Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июну № 304
Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593, 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестри (мындан ары – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн учурда жеке жоопкерчилик тартат;
2) акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуудан кийин белгиленген тартипте бекитилет.
Акы төлөнүүчү негиздеги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана бекитилет;
3) бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен белгиленет;
4) ушул токтом төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
– мамлекеттик ишканаларга;
– өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);
–.жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактарга;
–.театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө;
- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына;
–.жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүнө.
Бул өз ара аракеттенүүнүн алкагында кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
5) маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593, 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 2-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери:
1) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин жетекчиликке алсын;
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күчүн жоготту
деп таанылган айрым чечимдеринин
тизмеги
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 26-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-августундагы № 468 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 80 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 “Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-майындагы № 259 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 160 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 406 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 639 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 769 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 177 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 552 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-июлундагы № 372 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана уруксат берүүчү документтердин реестри маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2, 3-пункттары.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 559 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 318 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-июлундагы № 406 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 496 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3, 4-пункттары.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 15 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
28. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 125 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1, 2-пункттары.
29. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 239 “Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
30. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
32. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 215 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
33. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 289 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 520 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
35. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
36. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 “Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
37. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 229 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
38. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 345 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
39. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 438 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
40. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 459 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
41. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 558 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
42. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 “Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.