарап инвойсту алгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде суроо-талап алган Тараптын бардык чыгымдарын төлөшү керек.
14-берене. Тили
Тараптар бири-бири менен байланышууну англис тилинде жүргүзүшү керек.
15-берене. Тиркемелер
1. 1-6-тиркемелер ушул Протоколдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Ушул Протоколдун тиркемелериндеги ар кандай өзгөртүү Тараптардын ортосунда жазуу жүзүндө макулдашылууга тийиш жана Тараптар аныктаган датадан тартып күчүнө кириши керек.
|
| 1-тиркеме |
Чек арадан өтүү пункттары
Кыргыз Республикасы үчүн
Манас эл аралык аэропорту
Бельгия Королдугу үчүн
Брюссель улуттук аэропорту
Люксембург Улуу Герцогдугу үчүн
Люксембург аэропорту
Нидерланд Королдугу үчүн
Амстердам Схипхол аэропорту
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы Уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга (реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу) карата АТКАРУУ ПРОТОКОЛУ
РЕАДМИССИЯЛООГО ӨТҮНҮЧ (Макулдашуунун 4-беренеси жана Аткаруу протоколунун 3-беренеси) |
oТараптын өзүнүн жаранын реадмиссиялоо | oҮчүнчү мамлекеттин жаранын же жарандыгы жок адамды реадмисссиялоо |
СУРОО-ТАЛАПТЫН ДАТАСЫ: ___________________________ ДЕЛО №: _______________________
КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНДАН: (суроо-талап берген Тараптын) ___________________________________________________________________________________________________________________ Тел.: Факс: Эл. почта: |
КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНГА (суроо-талап алган Тараптын) ___________________________________________________________________________________________________________________ Тел.: Факс: Эл. почта: |
1 - РЕАДМИССИЯЛОО СУРАЛЫП ЖАТКАН АДАМДЫН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫ
ФАМИЛИЯСЫ КЫЗ КЕЗИНДЕГИ ФАМИЛИЯСЫ БАШКА АТТАРЫ (псевдонимдери ж.б.)
ЖЫНЫСЫ ТУУЛГАН ДАТАСЫ | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ | АТЫ
ТУУЛГАН ЖЕРИ СУРОО-ТАЛАП АЛГАН ТАРАПТЫН АЙМАГЫНДА АКЫРКЫ ЖАШАГАН ЖЕРИ | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ |
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК АБАЛЫ: oБойдок oНикеси бар oАжырашкан oЖесир/жесил |
|
| |
ЖУБАЙЫ ФАА Туулган датасы Жарандыгы |
_____________________________ _____________________________ _____________________________ |
|
|
ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК БАЛДАРЫ________________________________________________ (саны) | |||
Аты (аттары) | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ | Туулган датасы | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ |
2 - ДАЛИЛДЕР (Макулдашуунун 5 же 6-беренелери жана Аткаруу протоколунун 4 же 5-беренелери)
(Эскертүү: бул жерде документтердин берилген датасын, жарактуу мөөнөтүн көрсөтүү зарыл)
1. ______________________________________________________________________________________________________________________________ 2. ______________________________________________________________________________________________________________________________ 3. ______________________________________________________________________________________________________________________________ 4. ______________________________________________________________________________________________________________________________ (көчүрмөлөрү тиркелген) |
3 - СУРОО-ТАЛАП БЕРГЕН ТАРАПТЫН АЙМАГЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ ЖАШАГАНЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР
МЫЙЗАМСЫЗ ЖАШАГАНЫ БЕЛГИЛЕНГЕН ДАТА |
|
4 - ТИРКЕМЕЛЕР
ДОКУМЕНТТЕРДИН САНЫ (кыскача сыпаттамасы менен) | 1. ______________________________________________________________________________________ 2. ______________________________________________________________________________________ 3. ______________________________________________________________________________________ 4. ______________________________________________________________________________________ 5. ______________________________________________________________________________________ |
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН АТЫ-ЖӨНҮ
| МӨӨР ЖАНА КОЛ ТАМГА |
РЕАДМИССИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ СУРОО-ТАЛАПКА ЖООП (Макулдашуунун 7-беренесинин 3 жана 4-пункттары жана Аткаруу протоколунун 3-беренеси) |
