Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII сессиясы
2020-жылдын 16-марты № XXVII / II
Сары-Ой айыл аймагында жайгашкан суу топтоочу көлмө (БСР) ди Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагында Куланак айылынан келген сууну топтоп, Жылан-Арык, Сары-Ой айылдарынын дыйкандарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында Сары-Ой айылында 100м3 көлөмүндө суу топтой турган көлмө (БСР) мамлекет тарабынан курулган.
Акыркы жылдары суу топтой турган көлмө чокмолорго толуп суунун сыйымдуулугу азайып, көлмөгө суу топтоо мүмкүн болбой дыйкан фермерлер сугат суу менен толук камсыз болбой калган.
Суу топтой турган көлмө Нарын райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан көп жылдардан бери тазаланып келген, кийинки жылдары акча каражатынын тартыштыгынан Нарын райондук суу чарба башкармалыгы көлмөнү тазалабай айыл өкмөтүнүн аймагында өзүңөр тазалагыла деген жүйөөнү айтышкан. Суу топтой турган көлмө айыл өкмөтүнүн балансында жок. Биринчиден жергиликтүү бюджеттин эсебинен тазалоо мүмкүн эмес. Экинчиден айыл өкмөт мамлекеттин каржылоосунда өзүн-өзү каржылай албайт, акча каражаты жок.
2019-жылы жеке ишкерлердин каржылоосу, суу чарба башкармалыгынын техникаларын пайдалануу менен көлмөнүн айрым жерлерин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жогоруда сугат суусуна болгон көйгөйлүү маселени четтетүү максатында Жылан-Арык, Сары-Ой айылынын дыйкан фермерлери Жогорку Кеңештин депутаттарына, суу топтой турган көлмөнү Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына кабыл алдырып, (БСР)ди тазалоону жолго коюп, суу менен камсыз болуу жагына жардам берүүнү өтүнүп кат жолдошкон.
Ушул кайрылуудан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Акматов Алмазбек Жумабековичтин өтүнүчү менен (БСР)ди кабыл алуу маселеси Кыргыз Республикасынын суу ресурстары мамлекеттик агенттиги тарабынан чечилип тиешелүү жерге байланышкан документтерди Сары-Ой айыл өкмөтү даярдап берсе, Нарын суу чарба башкармалыгы тарабынан баланска алынаары, Нарын суу чарба башкармалыгы тарабынан белгиленген, жогоруда чыгып сүйлөгөн айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алып Сары-Ой айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 1999-жылдын 13-беренесинин 1 бөлүмүнүн, 6-бөлүмчөсүнө жана 32 беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык Сары-Ой айыл аймагындагы суу топтоочу курулма 7га жер аянты менен Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын тейлөөсүнө пайдалануусуна өткөрүп берилсин.