Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын XXII сессиясы
2019-жылдын 18-декабры № XXII/IV
Сары-Ой айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражатынан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл өкмөтүнүн админстрациялык имаратынын ичи сыртын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча сметалык баасы 3571560 (үч миллион беш жүз жетимиш бир миң беш жүз алтымыш) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Сары-Ой айыл өкмөтүнүн администрациялык имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджетинен 571560 (беш жүз жетимиш бир миң беш жүз алтымыш) сом каражаты, 2019-жылдын бюджетинен карап бөлүп, киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн планына киргизилсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктундагы каражат 2020-жылдын 1-январына калган акча каражатынан каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Өмүралиевке милдеттендирилсин.
Торага: | Б.Кошалиев. |