ЖООП БЕРИЛГЕН КҮН:
1 - КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМ
oУРУКСАТ БЕРИЛСИН | oБАШ ТАРТЫЛСЫН |
ТЕРС ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНГАН УЧУРДА БАШ ТАРТУУНУН НЕГИЗДЕРИ
|
|
2 - ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕР
|
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН АТЫ-ЖӨНҮ
| МӨӨР ЖАНА КОЛ ТАМГА |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы Уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга (реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу) карата АТКАРУУ ПРОТОКОЛУ
КАЙТЫП КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЕВРОПА БИРЛИГИНИН СТАНДАРТТЫК ЖОЛ ЖҮРҮҮ ДОКУМЕНТИ (Макулдашуунун 7-беренесинин 5-пункту жана Аткаруу протоколунун 7-беренеси) |
Мүчө-мамлекет/Etat Membre/Lidstaat: |
|
___________________________________________________________________________________ |
|
Каттоо №/Numero d'enregistrement/Registratienr.: |
|
___________________________________________________________________________________ |
|
Документ №/Doc. Numero/Doc. nummer: |
|
___________________________________________________________________________________ |
|
Бир сапар үчүн жарактуу /Valable pour un seul voyage de/Geldig voor een eenmalige reis van |
|
___________________________________________________________________________________ |
|
Фамилиясы/Norn/Naam: _______________________________________________________________ |
|
Аты/Prenom/Voomaam: ______________________________________________________________ |
|
Туулган датасы/Date de naissance/Geboortedatum: _______________________________________ | СҮРӨТҮ |
Бою/Taille/Lengte: __________________________________________________________________ | Photo/foto |
Белгилери/Signes particuliers/Bijzondere kenmerken: |
|
___________________________________________________________________________________ |
|
Жарандыгы/Nationality/Nationaliteit: |
|
___________________________________________________________________________________ |
|
Мекениндеги дареги (эгер белгилүү болсо)/Adresse dans le pays d'origine (si connu)/Adres in het land van oorsprong (indien bekend): |
|
___________________________________________________________________________________ |
|
| Берген орган/Autorite de delivrance/Afgegeven door: _______________________________________________________________ |
Мөөр/Штамп Sceau/Cachet Zegel/Stempel | Берилген /Lieu de delivrance/Afgegeven te: _______________________________________________________________ |
Берилген күнү /Date de delivrance/Datum van afgifte: _______________________________________________________________ | |
| Кол тамга/Signature/Handtekening: _______________________________________________________________ |
|
|
Эскертүүлөр/Observations/Opmerkingen:
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы Уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга (реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу) карата АТКАРУУ ПРОТОКОЛУ
КАЙТЫП КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЖОЛ ЖҮРҮҮ ДОКУМЕНТИ (Макулдашуунун 7-беренесинин 5-пункту жана Аткаруу протоколунун 7-беренеси) |
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы Уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга (реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу) карата АТКАРУУ ПРОТОКОЛУ
ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ (Макулдашуунун 8-беренеси жана Аткаруу протоколунун 9-беренеси) |
ДАТАСЫ: ________________________________________ ДЕЛО №: _______________________
УРУКСАТ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ (датасы):
______________________________________________
КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНДАН: (суроо-талап берген Тараптын) ___________________________________________________________________________________________________________________ Тел.: Факс: Эл. почта: |
КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНГА (суроо-талап алган Тараптын) ___________________________________________________________________________________________________________________ Тел.: Факс: Эл. почта: |
1 - РЕАДМИССИЯЛОО ЖАРЫЯЛАНЫП ЖАТКАН АДАМДЫН МААЛЫМАТТАРЫ ФАМИЛИЯСЫ
ФАМИЛИЯСЫ
ТУУЛГАН ДАТАСЫ ЖАРАНДЫГЫ
ЖУБАЙЫ ФАА Туулган датасы Жарандыгы | _____________________________ _____________________________
