Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын XXII сессиясы
2019-жылдын 18-декабры № XXII/I
Сары-Ой айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен кошумча түшкөн акча каражатын Ж.Сарыков атындагы Жылан-Арык айылдык клубунун айланасына төшөө үчүн брусчатка сатып алуу жөнүндө
Сары-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Сарыков атындагы Жылан-Арык айылдык клубдун айланасына төшөө үчүн брусчатка сатып алууга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатты бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн, клуб башчысынын сунушун угуп, Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен түшкөн кошумча акча каражаттан, Ж. Сарыков атындагы Жылан-Арык айылдык клубунун айланасына төшөө үчүн брусчатка сатып алууга 31113290 беренесине 416,6 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Ж.Сарыков атындагы Жылан-Арык айылдык клубунун айланасына төшөө үчүн брусчатка сатып алууга бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу айыл өкмөттүн бөлүм башчысына (К.Султанова) тапшырылсын.
3. Аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мандат, бюджет, экономика, курулуш жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Торага: | Б.Кошалиев. |