Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү II сессиясынын

 

2024-жылы 29-марты №4

 

“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Типтүү Регламентин  бекитүү  жөнүндө.”

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнүн иштерин уюштуруунун тартибин аныктай тургандыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Көлбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай  айыл аймагынын айылдык  кенеши

 

                                       Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Типтүү Регламенти бекитилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы

М.С. Алтыбаева