_____________________________ _____________________________
_____________________________ _____________________________ _____________________________ | АТЫ
ТУУЛГАН ЖЕРИ | _____________________________ _____________________________
_____________________________ |
ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК БАЛДАРЫ ______________________________________________________ (саны) | |||
Аты (аттары) | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ | Туулган датасы | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ |
2 - РЕАДМИССИЯЛОО ЖАРЫЯЛАНЫП ЖАТКАН АДАМДЫН ӨЗҮНДӨ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРИ
(Эскертүү: бул жерде берилген күнүн жана жерин, жарактуу мөөнөтүн ж.б. көрсөтүү зарыл)
1. ЖОЛ ЖҮРҮҮ ДОКУМЕНТИ |
|
|
|
берилген | (датасы) ______________________________ | (жери) _______________________________________________________ | |
жарактуу мөөнөтү | (датасы) ______________________________ |
|
|
2. БАШКА (ЖОЛ ЖҮРҮҮ) ДОКУМЕНТТЕРИ | ______________________________________________________________ ______________________________________________________________ ______________________________________________________________ | ||
(көчүрмөлөрү тиркелет) |
|
| |
3 - ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ДАТАСЫ, УБАКТЫСЫ, ЖЕРИ ЖАНА ЫКМАЛАРЫ
ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ДАТАСЫ ЖАНА УБАКТЫСЫ |
|
ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ЖЕРИ |
|
ТАШУУ ЫКМАЛАРЫ
ТРАНСПОРТТУН ТҮРЛӨРҮ АВТОМАШИНА
УЧАК | АБАДА/КУРГАКТЫКТА/ДЕҢИЗДЕ*(1)
ООБА/ЖОК* КАТТОО НОМЕРИ _________________________________________________ ООБА/ЖОК* РЕЙС № _____________________________________________________________________ |
КОШТООЧУ АДАМДАР: АЛАРДЫН САНЫ АЛАРДЫН АТЫ-ЖӨНҮ | ООБА/ЖОК* _____________________________________________________________________________ 1. ___________________________________________________________________________ 2. ___________________________________________________________________________ |
РЕАДМИССИЯЛООНУ АБА ТРАНСПОРТУ АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮҮ МҮМКҮН ЭМЕСТИГИНИН СЕБЕПТЕРИ
ДЕН СООЛУГУНУН АБАЛЫ (кызыкдар адамдын макулдугу талап кылынат)
ЗАРЫЛ ЖАРДАМ
КОРГООНУН ЖЕ КООПСУЗДУКТУН ЗАРЫЛ ЧАРАЛАРЫ | _____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________
|
(*) Керексиздерин чийип салуу.
4-ТИРКЕМЕЛЕР
ДОКУМЕНТТЕРДИН САНЫ (кыскача баяндамасы менен) | 1. ____________________________________________________________________________________ 2. ____________________________________________________________________________________ 3. ____________________________________________________________________________________ 4. ____________________________________________________________________________________ 5. ____________________________________________________________________________________ | |
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН АТЫ-ЖӨНҮ
| МӨӨР ЖАНА КОЛ ТАМГА | |
|
|
|
БИЛДИРҮҮНҮ АЛГАНДЫГЫН ЫРАСТОО |
ДАТАСЫ ___________________________________________________
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН АТЫ-ЖӨНҮ
| МӨӨР ЖАНА КОЛ ТАМГА |
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) ортосундагы уруксатсыз кирген же жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга (Реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуу) карата АТКАРУУ ПРОТОКОЛУ
ҮЧҮНЧҮ МАМЛЕКЕТТИН ЖАРАНЫН РЕАДМИССИЯЛООГО СУРОО-ТАЛАП (Макулдашуунун 11-беренесинин 1-пункту жана Аткаруу протоколунун 10-беренесинин 1-пункту) |
СУРОО-ТАЛАПТЫН ДАТАСЫ: ______________________________________ № ДЕЛО: _____________________________
КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНДАН (Суроо-талап берген Тараптын) ___________________________________________________________________________________________________________________ Тел.: Факс: Эл. почта: |
КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНГА (Суроо-талап алган Тараптын) ___________________________________________________________________________________________________________________ Тел.: Факс: Эл. почта: |
1 - ТРАНЗИТТӨӨ СУРАЛЫП ЖАТКАН АДАМДЫН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫ
ФАМИЛИЯСЫ КЫЗ КЕЗИНДЕГИ ФАМИЛИЯСЫ БАШКА АТТАРЫ (псевдонимдери ж.б.)
