Редакцияот 29.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 29-майы № 22

Тамга айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетинин тѳрагасы Жорупбеков Таалайдын  кайрылуусу тууралуу

 

Тамга айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Жорупбековдун   кайрылуусун эске алып,  айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып, Тамга айылдык  кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз сессиясы  токтом кылат:

1.Тамга  айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Жорупбековдун кайрылуусунун негизинде жайыт комитетине чет элдик аңчылар уюмунан түшкѳн 1 481 025  (бир миллион тѳрт жүз сексен бир миң жыйырма беш) сом акча каражатынын  100 % пайызы жайыт комитетинин  банктык бет эсебине которулуп берилсин.

2.Жайыт комитетине кириштелген  акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Жорупбековго милдеттендирилсин.

3.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигининрасмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго тапшырылсын.

5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

 

 А.А. Букаров