Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын XXII сессиясы
2019-жылдын 18-декабры № XXII/III
АИД-3 айылды инвестициялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылында АРИС тарабынан сунушталган АИД-3 айылды инвестициялоо долбоорун ишке ашыруу максатында уюшулган демилгелүү топтун лидери Э. Ыбышованын сунушун угуп,
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИД-3 ири долбоорго Жылан-Арык айылында жаңы 50 орундуу бала бакчанын эмеректери, оюн аянтчасы жана тегерегин тосуу менен куруу жактырылсын.
2. АИД-3 кичи долбоорго Жылан-Арык айылынын Садыбакас уулу Медет көчөсүнө 800 метр жана Ж. Карачалов көчөсүнө 600 метр жолуна шагыл төгүү жактырылсыын.
3. Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылында АРИС тарабынан АИД-3 долбоорун ишке ашыруу максатында уюшулган демилгелүү топтун бул учурга чейин жүргүзүлгөн иши эске алынып, мындан аркы дагы АИД-3 долбоорунун ишин алып баруусу демилгелүү топтун лидери Э. Ыбышовага тапшырылсын.
4. Бул токтоммдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Өмүралиевке милдеттендирилсин.
Торага: | Б.Кошалиев. |