ЖЫНЫСЫ ТУУЛГАН ДАТАСЫ ЖАРАНДЫГЫ | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ | АТЫ
ТУУЛГАН ЖЕРИ ЖОЛ ЖҮРҮҮ ДОКУМЕНТИНИН ТҮРҮ ЖАНА № | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________
_____________________________ _____________________________ _____________________________ |
2 - СУРОО-ТАЛАП БЕРГЕН ТАРАПТЫН КОМПЕТЕНТТҮҮ ОРГАНЫНЫН БИЛДИРҮҮСҮ
a. ШAPTTAP АТКАРЫЛГАН (Макулдашуунун 10-беренесинин 1 жана 2-пункттары) | b. БАШ ТАРТУУГА СЕБЕП ЖОК (Макулдашуунун 10-беренесинин 3-пункту) |
3 - ТРАНЗИТТӨӨНҮН БОЛЖОЛДУУ ЫКМАСЫ
СУРОО-ТАЛАП АЛГАН ТАРАПТЫН АЙМАГЫНА КЕЛҮҮ ДАТАСЫ, СААТЫ ЖАНА ЖЕРИ | |||
Датасы Аэропорт* Чек арадан өтүү пункту* Порт* | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ | Жери Каттам № Автоунаанын каттоо № Кеме компаниясы | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ |
СУРОО-ТАЛАП АЛГАН ТАРАПТЫН АЙМАГЫНАН КЕТҮҮ ДАТАСЫ, СААТЫ ЖАНА ЖЕРИ | |||
Датасы Аэропорт* Чек арадан өтүү пункту* Порт* | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ | Орду Каттам № Автоунаанын каттоо № Кеме компаниясы | _____________________________ _____________________________ _____________________________ _____________________________ |
ТРАНЗИТТӨӨНҮН БАШКА МАМЛЕКЕТТЕРИ ________________________________________________________________ | |||
(АКЫРЫ) БАРА ТУРГАН МАМЛЕКЕТ______________________________________________________________________ | |||
4 - КОШТОП ЖҮРҮҮ
КОШТООЧУ АДАМДАР: | ООБА/ЖОК*(2) |
АЛАРДЫН САНЫ | 1. ___________________________________________________________________________________ |
АЛАРДЫН АТЫ-ЖӨНҮ | 2. ___________________________________________________________________________________ |
МЕДИЦИНАЛЫК КОШТОО | ООБА/ЖОК* |
ТРАНЗИТТӨӨНҮ АБА ТРАНСПОРТУ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮҮ МҮМКҮН ЭМЕСТИГИНИН СЕБЕПТЕРИ | 1. ___________________________________________________________________________________ 2. ___________________________________________________________________________________ 3. ___________________________________________________________________________________ 4. ___________________________________________________________________________________ |
КОРГООНУН ЖЕ КООПСУЗДУКТУН ЗАРЫЛ ЧАРАЛАРЫ | 1. ___________________________________________________________________________________ 2. ___________________________________________________________________________________ 3. ___________________________________________________________________________________ |
ТАЛАП КЫЛЫНГАН КОЛДОО | ООБА/ЖОК* |
КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ЫКМАЛАРЫ | _____________________________________________________________________________________ |
(*) Керексиздерин чийип салуу.
5-ТИРКЕМЕ
ДОКУМЕНТТЕРДИН САНЫ (кыскача сыпаттамасы менен) | 1. ___________________________________________________________________________________ 2. ___________________________________________________________________________________ 3. ___________________________________________________________________________________ 4. ___________________________________________________________________________________ 5. ___________________________________________________________________________________ |
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН АТЫ-ЖӨНҮ
| МӨӨР ЖАНА КОЛ ТАМГА |
ТРАНЗИТТӨӨ ЖӨНҮНДӨ СУРОО-ТАЛАПКА ЖООП (Макулдашуунун 11-беренесинин 2-пункту жана Аткаруу протоколунун 10-беренесинин 2-пункту) |
ЖООП БЕРИЛГЕН ДАТА:
1 - КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМ
oУРУКСАТ БЕРИЛСИН | oБАШ ТАРТЫЛСЫН |
ТЕРС ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНГАН УЧУРДА БАШ ТАРТУУНУН НЕГИЗДЕРИ |
|
2 - ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕР (ошондой эле 3-пунктту карагыла)
|
КЫЗМАТ АДАМЫНЫН АТЫ-ЖӨНҮ
| МӨӨР ЖАНА КОЛ ТАМГА |