Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 2-марты № XXVI / I
Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-Чакырылышынын XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Жолдошбеков Улукбек Жолдошбековичге ыйгарылсын:
2. Ардактуу атуул наамын алган жарандарга күбөлүк, төш белги жасатууга чыгымдалчу каражаттын суммасын тактап бөлүү боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К. Султановага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Өмүралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Кошалиев |